Австралиянын полициясы Бондидеги кылмышкерди терроризм жана 15 кишини өлтүрүү боюнча айыптады
Полиция кол салган кишинин сотто мүмкүн болушунча катаал жаза алышын камсыз кылууну пландап жатат.
Полиция Австралияда акыркы жылдардагы эң кандуу кол салуу катары катталган Бонди окуяларынын артында турган куралчан киши Навид Акрамды терроризм, 15 адамды өлтүрүү жана башка бир катар кылмыштар боюнча айыптады.
Жаңы Түштүк Уэльс штатынын полициясы шаршемби күнкү билдирүүсүндө: "Полиция сотто бул киши диний максатта өлүмгө алып келүүчү, оор жаракат жана өмүргө коркунуч туудурган жүрүм-турум менен коомчулукта коркуу сезимин жаратууга аракет кылганын далилдейт. Алгачкы жыйынтыктар Австралияда террористтик уюмдардын тизмесиндеги ДЕАШтан шыктанган террордук чабуулду көрсөтүп турат", - деп билдирди.
Жетекчилердин айтымында, Навид менен атасы Сажид Акрам жекшемби күнү кечинде Сиднейдин атактуу Бонди пляжындагы жөөт фестивалында ок чыгарып, 15 адамды өлтүрүштү жана ондогон адамдарды жарадар кылышты.
Навид кол салуу учурунда полиция тарабынан оор жаракат алган, ал эми жергиликтүү маалымат каражаттары анын шейшемби күнү кечинде комадан ойгонгонун билдиришкен. Сажид Акрам болсо полиция менен атышууда өлтүрүлгөн.
Полициянын маалыматына караганда, Навидге дагы 40 башка айып тагылды, анын ичинде өлтүрүү ниети менен денеге оор залал келтирүү жана тыюу салынган террордук уюмдун символун коомчулукка көрсөтүү боюнча да айыпталууда.
Навидге катталган жана пляждын жанында токтоп турган унаадан эки колго жасалган ДЕАШ желектери табылган.
Навед азырынча ооруканада жатат жана полициянын айтымында, шаршемби күнү ал соттук отурумга аудиовизуалдык байланыш аркылуу катышат.