ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Эрдоган: «Түркия террорду аймактын күн тартибинен чыгаруу үчүн чечкиндүү кадамдарды таштоодо»
Президент Эрдоган БАЭ лидери менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө «Террордон арылган Түркия» максатына карай аракеттердин чечкиндүүлүк менен улана турганын белгилеп, стратегиялык өнөктөштүк жана аймактык тынчтык демилгелерине токтолду.
Эрдоган: «Түркия террорду аймактын күн тартибинен чыгаруу үчүн чечкиндүү кадамдарды таштоодо»
Коммуникация башкармалыгы билдиргендей, сүйлөшүү учурунда Эрдоган бул аракеттердин чечкиндүүлүк менен улана турганын айтты. / AA

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган, Бириккен Араб Эмирликтеринин президенти шейх Мохамед бин Заид Аль Нахайян менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Түркиянын «Террорсуз Түркия» демилгеси менен терроризмди улуттук жана аймактык күн тартибинен чыгаруу багытында маанилүү кадам таштаганын айтты.

Президентиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда, жекшемби күнкү телефон сүйлөшүүсүндө Эрдоган бул багыттагы аракеттердин чечкиндүүлүк менен улана турганын айтты.

БАЭнин президенти Аль Нахайян Түркиянын максатынын аймактык коопсуздукка олуттуу салым кошо турганын белгилеп, процесстин ийгиликтүү аякташын каалады.

Эрдоган Түркия менен БАЭнин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн бардык тармактарда оң натыйжаларды бергенин жана өзгөчө коргонуу өнөр жайы жана жаңы технологиялар боюнча чоң потенциалга ээ экенин баса белгиледи.

Сүйлөшүү учурунда Эрдоган Абу-Дабиде башталган Азербайжан-Армения тынчтык сүйлөшүүлөрүн жакындан байкап жатышкандарын жана Кавказда туруктуу тынчтыкты орнотуу үчүн бардык конструктивдүү демилгелерди колдоону уланта тургандарын белгиледи.

Иликте
Кытайдын Сычуань провинциясында үйдүн дубалы кулап, беш адам каза болду
Иран парламентинин төрагасы Калибаф Иракка сапарын Сүлейманинин эстелигин зыярат кылуу менен баштады
Индиянын Батыш Бенгалия штатындагы мейманканадагы өрттөн тогуз адам каза болду
Британияда сальмонеллез оорусунан 1 адам каза болуп, 207 учур катталды
Катар Газадагы ок атышууну токтотуу келишиминин толук аткарылышы үчүн кысымын күчөтүүдө
БУУ Газанын  2025 -  жылы да гуманитардык жардам кызматкерилери каза болгон аймак болгонун билдирди
Сирияда газ жеткирген газ түтүгүндө жарылуу болду
Лавров Россия менен Түндүк Кореянын жаңы көп полюстуу дүйнөлүк тартипти издеп жатканын айтты
Түркия 2026–2030-жылдарда глобалдык ЖИ борбору болуу максатындагы жол картасын жарыялады
Австралия менен Япониянын коргоо министрлери терең аскердик кызматташтык тууралуу сүйлөштү
Филиппиндеги  мектепте болгон куралдуу кол салууда  төрт адам каза болду
Украина Орусиянын чабуулдарына каршы бир нече жумадан бери Patriot ракеталарын колдоно албай жатат
Франция Түркияга да ыраазычылык билдирди
Түштүк Кореянын президенти 2030-жылга чейин аскердик командирликти АКШдан алууга аракет кылууда
Аракчи: "АКШ менен жетишилген келишимди ишке ашыруудагы эң чоң тоскоолдук - бул Израиль"