Армениянын өз аскердик күчүн бекемдеши Азербайжанды “фронталдык чабуул согушуна” түртүшү мүмкүн

Илхам Алиев, Армения менен Батыш өлкөлөрүн Ереванды куралдандыруу аракеттерине байланыштуу катуу эскертти.

/ TRT World

Кавказда тынчтык орнойт деген үмүттөргө, Батыштын Ереванга курал-жарак жеткирүү аракеттери терс таасир этүүдө. Азербайжандын реакциясынын кандай болоору болсо чоң суроо белгисин жаратат.

Кызматын тапшырган Байдендин администрациясы жана глобалдык күн тартиби, Жакынкы Чыгыш жана Украинадагы согуштар сыяктуу кризистер менен алек болсо да, башка аймактардагы, өзгөчө Түштүк Кавказдагы көйгөйлөргө көңүл бурулбагандай.

Октябрдын биринчи жумасында Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Армения менен Батыш өлкөлөрүн тарыхый бурулушта Ереванды куралдандыруу аракеттерине байланыштуу катуу эскертти.

Алиев 2020-жылы толугу менен талкаланган жана бошотулган Жебраилдеги жаңы курулган шаарда мурда жеринен ажырагандар менен сүйлөп жатып билдирди.

Иш-чарада президент Алиев Батыш өлкөлөрүнүн Арменияга курал-жарак жөнөтүү максатынын себебин сурап «Азербайжан унчукпай жаңы курулган имараттардын кайрадан бул куралдар менен талкаланышын күтөбү»,-деди.

Ал ошондой эле Азербайжандын өз өлкөсүнүн келечектегинин коопсуздугун жана өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрөрүн баса белгиледи. Алиев «Бир жагынан алар тынчтыктан сөз кылып калп айтышса, экинчи жагынан ири куралдануу менен алектенишүүдө», - деп кошумчалады.

Сентябрда президенттин бир кеңешчиси, Ирак-Кувейт согушунан кийин Иракка киргизилген пропорционалдуу чектөөлөрдү Армениянын куралдуу күчтөрүнө киргизүүнү сунуш кылды.

Мындай чара көрүүнү негиздүү деп эсептейт, анткени Армения Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эл аралык системада коңшулаш аймактарды күч менен басып алууга аракет кылган бир нече өлкөнүн бири эле.

Азербайжандын расмий өкүлдөрүнүн бул жана ушул сыяктуу сөздөрү, Азербайжан менен Армениянын соңку кездери тынчтыкка болгон этият оптимизмине таасир этүүдө. Бирок бул билдирүүлөр олуттуураак жана чындап көңүл бурууга татыктуу.

Тынчтык жолу менен чечүү үмүттөрүнө сүйлөшүүлөрдүн жай темпи жана Армениянын уланып жаткан куралдануусу коркунуч туудурууда. Азербайжан ММКлары Арменияга курал-жарак жеткирилгенин байма-бай жарыялап турса, азербайжандык адистердин көбү Армениянын курал-жарак топтоо жана ыктымалдуу реваншизм үчүн убакытты утуп алуу максатында сүйлөшүүлөргө атайылап бөгөт болгонуна ишенишет.

Мындан тышкары башка карама-каршылыктар да бар. Армения Азербайжандын аскерий бюджети ИДПнын 14-15% жетти деп айтып, Ереван өзү аскерий сарптоолорун былтыркыга салыштырмалуу 46% көбөйтүп, курал-жарак боюнча аракеттерин дагы да бекемдөөдө.

Глобалдык көрүнүштүн татаалдыгына карабастан, Армения курал-жарактарды бири-бирине карама-каршы келген башка региондордогу булактардан сатып алууга жетишкен.

Франциядан Цезарь гаубицасы жана АКШдан аскерий жардам алгандан тышкары, Иран Интернешнл июль айында Тегеран менен Еревандын 500 миллион долларлык олуттуу курал-жарак келишимине кол койгонун кабарлады.

Анын үстүнө Армения ЖККУнун мүчөсү катары Орусиядан да чабуул коюучу аскердик техникаларды алууну улантты.

