САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Россия менен Украина Стамбулда тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн кийин эң чоң туткун алмашуу келишимин түздү
Украинанын коргоо министри Рустем Умеров Фидандын ортомчулугу менен Стамбулда өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин согуш башталгандан бери эң чоң туткун алмашуунун ишке ашаарын билдирди. Эки тараптан тең 1000ден туткун өткөрүлүп берилет.
Россия менен Украина Стамбулда тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн кийин эң чоң туткун алмашуу келишимин түздү
/ AA

Украинанын коргоо министри Рүстем Умеров жума күнү берген билдирүүсүндө Россия менен Украинанын эки өлкөнүн арасындагы кагылышуулар башталгандан бери эң чоң согуш туткундарын алмаштырууну ишке ашыруу боюнча келишкендерин жарыялады.

Рүстемов Стамбулда пресс  - жыйын өткөрүп, бул келишимдин жыйындын эң маанилүү жыйынтыгы болгонун баса белгиледи жана алмашуу үчүн бир күндүн белгиленгендигин бирок азыркы учурда билдирилбей тургандыгын айтты.

 

«Жыйын аяктады. Ок атышпоо жана туткундарды алмаштыруу тууралуу сүйлөштүк. Азыркы учурда  1000 туткундун  1000 туткун менен алмаштырылышы тууралуу келиштик. Жыйындын жыйынтыгы ушундай»,- деди.

"Жалпысынан канааттандыруучу"

Украина менен өткөрүлгөн жолугушууларда орус делегациясына жетекчилик кылган Владимир Мединский Москванын жыйынтыктан «жалпысынан канааттангандыгын» жана жолугушуулардын улантыларын айтты.

Тышкы иштер министрлигинин билдиргенине караганда тышкы иштер министри Хакан Фидан Долмабахче сарайында өткөн жана 1 саат 45 минутага созулган жолугушууга жетекчилик кылды.

Түркиянын делегациясында Улуттук Чалгындоо Уюмунун жетекчиси Ибрахим Калын да орун алды.

Фидан ачылыш сөзүндө Россия жана Украина делегацияларына, ошондой эле түрк арачыларына кайрылып: "Тынчтык жолунда алдыга жылуу үчүн бул мүмкүнчүлүктү пайдаланышыбыз керек. Күн сайын кечигүү дагы көп адамдын өлүмүнө алып келүүдө", – деди.

Орус делегациясына Россиянын президенти Владимир Путиндин орун басары Владимир Мединский жетекчилик кылды. Делегацияда тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин, Аскердик чалгындоо уюмунун башчысы Игорь Костюков, коргоо министринин орун басары Александр Фомин жана башка расмий жетекчилер да орун алды.

Украина делегациясын Украинанын коргоо министри Рүстем Умеров жетектеди. Делегациянын курамына тышкы иштер министринин орун басары Сергий Кыслица, коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Александр Поклад, тышкы чалгындоо кызматынын башчысынын орун басары Олег Луговский, президенттик аппараттын кеңешчиси Александр Бевз жана башка расмий жетекчилер кирди.

 

Иликте
Израиль оккупацияланган Батыш Шериадагы айылга баруучу акыркы жолду жаап, 47 үй-бүлөнү обочолонтту
Президенттик кубоктогу чоң беттеш ТРТ 1 каналынан көрсөтүлөт
Президент Эрдогандын Ардагерлер күнүнө карата куттуктоосу
АКШ Украинага 2,68 миллиард долларга абадан коргонуу жабдууларын сатууну бекитти
Путин: "Киев администрациясынын сүйлөшүү ниети жок"
Трамп Си менен "абдан жемиштүү" жолугушуу өткөрүүдөн үмүттүү
Израиль армиясы үч жылдык согуштан кийин жоокерлердин жана жабдуулардын жетишсиздигине туш болууда
Россия Украинага курал-жарак жеткирүү көбөйгөнүнө байланыштуу британ дипломатын чакырды
Эрдоган: "Стамбул аэропортунун төртүнчү учуп-конуу тилкеси дүйнөлүк байланышты жогорулатат"
Эрдоган: «Түркияны дүйнөдөгү эң кеңири аба каттамдары тармагына ээ өлкөлөрдүн бирине айландырдык"
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда
Конго Демократиялык Республикасында эболадан каза болгондордун саны 3577ге жетти
Пакистанда мечитке жакын жерде жардыруу болду: 15 киши каза болуп, 50дөн ашык киши жаракат алды
Скандинавия аба жолдору Израилге каттамдарды кайрадан жандандыруу планын жокко чыгарды