Израиль армиясына таандык 10 аскердик унаа Сириянын түштүгүндөгү Дера провинциясынын батышындагы Абидин суу сактагычына жакын жайгашкан бир айылга кирип кеткендиги кабарланды.
Сирия мамлекеттик телеканалы "Аль-Ихбария" Израилдин аскердик унаалары оккупациядагы Голан дөңсөөлөрү менен чектешкен Дера провинциясынын батышындагы Абидин суу сактагычынын жанындагы аймакка киргенин жана Израилдин согуштук учактары да аймактын үстүнөн жапыз учуп жүргөнүн билдирди.
Кабарда Израилдин оккупациялык күчтөрү аймактагы айыл чарба жерлерин тынымсыз аткылап, Абидин айылынын чыгыш районундагы үйлөрдө издөө-тинтүү иштерин жүргүзгөнү айтылды.
1974-жылдагы чыңалууну басаңдатуу келишимине карабастан Израиль Сириянын түштүгүнө кирип, кийлигишүүсүн улантууда.
Сирия өкмөтү болсо Израиль армиясынын Сириянын аймагынан толугу менен чыгып кетишин жана өлкөнүн эгемендигин сыйлоону талап кылууда.

