Алгач Азербайжан сокку урабы?

Армения провокациялык курал-жарак камсыздоосун арттырып жатканда, Азербайжан фронталдык чабуулга азгырылышы мүмкүн.

Ал тургай ЕККУнун Минск тобунун мурдагы америкалык теңтөрагасы Жеймс Уорлик Армениянын Франциядан курал-жарак сатып алуусунун тынчтык келишимине кол коюуга аз калганда Армения менен Азербайжандын ортосундагы мамилени кыйындатканын билдирди.

Уорликтин айтымында, Франция Армения менен курал-жарак боюнча кандайдыр бир келишимди тынчтык келишиминен кийин гана бүтүрүшү керек.

"Фронталдык чабуул согушу" түшүнүгү АКШнын Иракка жана Ооганстанга басып киришине чейин Буштун администрациясы тарабынан улуттук коопсуздук саясатына киргизилгенде бир аз бурмаланган, бирок ал "коргоочу согуштан" айырмаланып турат.

Негизги айырмачылык убакытта: фронталдык чабуул согушу жакын арадагы коркунучтарды чечет, ал эми коргоочу согуш узак аралыктагы потенциалдуу коркунучтарды бутага алат. Бул айырма абдан маанилүү, анткени көп адамдар экөөнү чаташтырышат.

Фронталдык согуш жалпысынан “зарылчылыктын согушу” катары каралып, жакынкы коркунучтун ишенимдүү далилдерине негизделген жана эл аралык укуктун, атап айтканда БУУнун Уставынын 51-беренесинин негизинде акталган.

Коргоочу согуш, тескерисинче стратегиялык эсептөөлөрдөн келип чыккан "тандоо согушу" катары каралат жана жалпысынан азыркы окумуштуулар тарабынан мыйзамсыз агрессия катары бааланат.

Армениянын куралдануу аракеттери жана тынчтык келишими болбостон Азербайжандын ар кандай аскердик аракети коргонуу эмес, фронталдык чабуул болуп эсептелет.

Бул Армениянын 30 жыл бою эл аралык аренада таанылган Азербайжан аймактарын оккупациялоосу менен дагы да бекемделүүдө; Бул оккупация Еревандын 2020-жылдагы согушта жеңилиши менен гана аяктады, ыктыярдуу түрдө чыгып кетүү менен эмес. Ошондуктан эл аралык укукка ылайык, Экинчи Карабах согушу БУУнун Уставынын 51-беренесине ылайык өзүн-өзү коргоо актысы эле.

2020-жылдагы согуштан кийин президент Алиев эгер Азербайжан Армения тараптан кандайдыр бир коркунучтарды байкаса, Армениянын аймагындагы бул коркунучтарды жоюу үчүн чара көрөрүн бир нече жолу эскерткен.

Бирок ошол эле учурда Азербайжандын Арменияга кол салуу планы жок экенин баса белгилеп, үчүнчү согуштун болбой туганы жөнүндө ишеним берди.

Жаңы бөлүм

Мыйзамдуу аскердик буталарга фронталдык чабуулдар Азербайжан менен Армениянын ортосундагы узакка созулган жаңжалда жаңы баракты ачышы мүмкүн. 

Буга чейин бардык аскердик операциялар Азербайжандын эл аралык коомчулук тарабынан таанылган аймагында болду, бул операцияларга байланыштуу бардык кыйроолор жана трагедиялар менен бирге.

Бирок келечектеги чыр-чатактар Армениянын аймагында ​​чыгышы мүмкүн. 2020-жылдагы согуш учурунда Азербайжан армиясы Армениянын таанылган аймагына кирүүдөн алыс болгон жана операцияларын Азербайжандын чек араларынын ичинде гана чектеген.

Ошондой эле армяндар жыш жашаган жана карапайым калкты коргоо үчүн Орусиялык бейпилдик күчтөрү жайгашкан Карабахтагы аймактарга кирбөөгө аракет кылган.

Аскердик мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан, Азербайжан жарандардын курмандыктарын болтурбоо үчүн бул аймактардан алыс болууну туура көрдү.

