ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Сириялык балдар YPG террордук уюмдун мажбурлоосу менен колдоруна курал алганын айтышты
Эки өспүрүм Сирия армиясынын операцияларынан кийин бошотулду. Жаштардын айтымында, уюм балдарды куралдын күчү менен чогултуп, лагерлерде кармап, катаал машыгуудан өткөргөн.
Сириялык балдар YPG террордук уюмдун мажбурлоосу менен колдоруна курал алганын айтышты
Хусам Ибрагим Касим ААга ЙПГ террордук тобу тарабынан мажбурлап жалданганын айтып берди. / AA

Террордук уюм YPGнын мажбурлоосу менен колуна курал алган жана Сирия армиясынын операциялары менен куткарлыган сириялык эки бала Анадолу агенттигине уюмдун лагерлеринде өздөрү сыяктуу бир топ баланын каалоосунун тышында кармалганын айтты.

 Сирия армисынын YPGге каршы жүргүзгөн акыркы операциялары уюмдун балдарды мажбурлоо жана күч менен өз катарына алып жаткандыгына көңүлдөрдү бурду.

Уюмдун Сирия күчтөрү менен болгон кагылышууларда каза болгондорго таандык сүрөттөрдү жарыялоосу да алардын катарына көптөгөн жашы жете элек өспүрүмдөрдүн кошулганын ортого салууда.

YPG тарабынан күч менен аскерге алынганын айткан Бекир Фейиз Белеш менен Хүсам Ибрахим Жасим аттуу эки сириялык бала болгон окуяларды Анадолу агенттигине айтып беришти.

Бекир 16 жашта, Хүсам 17 жашта жана экөө тең араб тектүү.

Алардын айтымында, 2025-жылдын декабрында Түркияга мыйзамсыз жолдор менен өтүүгө аракет кылып жаткан учурда уюм тарабынан уурдалып, кийин Айн аль-Араб шаарында колдоруна курал карматылгын.

 “Бизди Хасекеге алып барып, мажбурлап аскердик машыгуудан өткөрүштү”

Халептин Манбиж районунан болгон  Хүсамдын айтымында, Айн-аль-Арабдан Түркияга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылып жатканда, аларды чек арада YPG террористтери токтотушкан.

"Бизди Хасекеге алып барып, күч менен аскердик машыгуудан өткөрүштү. Курал менен коркутуп бармак издерибизди алышты. Бизге кысым көрсөтүп, машыгууга мажбурлашты. Бир ай бою саясий билим беришти. Ал эми аскердик машыгуу бир нече күнгө гана созулду", - деди ал.

Хүсам лагерде бир топ баланын куралдын күчү менен кармалганын кошумчалады.

«Биз менен болгон эки же үч адам 25 жаштарда эле. Калгандары 2007, 2008 же 2009-жылдары төрөлгөндөр», - деди Хүсам.

 «Лагердегилердин көпчүлүгү 18 жашка чейинкилер болчу»

Хүсам алардын кылган мамилесине каршы чыгышканда уюм мүчөлөрү аларды сабаганын айтты.

“Биз баарыбыз уруу балдарыбыз. Ал жерде биргелешип каршылык көрсөттүк. Алар баарын жерге жаткырып алып сабай башташты”, — деди.

 «Бизди машыктыргандар Хасеке арабдары эле.  Алардын арасында күрттөр да бар болчу. Лагердегилердин көпчүлүгү 18 жашка чейинкилер. Көпчүлүгү качууну каалашкан. Арабызда ливандыктар да бар эле. Бир тобу уюм тарабынан камакка алынган жана күч менен бул жерге алып келинген».

Хүсам Сирия армиясынын ушул айда Евфрат дарыясынын батыш жана чыгыш жээктериндеги операцияларынан кийин YPG мүчөлөрүнүн аймактан чыгып кетишкенин айтты.

Бул учурда алар бошотулуп, Сирия күчтөрүнө багынгандарын белгиледи.

“Үч күн бою бизге нан менен помидор гана беришти”

Ушундай эле тагдырга туш болгон 16 жаштагы Бекир да Айн ал-Арабда YPG террордук уюму тарабынан кармалып, мажбурлап аскерге алынганын айтты.

Хомс шаарынан болгон Бекир аскерге алынгандан кийин Раккадагы лагерге жөнөтүлгөнүн, андан кийин бармак издери мажбурлап алынган Хасан Дарвиш аймагына алып барышканын айтты.

“Ал жерде, Раккада бизге кысым жасап, биздин бармак издерибизди алышты. Үч күн бою нан менен помидордон башка эч нерсе беришкен жок”, — деди Бекир.

Бекир дагы Сирия армиясынын операцияларынан кийин YPG мүчөлөрү аймакты таштап кеткенде эркиндикке чыгып, Сирия күчтөрүнө багынгандыгын билдирди.

Иликте
Зеленский Россиянын Украинадагы телеканалдын имаратына дрон менен чабуул койгонун жарыялады
Смотрич: Осло келишимдери жараксыз, Батыш Шерианын А жана В аймактары аннексияланышы керек
Израиль күчтөрү оккупацияланган Батыш Шериада жүргүзүлгөн рейд учурунда бир палестиналыкты өлтүрдү
Польшада роботтор жасалма интеллектке каршы нааразылык акциясын өткөрүштү
Тышкы иштер министрлиги Младичке сөөк коюу  өткөрүлгөнүнө каршылык билдирди
Зеленский АКШ Орусия-Украина согушун басаңдатуу үчүн кадамдарды жасап жатканын айтты
Россиянын Киевге жасаган ракета жана дрон чабуулунан эки адам каза болуп, он адам жараланды
Сауд Арабиясы хуситтердин өлкөгө кол салууларынан 73 адам жаракат алганын билдирди
Улуттук аялдар волейбол командасынын Европа чемпиондугу Италиянын басма сөз беттеринде
Орусия: Германия Бонндогу Башкы консулдугубузду негизсиз шылтоо менен жапты
Президент Эрдоган Европа чемпиону болгон А Улуттук аялдар волейбол командасын куттуктады
Кыргызстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңишке жетти
Жер Ортолук деңизиндеги эң ири айлана-чөйрөнү коргоо өнөктүгү Фетхиеде башталды
Индонезиядагы жанар тоо атылып чыккандан кийин 1500дөн ашык каттам токтотулду
Стамбул аэропорту Европадагы алдыңкы ордун сактап калды