ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Түштүк Африкада чет элдиктерге каршы нааразылык акцияларында Ганалык бир киши каза болду
"Дудула операциясы" жана "Марш жана марш" сыяктуу мыйзамсыз иммиграцияга каршы топтор мыйзамсыз мигранттарды 30-июнга чейин өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырышкан.
Түштүк Африкада чет элдиктерге каршы нааразылык акцияларында  Ганалык бир киши каза болду
Мыйзамсыз мигранттарга каршы топтор документтери жок мигранттарды 30-июнга чейин өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырган (АРХИВ)

Түштүк Африканын Кейптаун шаарында мигранттарга каршы уланып жаткан нааразылык акциялары учурунда уралдуу кагылышууда ганалык бир киши каза болду.

Гананын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, 40 жаштагы ганалык жаран Баширу Исак 30-июнда Кейптаундун Хайелитша районундагы жумуш ордунда мигранттарга каршы демонстрациялар учурунда атып өлтүрүлгөнү белгиленди.

Билдирүүдө тигүүчү жана үч баланын атасы Исак Түштүк Африкада болжол менен 20 жылдан бери жашап жатканы маалымдалды.

Билдирүүдө кол салуу катуу айыпталып, Түштүк Африкадагы африкалык мигранттарга карата ксенофобиянын күчөшүнөн тынчсыздануу билдирилди.

Билдирүүдө Түштүк Африка бийлиги окуя боюнча кылдат, ачык-айкын жана тез иликтөө жүргүзүүгө, айыптуларды кармап, жоопкерчиликке тартууга, өлкөдөгү ганалык жарандар үчүн коопсуздук чараларын күчөтүүгө чакырылды.

Түштүк Африкада чет элдиктерге каршы чыңалуу

"Дудула операциясы" жана "Марш жана марш" сыяктуу мигранттарга каршы топтор мыйзамсыз иммигранттарды 30-июнга чейин өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырышты, ал эми Квазулу-Натал, Гаутенг жана Батыш Кейп провинцияларында чет элдиктерге каршы ар кандай зордук-зомбулук окуялары болду.

Мигранттарга каршы нааразычылык акцияларынын зомбулукка айланышынын натыйжасында Кейптаунда ганалык жаран каза болгон акыркы окуя өлкөдө коопсуздук маселелерин кайрадан козгоду.

Иликте
Түркия  Дамаскта өткөн Сирия Элдик парламентинин биринчи сессиясын ыраазычылык менен кабыл алды
Түрк изилдөөчүлөрүнүн жасалма интеллект боюнча изилдөөсү эл аралык адабияттарга кирди
Украина: Россиянын көмүскө флотуна таандык 14 кемеге чабуул койдук
Министр Фидан Парижде өтө турган "Украина" саммитине катышат
Президент Эрдоган Катар эмири үчүн көңүл айтты
Киев жаңы ракеталык чабуулдарга учурап, Россиянын Украинадагы чабуулдарынан 8 адам каза болду
Түркия Венесуэлага 30 тонна гуманитардык жардам жөнөттү
Түркия Ливандын коопсуздугун колдоону улантарын  билдирди
Россия: "Украина кризисти тынчтык жолу менен чечүүнү каалабайт"
Россия Украинанын 376 дронун атып түшүргөнүн жарыялады
Сабиха Гөкчен аэропорту алгачкы 6 айда 23,6 миллион жүргүнчүнү кабыл алды
Президент Эрдоган НАТО саммитинин алкагында Албаниянын премьер-министри Раманы кабыл алды
Президент Эрдоган Словакиянын президенти Пеллергини менен жолугушту
Түркия дүйнөдөгү калкы эң көп 18 -  өлкө болду
Трамп Иранды "чабуулдар катуу болушу мүмкүн" деп коркутту