АКШ президенти Дональд Трамптын атайын өкүлү Стив Виткофф Украина менен согушту токтотууга багытталган жаңыртылган тынчтык сунушун тапшыруу үчүн Санкт-Петербургда Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугуу өткөрөрү айтылды.
Axios веб-сайтына берген маегинде аты аталбаган АКШлык расмий өкүл, Виткоффдун бүгүн Санкт-Петербургда Путин менен жолугуша турганын айтты.
Аталган кызматкер Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер да онлайн жолугушууга катышаарын жана Виткофф Путинге Украина менен 2022-жылдын февраль айынан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу боюнча жаңыртылган сунушун билдирерин маалымдады.
Жаңы сунуш "түздөн-түз үч тараптуу жана кеңири көп тараптуу сүйлөшүүлөргө жол ачат" деп үмүттөнөрүн билдирген өкүл, кечээ Норвегиядагы жолугушуу согушту токтотуу үчүн "алкактык келишим" боюнча биргелешкен сунушту иштеп чыгууга багытталганын кошумчалады.
Расмий өкүл Украина кеңири талкуулан "жаңы идеяларды жана сунуштарды билдиргенин айтып, кийинки кадамдар боюнча жумушчу деңгээлдеги талкууларда "бекем консенсуска жетишилгенин" баса белгиледи.
Виткофф кечээ Норвегиянын борбору Ослодо Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Норвегиянын премьер-министри Йонас Гар Сторе, ошондой эле Е4 өлкөлөрүнүн (Улуу Британия, Франция, Германия жана Польша), Европа Биримдигинин (ЕБ) жана НАТОнун өкүлдөрү менен жолугушкан.
АКШнын президенти Дональд Трамп Украинанын президенти Зеленскийдин Орусия менен келишим түзүүгө убакыт келгенин билдирип, "АКШ Украинага көп акча коротту, Европа да көп акча сарптады. Европа мындан тажаган абалда" деп айткан.





















