САЯСАТ
1 мүнөт окуу
Ирандын билдирүүсү: "Топ АКШнын талаасында"
Бекайи: "АКШнын коркутуулары биздин мүмкүнчүлүктөрүбүздү жогорулатууга болгон чечкиндүүлүгүбүздү дагы да бекемдейт."
Ирандын билдирүүсү: "Топ АКШнын талаасында"
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Бекайи

Иран ортомчулар аркылуу АКШга жеткирген шарттары так, бир жактуу жана логикалуу экенин билдирип, "Топ АКШнын талаасында" деди.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Бекайи Тегеранда өткөн жумалык басма сөз жыйынында учурдагы маселелер боюнча суроолорго жооп берди.

Бекайи Тегерандын жети шарттан турган жети күндүк планы Ирандын акыркы демилгеси экенин, ортомчулар аркылуу АКШга жеткирилген жана Иран делегациясы тарабынан (сентябрь) Нью-Йорктогу сүйлөшүүлөрдө да көтөрүлгөн шарттар так, бир жактуу жана логикалуу экенин билдирди.

Бекайи: "Деңиз блокадасын алып салбастан, Ирандын талаптарын аткарбастан жана аларды иш жүзүндө колдонбостон Ормуз кысыгын ачууга, кысыкты коопсуз кылууга жана акыркы макулдашуу процессин баштоого болбойт. Бул талаптарды ишке ашыруу аймакка коопсуздукту кайтаруу үчүн зарыл. Ошондо гана биз бул процессти талкуулай алабыз. Топ АКШнын талаасында. АКШ чечим кабыл алышы керек", - деп билдирди.

Бекайи Ирандын жети баскычтуу планы анын өлкөсүнүн ак ниеттүүлүгүн көрсөтүп турганын жана эгерде анын талаптары аткарылса, Ормуз кысыгы ачылып, сүйлөшүү процесси башталышы мүмкүн экенин айтты.

АКШ менен билдирүү алмашуу уланууда

Исмаил Бекайи ошондой эле АКШ менен билдирүү алмашуу уланып жатканын жана тышкы иштер министринин орун басары Казем Гарибабади сүйлөшүүлөрдү жеңилдетүү үчүн Катарга барганын маалымдады.

АКШнын чабуул коркутуулары жөнүндө Бекайи: "АКШнын коркутуулары биздин мүмкүнчүлүктөрүбүздү жогорулатууга болгон чечкиндүүлүгүбүздү дагы да бекемдейт", - деди.

Иликте
Түркия менен Катар лидерлеринин Стамбулдагы жолугушуусунда тарыхый коргонуу келишимине кол коюлду
Рютте Түркиянын НАТОдогу ролун баса белгиледи
Россиянын Волгоград шаарында дрон чабуулунан 4 адам каза болду
Зеленский Россиянын бүгүнкү күнгө чейинки эң ири туткун алмашууну бекиткенин билдирди
Түрк министри COP31де эскертти: "Мөңгүлөрдүн жоголушу дүйнөлүк суу ресурстарына коркунуч келтирет"
Судандын Дарфур аймагында үч күндүн ичинде 5 275 адам жер которууга аргасыз болду
АКШнын президенти Трамптын атайын өкүлдөрү Москвада орус лидери Путин менен жолугушту
Израиль: "CENTCOM армияга Иранга каршы жаңы чабуул ыктымалдуулугуна даяр болуу билдирүүсүн жөнөттү"
Малатияда S-70 үлгүсүндөгү тик учак кырсыкка учурап, төрт аскер шейит болду
Кызыл Чырым: "Газадагы жер которгон үй-бүлөлөр катуу суукка туш болууда"
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди
Ок атышпоого карабастан Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан акыркы 24 саатта 8 адам каза болду
Президент Эрдоган БУУнун Башкы катчысы Гутеррешти кабыл алды
БУУнун Башкы катчысы Гутерриш Түркиянын COP 31ди уюштурганын мактады
Түркия жашыл жана санариптик өтүүнү тездетүү үчүн Жашыл келишим боюнча иш-аракеттер планын жаңылады