ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Ооганстан АКШнын мыйзамсыз ооган мигранттарын Пакистанга жөнөтүү планына тынчсызданууда
АКШнын администрациясы Луизианада мыйзамдуу жашоо документтери жок болгондуктан кармалган 150дөн ашык ооган мигрантын алгач Пакистанга жөнөтүүнү пландап жатканы айтылган.
Ооганстан АКШнын мыйзамсыз ооган мигранттарын Пакистанга жөнөтүү планына тынчсызданууда
Ооган өкмөтү АКШнын айрым ооган мигранттарын Пакистанга жөнөтүүнү пландап жатканы тууралуу маалыматтарга тынчсыздануусун билдирди.

Ооган өкмөтү АКШнын мыйзамдуу жашоо документтери жок айрым ооган мигранттарын Пакистанга жөнөтүүнү пландап жатканы тууралуу маалыматтарга тынчсыздануусун билдирди.

Tolo News маалыматына ылайык, Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө ооган жарандарынын укуктарын коргоо өкмөттүн милдети экени айтылды.

Ооган жарандарына дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун, аларга эл аралык деңгээлде кабыл алынган принциптерге ылайык мамиле кылуу керектиги баса белгиленген билдирүүдө, үчүнчү өлкөлөрдү кыска мөөнөттүү пайда үчүн чет элдик жарандардын келечегин соодалашпоого чакырды.

Билдирүүдө Ооган өкмөтү АКШнын Пакистанга мыйзамсыз ооган мигранттарын жөнөтүү планы тууралуу маалыматтарга тынчсызданып жатканы маалымдалды.

АКШ администрациясы Луизианада мыйзамдуу жашоо документтери жок болгондуктан кармалган 150дөн ашык ооган мигрантын алгач Пакистанга жөнөтүүнү пландап жатканы жана Ооганстандын чек арасына депортациялоо процессин Пакистан көзөмөлдөй турганы айтылган.

АКШнын мыйзамдары соттор адамдар "куугунтукка" кабылышы мүмкүн деп чечим чыгарган өлкөлөргө депортациялоого тыюу салат.

Иликте
Дуран: «Карабахтагы жеңиш Азербайжандын чечкиндүүлүгүнүн тарыхый символу»
Жапонияда болгон 5,7 баллдык жер титирөөдөн 20дан ашык адам жаракат алды
TRT World форумунда дүйнөлүк соода жолдору талкууланды
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дуран Нигериянын маалымат министри Малаги менен жолугушту
УЧУнун башчысы Ибрахим Калын: "Маселе Палестина эмес, маселе оккупация"
Түркия Франциянын өз шельфиндеги уруксатсыз изилдөөсүнө каршы чыкты
TRT World Forum 2026да «Түркия: Регионалдык күчтөн аймактар аралык актерго» аттуу панель өттү
TRT World Forum 2026 форумунда «Эл аралык системадагы америкалык парадокс» талкууланды
ТРТнын башкы директору Собажы TRT World Forum 2026 форумунда сөз сүйлөдү
Президент Режеп Таййип Эрдоган TRT World форумунда сөз сүйлөдү
Россия: Starlink жана OneWeb саясий туруктуулукка коркунуч жаратууда
Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Мекке коргонуу альянсына байланыштуу пикирин билдирди
Израилдин чабуулдарынан улам Газа тилкесинде 68 миллион тоннага чейин таштанды калды
Францияда мектеп автобусу кырсыкка учурады
Малайзиянын мурдагы премьер-министри Наджиб үй камагына чыгуу үчүн 12 миллион доллар айып пул төлөдү