ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Путиндин өкүлүнүн айтымында Европа Киевди тынчтыктан алыстатууда
Россиянын АКШдагы атайын өкүлү Кирилл Дмитриев Батыш державаларынын Россия-Украина кагылышуусунун уланышын каалап жатканын айтып, Москванын дипломатиялык жол менен чечүүгө жана Вашингтон менен диалогго даяр экенин баса белгиледи.
Путиндин өкүлүнүн айтымында Европа Киевди тынчтыктан алыстатууда
Кирилл Дмитриев / Reuters

Россиянын президенти Владимир Путиндин АКШдагы атайын өкүлү Киевдин Москва менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн Улуу Британиянын жана башка Европа өлкөлөрүнүн талабы боюнча кечиктиргенин билдирди. Бул билдирүү Россиянын ТАСС маалымат агенттигинин маалыматы боюнча, өкүлдүн Вашингтонго болгон сапары учурунда жасалды.

Россиянын түздөн-түз инвестициялар фондунун (РТИФ) башчысы Кирилл Дмитриев журналисттерге Украинанын "чечилиши керек болгон топтолгон көйгөйлөрдү чечүүгө даяр эмес" эмес экендигин билдирди.

Дмитриев Россияга каршы санкциялар сыяктуу чектөөчү чаралар жөнүндө да сөз кылды. Ал мурдагы президент Жо Байден администрациясынын бул куралдарды абдан көп колдонгонуна карабастан, Россияны стратегиялык жактан жеңилүүгө же изоляцияга алып келе албаганын белгиледи.

АКШнын атайын өкүлү Стивен Виткофф менен боло турган жолугушууга токтолгон Дмитриев Россиялык каршы санкциялардын ч жеңилдетили тууралуу маселени күн тартибине алып келүүнү пландабаганын айтты.

Ал азыркы АКШ администрациясынын Россиянын позициясын түшүнүүгө кызыкдар экенин, бирок Москва менен Вашингтондун мамилелерин нормалдаштыруу идеялары көп тараптан каршылыкка туш болуп жатканын кошумчалады. Лондон жана Европадагы либералдык чөйрөлөрдүн диалогду үзгүлтүккө учуратуу жана Россияны “душман” катары көрсөтүү үчүн активдүү иштеп жатканын белгиледи. Ал эми АКШнын аскердик-өнөр жай комплексинин да жакындашууга каршы чыкканын айтты.

Польшанын Россияга карата аба мейкиндигин бузгандыгына байланыштуу айыптоолоруна токтолгон Дмитриев Москванын бул маселени талкуулоого даяр экенин айтты. Россия менен АКШнын миграциялык процесстер боюнча бирдей көз караштарга ээ экендигин жана Европанын миграциялык саясатын “кыйратуучу” каатры көргөндөрүн белгиледи.

Дмитриев АКШда Россияга карата терс мамиленин кеңири жайылганын айтып, USAID тарабынан Россиянын эл аралык аброюн түшүрүүгө жумшалган миллиарддаган долларга көңүлдөрдү бурду.

Бирок, ал адамдардын "жалган баяндардан" тажаганын белгилеп, дүйнө жүзү боюнча "консервативдик идеялардын революциясы" пайда болуп жатканын байкаганын айтты.

Дмитриев Москва менен Вашингтондун ортосундагы диалогдун жоктугунан катуу тынчсызданганын билдирип, мунун "тынчтык үчүн чоң коркунуч жаратып жаткандыгын" айтты. АКШнын президенти Дональд Трамптын аскердик күчөш адамзат үчүн коркунуч экенин билерин кошумчалады.

Дмитриев АКШнын биринчи айымы Мелания Трамптын Россиядан жана Украинадан келген балдарды үй-бүлөлөрү менен бириктирүү аракеттериндеги ролуна жогору баа берди. Ошондой эле, Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин АКШдагы президенттик шайлоодогу демократ талапкерге көрсөткөн колдоосу жана Трампка импичмент жарыялоо процессиндеги ролуа көңүлдөрдү бурду.

Реалдуу күтүүлөр

Дмитриев Россиянын Украина менен болгон чыр-чатакты дипломатиялык жол менен чечүүнү көздөп жатканын жана акылга сыярлык убакыт аралыгында чечимдин табыларынан үмүттүү экенин баса белгиледи. Бирок, келишимге жетишүү үчүн реалдуу күтүүлөрдүн болушу керектигин жана негизги маселелер карала турган болсо тез арада чечилиши мүмкүн экенин айтты. Бул маселелерге аймактык талаш-тартыштар, Украинанын коопсуздук кепилдиктери жана бейтарап статусу кирет.

Россия-Украина кагылышуусу боюнча Дмитриев Россиянын дипломатиялык чечим издеп жатканын жана аны акылга сыярлык мөөнөттө табууга үмүттөнөрүн баса белгиледи.

Дмитриев: «Санкциялар эмес, Россия менен диалог чечимге өбөлгө түзөт», - деди.

Эки тараптуу карым - катнаштарга токтолгон Дмитриев Россия менен АКШнын жаңы туткун алмашуу боюнча иштеп жатканын жарыялады. Аляска менен Россиянын ортосундагы сунушталган тоннель долбоору боюнча суроого жооп берген Дмитриев Россиянын бул сунушка олуттуу карап жатканын жана аны ишке ашыруунун мүмкүн экендигин ырастады.

Башка эл аралык маселелерге да токтолгон Дмитриев Газадагы жакында эле жетишилген ок атышууну токтотуу жана тынчтык келишимдерин "тарыхый жетишкендик" деп мүнөздөдү, бирок анын канча убакыт улантыларын көрүүнү калаганын белгиледи.

Путин менен Трамптын ортосундагы ыктмалдуу болгон жолугушуу тууралуу токтолгон өкүл мунун кийинчерээк ишке ашарын айтты. Будапештте пландаштырылган Трамп менен Путиндин жолугушуусу жокко чыгарылганын эске салды.

Иликте
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"
Эрдоган НАТО ичиндеги коргонуу боюнча кызматташтыкка карата чектөөлөрдү жоюга чакырды
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды
Кремль: "Анкарадагы НАТО саммитин жакындан көзөмөлдөп жатабыз"