ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Президент Эрдоган: Азербайжандын Карабах жеңиши Кавказда тынчтык үчүн негизги ролду ойноп жатат
Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган Азербайжанды Карабахтагы ийгиликтери менен куттуктап, Армения менен Азербайжанды тынчтыкчыл келечек курууга чакырды.
Президент Эрдоган: Азербайжандын Карабах жеңиши Кавказда тынчтык үчүн негизги ролду ойноп жатат
Эрдоган Азербайжан жана Армения лидерлеринин конструктивдүү кадамдарын кубаттап, Кавказ аймагында туруктуу тынчтык орнотууга чакырды. / AA

Ишемби күнү Бакуда сөз сүйлөгөнпрезидент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын Азербайжан менен Армениянын ортосундагы туруктуу тынчтыкка болгон чакырыгын жана колдоосун кайталады.

Азербайжандын Карабахтагы жеңишинин беш жылдыгын белгилөө аземинде сөз сүйлөгөн Эрдоган 30 жылдык армян оккупациясынын аякташынан мактоо менен сөз кылып, мунун Кавказия үчүн бир бурулуш жери деп мүнөздөдү.

Эрдоган боштондук олуттуу адилетсиздикке чекит коюп гана тим болбостон, аймактык туруктуулук үчүн "жаңы доорду" баштаганын айтып, бардык тараптарды жеңишти туруктуу тынчтыкка айландырууга чакырды.

"Биз кек сактабайбыз жана өткөндөгү кыйынчылыктардын кайталанышына жол бербейбиз", - деген Эрдоган, согуштан кийинки мезгилди Кавказияда туруктуу тынчтыкка жетүү жолундагы маанилүү этап катары көрүшөрүн кошумчалады.

Кызматташтыкты бекемдөө

Президент Эрдоган Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Армения менен тынчтык келишимине жетүү боюнча "чын жүрөктөн жасаган аракеттерин" мактап, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын "конструктивдүү кадамдарына" жогору баа берди.

«Бул улуу жеңиш эки лидердин конструктивдүү мамилеси менен аймакта тынчтыкты жана бейпилдикти бекемдей турган узак мөөнөттүү келишимге алып келет деп үмүттөнөм», - деди Эрдоган жана Түркиянын бул процессти ар тараптан колдоого даяр экенин кошумчалады.

Эрдоган ошондой эле Карабах согушунда согушкан азербайжандык жоокерлерге жана ардагерлерге терең урматын билдирип, алардын күрөшүн «баатырдык» деп мүнөздөдү.

Президент Эрдоган Карабахтагы жеңиштин «аймактагы геосаясий тең салмактуулукту өзгөрткөнүн» айтып, Түркиянын Азербайжандын ийгилиги менен сыймыктанаарын кошумчалады.

Президент ошондой эле өсүп жаткан эки тараптуу карым - катнаштарга токтолуп, жаратылыш газы түтүктөрү жана транспорттук коридорлор сыяктуу ири энергетикалык долбоорлордун эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдегенин белгиледи.

Иликте
Франция Түркияга да ыраазычылык билдирди
Түштүк Кореянын президенти 2030-жылга чейин аскердик командирликти АКШдан алууга аракет кылууда
Аракчи: "АКШ менен жетишилген келишимди ишке ашыруудагы эң чоң тоскоолдук - бул Израиль"
Ирак Эрбилдеги кол салуулардан кийин Ирандан так расмий позицияны талап кылды
Криштиану Роналду пенсияга чыгабы?
UKMTO: "Ормуз кысыгында бир кеме соккуга кабылды"
Израиль Сириянын Идлиб облусундагы Абу Зухур аскердик аэродромуна сокку урду
Трамп Ирандын ядролук куралга ээ болушуна жол бербөө "биринчи максат" экенин айтты
Израилдин Газага чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 миң 399га жетти
Президент Эрдогандан "17-август" билдирүүсү
Филиппинде тропикалык циклон жана муссон жамгырларынын айынан 23 адам каза болду
Президент Эрдоган Аль-Жазира телеканалына маек куруп берди:
Трамп Мекке биргелешкен коргонуу келишимине кол коюлганына канааттанганын билдирди
Орусия: "Украинанын ракеталык чабуулунанан Белгород облусунда 6 адам каза болду"
Түркиянын 17 жашка чейинки кыздардан турган командасы дүйнөлүк чемпионатта күмүш медалды жеңип алды