ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Түркиянын президенти Эрдоган Израилдин Газага бараткан флотилияга кол салуусун айыптады
Эрдоган: «Геноцидчи Нетаньяху өкмөтүнүн тынчтыкты орнотуу мындай турсун, ушундай бир ыктымалдуулукка да чыдай албасы байкалды»,-деди.
Түркиянын президенти Эрдоган Израилдин Газага бараткан флотилияга кол салуусун айыптады
Түркиянын президенти Эрдоган Израилди айыптады / AA

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган, Газага гуманитардык жардам жеткирүү үчүн бараткан Глобалдык Сумуд флотилиясына жасалган Израилдин "бандитизмин" айыптады.

Эрдоган бейшемби күнү Адилеттик жана өнүгүү (АК) партиясынын облустук жетекчилеринин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө, Израилдин эл аралык сууларда жайкын тургундарга кол салуусу "Газадагы кылмыштарын жашырууга аракет кылган акылсыздыгын дагы бир жолу далилдеди” деп билдирди.

"Геноцидчи Нетаньяху өкмөтүнүн тынчтыкты орнотуу мындай турсун, ушундай бир ыктымалдуулукка да чыдай албасы байкалды", - деп кошумчалады.

Түркиянын президенти "Глобалдык Сумуд флотилиясы дүйнөгө Газадагы зомбулукту жана Израилдин канкор жүзүн дагы бир жолу көрсөттү" деди.

Эрдоган: "Биз палестиналык бир туугандарыбызды жалгыз калтырбайбыз жана ок атышууну токтотуп, тынчтыкты калыбына келтирүү үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз" деп айтты.

Түрк жетекчилери флотилияга байланыштуу окуяларды кылдаттык менен байкап жатышканын жана кемедеги түрк жарандарына эч кандай зыян келтирилбеши үчүн чара көрүшкөнүн билдирди.

Иликте
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"
Эрдоган НАТО ичиндеги коргонуу боюнча кызматташтыкка карата чектөөлөрдү жоюга чакырды
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды