БУУ: Селдер Газа калкынын 40 пайызына коркунуч туудурууда

OCHA БУУнун топтору сел эскертүүлөрүнө биргелешип тез чара көрүү системасын түзгөнүн билдирди.

By
Болжол менен 850 000 адам жашаган 760тан ашык конуш эң жогорку сел коркунучунда турат. / AP

Катуу жаан-чачын ансыз да оор болгон шарттарды ого бетер начарлатып жаткандыктан, Бириккен Улуттар Уюму Газадагы жүздөгөн жер которгон жарандар жашаган турак жай аймагындагы катуу селдин аймактын калкынын дээрлик жарымын коркунучка кептегенин эскертти.

БУУнун өкүлү Фархан Хак бейшемби күнү өткөрүлггөн басма сөз жыйынында Гуманитардык иштерди координациялоо кеңсесине (OCHA) шилтеме жасап "Катуу жааган жамгырдан улам чатырларды суу каптады, адамдардын буюмдары суу болду, ден соолукка коркунучтарды, анын ичинде ымыркайлардын гипотермиясын жана канализациянын ашып кетишинен келип чыккан ооруларды көбөйттү", - деди.

Ал жердеги топтор сел эскертүүлөрүнө биргелешип тез чара көрүү системасын түзүшкөнүн айткан Хак, БУУнун агенттиктери жана бейөкмөт уюмдар Газада чатырларды, брезенттерди, жылуу кийимдерди, жууркандарды жана гигиеналык комплекттерди таратып жатканын билдирди.

Хак ошондой эле аймакта түзүлгөн тез чара көрүү системасы бейшемби күнү эртең менентен бери "160тан ашык сел эскертүүсүн" бергенин маалымдады.

Хак: "Сел тобокелдиктерин талдоого караганда, болжол менен 850 000 адам жашаган 760тан ашык конуш эң жогорку сел коркунучунда турат. Бул Газа калкынын болжол менен 40 пайызын түзөт", - деп билдирди.

Хак "чоң муктаждыктар" бар экенинине басым жасап, "гуманитардык операцияларга коюлган чектөөлөрдү жеңилдетүү же алып салуу керек" деп билдирди. Ошондой эле "Газага көбүрөөк жардам жеткирүү" зарылдыгын баса белгиледи.

Израилдин кыргынынан аман калгандар жашаган миңдеген чатырлар шаршембиден бери суу астында калды; төшөнчүлөр, кийим-кече жана азык-түлүк запастары суу болуп, жүздөгөн палестиналык үй-бүлөлөр жылытуусуз жана баш калкалоочу жайсыз суукка кабылышты.

Мурунку маалыматтарга ылайык, Израилдин эки жылдык геноциди учурунда Газанын инфраструктурасы талкалангандан кийин палестиналыктардын эң негизги турак жай муктаждыктарын канааттандыруу үчүн болжол менен 300 000 чатыр жана курама үйлөр керек.

БУУнун эсептөөсүнө караганда, Газаны кайра курууга болжол менен 70 миллиард доллар кетет.

2023-жылдын октябрь айынан бери Израиль Газадагы кыргынында 70 миңден ашык палестиналыкты, көбү аялдар жана балдарды өлтүрдү.