Израилдин Ливандын түштүгүнө кол салуусунан 22 киши каза тапты

Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги бул тууралуу маалымат бөлүштү.

Израилдин Ливандагы кол салуулары / AA

Израиль аскерлери Ливандын түштүгүндө согуштан улам жер которгон карапайым калк үйлөрүнө кайтууга аракет кылып жатканда ок чыгарды. Окуяда 22 киши каза болуп, 124ү жарадар болду.

Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги: «Биздин жарандар дагы эле басып алынган айылдарына кайтууга аракет кылып жатышканда, душман Израилдин кол салуусунан 22 адам, анын ичинде алты аял жана бир аскер набыт болуп, чек арадагы 19 шаар жана кыштактан жалпысынан 124 адам жарадар болду», - деп айтылды.