ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Суданда ооруканага жасалган чабуулдан 64 адам, анын ичинде 13 бала каза болду
ДСCУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебреисус кол салуудан 89 адам жаракат алганын, анын ичинде 8 медицина кызматкери бар экенин билдирди.
Суданда ооруканага жасалган чабуулдан 64 адам, анын ичинде 13 бала каза болду
Гебрейесус бул кол салуудан кийин согушта медициналык жайларга жасалган чабуулдардан каза болгондордун саны 2000ден ашканын билдирди. (АРХИВ) / AA

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебреисус Судандагы ооруканага жасалган чабуулда кеминде 64 адам, анын ичинде 13 бала каза болгонун билдирди.

X платформасындагы билдирүүсүндө Гебреисус Чыгыш Дарфурдун борбору Аль-Дайиндеги Аль-Дайин окуу ооруканасына сокку урулганын жана каза болгондордун арасында 13 бала, эки аял медайым, бир эркек дарыгер жана көптөгөн бейтаптар болгонун билдирди.

ДССУнун башкы директору ошондой эле бул чабуул согуш учурунда саламаттыкты сактоо мекемелерине жасалган чабуулдардан каза болгондордун санын 2000ден ашырганын билдирди.

Гебреисус чабуулда 89 адам, анын ичинде 8 медицина кызматкери жаракат алганын жарыялады.

Оорукана иштебей калды

ДССУ жума күнү Аль-Дайин окуу ооруканасына жасалган чабуулдан улам мекеме иштебей калганын жана шаарга маанилүү медициналык кызматтарды көрсөтүү токтотулганын жарыялады.

Гебреисус саламаттыкты сактоо мекемелерине жана саламаттыкты сактоо кызматкерлерине кол салуулар шашылыш жана үзгүлтүксүз медициналык кызматтарга муктаж болгон коомчулуктар үчүн кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү кесепеттерге алып келерин баса белгиледи. 

Судандагы жаңжалды азайтуу үчүн жарандарды, саламаттыкты сактоо кызматкерлерин жана гуманитардык жардам кызматкерлерин коргоо керек экенин айтып, Гебреисус саламаттыкты сактоо кызматтары эч качан бутага алынбашы керектигин жана тынчтык эң жакшы дары экенин айтты.

Иликте
Тышкы иштер министри Фидан 15-16-сентябрда Азербайжанга барат
Иран: "Кошуналар, айрыкча Түркия менен мамилелер жакшы деңгээлде"
Европанын 9 өлкөсү аэропорттордогу башаламандыктан улам кирүү жана чыгуу системаларын жылдырды
Орусия: "Украинанын батышындагы темир жол инфраструктурасына чабуулдарды уланттык"
Пезешкиан: Иран менен БАЭ мамилелерди чыңдоо жана кызматташтыкты кеңейтүү боюнча макулдашышты
Түркия Сауд Арабиясына жасалган дрондук чабуулдарды катуу айыптады
ТКТР АКШнын Кипрдин рум башкаруучулугуна курал эмбаргосун узартуу чечимине өкүнүчүн билдирди
БРИКС лидерлери Израилдин палестиналыктарды күч менен көчүрүү аракетин четке кагышты
Түркия АКШнын Түштүк Кипрге курал-жарак эмбаргосун алып салуу чечими тууралуу билдирүү жарыялады
Украинадагы орусиялык чабуулдардан төрт адам каза болду; болот заводу жана турак жайлар зыян тартты
Түркия менен Азербайжандын ортосунда 3 ири электр долбоору пландалууда
Россияга карата шектенүү күчөп жатканда Болгариядагы курал заводунда экинчи жардыруу болду
Дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Айтматовдун айылында маданият жана эстелик комплекси ачылды
Сауд Арабиясы Ирактан Чыгыш-Батыш мунай кууруна кол салуу болгонун жарыялады
Казакстан менен Түркия кайра кабыл алуу келишимине кол коюшту