Израилдин министрлер кабинети Батыш Шериада 22 жаңы мыйзамсыз конушту "жашыруун" бекитти
Палестинанын президенттиги бул кадамдын зомбулук жана туруксуздукту жаратышы мүмкүн болгон "коркунучтуу курчуу" экендигин эскертти.
Израилдин "Yedioth Ahronoth" гезитинин маалыматына ылайык, Израилдин Коопсуздук кабинети оккупацияланган Батыш Шериадагы Палестина жерлеринде 22 жаңы мыйзамсыз конуштун курулушун "жашыруун" түрдө бекитти.
Кабарда, министрлер кабинети эки жума мурда оккупацияланган Батыш Шериада бул конуштарды курууга макулдук бергени белгиленди.
Чечимдин негизинде Израилдин Газа тилкесинен бир тараптуу “чыгуу планынын” алкагында 2005-жылы жоюлган Хомеш жана Са-Нур мыйзамсыз конуштарын кайра куруу пландары да орун алууда.
Бул сунушту коргоо министри Исраэль Кац жана финансы министри Безалел Смотрич биргелеше сунуштаган.
Палестинанын президенттиги бул кадамды айыптап, "аймакты зомбулук жана туруксуздуктун айлампасына алып келген кооптуу күчөө" деп мүнөздөдү.
Палестина президенттигинин басма сөз катчысы Набил Абу Рудейне: "Израиль өкмөтүнүн Батыш Шериада, Чыгыш Кудста 22 жаңы конушту жашыруун түрдө жактырышы олуттуу курчуу жана эл аралык мыйзамдуулукка жана эл аралык укукка каршы чыгуу", - деди.
Израиль Батыш Шериа жана Газаны 1967 - жылы басып алды. Кийинчерээк, 1994-жылы, Палестина боштондук уюму (ПБУ) менен кол коюлган Осло келишиминин негизинде Газадан чыкты жана 2005-жылы бул жердеги конуштарды бузган.
Май айынын башында, 12-майда Кабинет Батыш Шерианын болжол менен 61 пайызын түзгөн жана толугу менен Израилдин көзөмөлүндөгү C аймагында жер каттоо иштерин кайра баштоону да бекитти.
Эл аралык сот 2024-жылдын 19-июлунда Израилдин оккупацияланган Палестина аймактарындагы катышуусу мыйзамсыз экенин жана оккупацияланган аймактарда курулган бардык Израиль конуштары эвакуацияланышы керектигине чечим чыгарды. Сот ошондой эле Палестина элинин өз тагдырын өзү чечүү укугун ырастады.