Мындан тышкары, 2020-жылдагы согушта Азербайжандын операциялары тарыхый жактан азербайжандыктар басымдуу болгон аймактарга гана багытталды.

Армениянын таанылган аймагындагы сокку, жарандык аймактардан алыс жайгашкан аскердик бутага каршы урулган. 2020-жылдын 14-октябрында Азербайжан Армениядагы ракеталык системаны жок кылды; бул ракета системасы Азербайжан жарандарын бутага алган.

Бул сокку ракеталык система Гянджа, Барда жана Караюсуфли сыяктуу кагылышуу аймагынан алыс жайгашкан шаарларды бутага алып, көп сандаган жаранды өлтүрүшүнөн кийин жаңы чабуулдарды баштаганга чейин болгон.  

Бул кол салуулар эл аралык тыюу салынган кассеталык бомбаларды жана SCUD-B ракеталарын колдонууну камтыган.

Кийинчерээк Хьюман Райтс Уотч уюму армян күчтөрү жаңжал учурунда азербайжандык жайкын тургундарга баш аламан кол салууларды жасаганын ырастады.

ЖККУнун коопсуздук чатырына таянган Армения кагылышуу аймагынан алыстагы калктуу конуштарга жасалган чабуулдарынын жазаландырылбай турганын, анткени Азербайжандын жооп кайтара албай турганын же кандайдыр бир жооп кайтаруунун Орусиянын өнөктөшүн коргоо үчүн кийлигишүүсүнө түртөрүн ойлогон.

Азыр болсо Армениянын куралдануусун улантуу менен Батыштан колдоо алуу максатында Азербайжан менен Батыштын ортосунда кагылышууларды чыгарууну максат кылгандай көрүнүүдө.

Экинчи Карабах согушунан кийин Азербайжандын Армениянын таанылган аймагындагы жалгыз фронтталдык чабуулу 2022-жылдын 12-сентябрында болгон.

Ошол кезде азербайжандык аскерлер Армениянын ичкерсинде 1 миллиард доллардан ашык суммага бааланган армян аскерий инфраструктурасын карапайым калкка зыян келтирбестен так башкарылган ок-дарылар менен талкалашкан.

Ал кезде бул инфраструктура Азербайжандын аялуу жана жаңыдан бошотулган Калбажар жана Лачин аймактарына чоң коркунуч туудурган.

Азербайжандын негизги кооптонуусу эки нерсе: Франциянын, Индиянын, Ирандын жана АКШнын колдоосу менен Армениянын милитаризациясы жана Армениядагы реваншисттик маанайдын күчөшү.

Азербайжан бийлиги менен маалымат каражаттары армян коомчулугун да, Армениянын чет элдик колдоочуларын да катуу эскертишти.

Өз ара терең ишенбөөчүлүктөн улам Азербайжан Армениянын Карабах боюнча эч кандай жашыруун планы жок экенине кепилдик алуу үчүн эки негизги талапты белгиледи: Биринчиден, Армения Конституциясынан аннексия беренесин алып салышы керек. Экинчиден, Минск тобун таркатууга эки өлкө биргелешип кайрылышы керек.

Азербайжан Арменияга эле эмес, Батышка да ишенбейт.

2020-жылдагы согушка чейин эле Азербайжанда Карабах чатагына байланыштуу Батыштын либералдык эки жүздүүлүгүнө карата күчтүү ишеним бар болчу.

Бул сезим Армениянын куралдануусу жана Франция, АКШ сыяктуу өлкөлөрдөн алган колдоосу менен дагы да күч алды.

Азербайжанды айыптоо жана эскертүү бир нерсе, бирок Азербайжандын аймагын оккупациялап алган өлкөгө курал-жарак берүү – бул аймакта тынчтыкты жана ишенимди бекемдөөгө анча деле жардам бербейт.

Эгерде Батыш чындап эле Арменияны Азербайжандын «ойдон чыгарылган чабуулунан» коргоону кааласа, анда курал менен камсыздоого караганда алда канча эффективдүү коргонуу каражаттары бар.