Израилдин Ливанда абадан жасаган чабуулдарынан кеминде 16 адам каза болуп, 26 адам жаракат алды
Израиль Ливанга жасаган акыркы чабуулдарында өлкө боюнча калктуу конуштарды жана шаарларды бутага алды.
Шаршемби күнү эртең мененки сааттардан бери Ливандын ар кайсы аймактарын бутага алган Израилдин аба чабуулдарынан 16 адам каза болуп, 26сы жаракат алды.
Ливандын Улуттук маалымат агенттигинин (NNA) билдирүүсүнө караганда, Израиль учактары борбор калаа Бейруттун Аише Беккар районундагы көп кабаттуу үйдү да аткылаган. Бул кол салуудагы курмандыктардын саны азырынча тактала элек.
Агенттиктин маалыматы боюнча, Ливандын түштүгүндө Тир аймагындагы Хануйя шаарына Израилдин кол салуусунан үч адам, анын ичинде бир медициналык кызматкер каза болгон.
Ливандын чыгышындагы Бекаа аймагында Зеллаяга жасалган чабуулда бир адам каза болуп, эки адам жаракат алган; Тир аймагындагы Аль-Хушта Израиль бомбалоосунда бир адам каза болуп, сегиз адам жаракат алган.
NNA агенттигинин маалыматына караганда, ошол эле аймактагы Кана шаарында Израилдин удаалаш аба соккуларынан беш адам каза болуп, бешөө жаракат алган.
Хизбулла менен байланышы бар "Аль-Манар" телеканалынын маалыматына ылайык, Израилдин Тирус шаарындагы Чехабиеге жасаган чабуулунан алты адам каза болуп, жети адам жаракат алды.
Ошол эле учурда Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Израилдин Түштүк Ливандагы Бинт Жубейл аймагындагы Тебинине шаарчасына жаслаган кол салууда төрт киши жаракат алганын маалымадады.
Израилдин абадан сокку уруулары 2-марттан бери Ливан боюнча 570ке жакын адамдын өлүмүнө жана миңдеген адамдын жер которушуна алып келди.
2-марттан бери Израилдин аба соккуларынан Ливан боюнча болжол менен 570 адам каза болуп, миңдеген адамдар жер которгон.
Бул чыңалуу Израиль менен АКШ Иранга каршы биргелешкен согуш баштагандан кийин күчөдү, бул согушта араларында диний лидер Али Хаменеи менен бирге 1200дөн ашык адам каза болду.
Иран буга жооп катары Израилди, Иорданияны, Иракты жана АКШнын аскердик базалары жайгашкан Булуң өлкөлөрүн дрон жана ракеталар менен бутага алуу менен жооп кайтарууда.