ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Пекин Филиппинди эскертти: Тайванга аралашпа, "от менен ойноодон" алыс бол
Маркос Жр Кытай менен АКШнын ортосунда Тайванга байланыштуу кандайдыр бир чыр-чатак чыга турган болсо, өлкөсүнүн буга кайдыгер кала албасын айткандан кийин Пекин каршылык көрсөттү.
Пекин Филиппинди эскертти:  Тайванга аралашпа, "от менен ойноодон" алыс бол
/ AP

Кытай жума күнү Филиппиндин президенти Фердинанд Маркос Жуниорду Тайвань боюнча айткан сөздөрүнө байланыштуу "от менен ойнобо” деп эскертти.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасап, дүйнөдө бир гана Кытай бар экенин жана Тайвандын Кытайдын ажырагыс бөлүгү экендиигн баса белгиледи.

Билдирүүдө: "Биз Филиппинди бир Кытай принцибин жана Кытай-Филиппин дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндөгү биргелешкен коммюникенин рухун чын жүрөктөн карманууга жана Кытайдын негизги кызыкчылыктарын кызыктырган темаларда от менен ойнобоого чакырабыз", - деп айтылды.

Кытайдын реакциясын Филиппин президентинин Кытай менен АКШнын ортосунда Тайвань тууралуу чыр - чатак чыга турган болсо, Филиппиндин географиялык жайгашуусу жана аралда жашаган Филиппин жарандарынан улам тарапсыз калбай турганын айтуусунан кийин билдирди.

Маркос Индияга болгон сапары учурундагы маектеринде Тайвань кысыгындагы кагылышуунун гуманитардык маселеге айланарын жана өлкөсүнүн жарандарын эвакуациялоо үчүн бардык ресурстарды мобилизациялоого мажбурлай тургандыгын билдирген.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Тайвань маселесинин Кытайдын ички маселеси экенин жана "башкалардын кийлигишүүсүнө жол берилбей турганын" баса белгиледи.

"Тайвань маселесин кандай чечилери бир гана Кытай элинин кызыктырат жана башкалардын кийлигишүүсүнө жол берилбейт", – деп билдирди министрлик.

Пекин Филиппин лидерлеринин Кытайга өлкөлөрүнүн бир-Кытай саясатын бекем карманарын ачык билдиргендерин, бирок Филиппиндин бул убадасынан кайтканын "кесепеттерин эске албастан, туура эмес жана чагымчыл сөздөр менен аракеттерин улантып жатканын" айтты.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги жана Маниладагы Кытай элчилиги да бул маселе боюнча расмий демилгелерди көтөрүштү.

Иликте
Эрдоган: "Стамбул аэропортунун төртүнчү учуп-конуу тилкеси дүйнөлүк байланышты жогорулатат"
Эрдоган: «Түркияны дүйнөдөгү эң кеңири аба каттамдары тармагына ээ өлкөлөрдүн бирине айландырдык"
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда
Конго Демократиялык Республикасында эболадан каза болгондордун саны 3577ге жетти
Пакистанда мечитке жакын жерде жардыруу болду: 15 киши каза болуп, 50дөн ашык киши жаракат алды
Скандинавия аба жолдору Израилге каттамдарды кайрадан жандандыруу планын жокко чыгарды
Филиппин: Мектепте болгон атышуудан эки окуучу каза болду
Бразилиянын лидери Трампты президенттик шайлоого кийлигишпөө жөнүндө эскертерин айтты
Африкада жаңы океан пайда болот
Орусия: Украинадагы согуштун көлөкөсүндө парламенттик шайлоо өткөрүлүүдө
Газада Израиль тарабынан талкаланган конуштан дагы 12 сөөк табылды
Кофенин жыты маанайды жана мээ толкундарын өзгөртө алары аныкталды
Трамп Польшада АКШнын базасын түзүү боюнча маанилүү ийгиликтерге жетишилгенин жарыялады
Словакиянын премьер-министри Фицо "Европа боюнча аскердик кагылышуу" тууралуу эскертти