Бангладеш Пакистан-Индия кагылышусунан сабак алып Кытайда жасалган согуштук учактарды алат
Бангладештин убактылуу лидери Мухаммед Юнус бул жылдын башында Кытайга болгон сапарында ушул сатып алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу сүйлөшкөн.
Убактылуу өкмөттүн расмий өкүлү Бангладеш аба күчтөрүн модернизациялоо жана улуттук абадан коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо үчүн болжол менен 2,2 миллиард долларга Кытайдан жасалган 20 согуштук учак сатып алууну пландап жатканын билдирди.
Убактылуу администрациянын мүчөсү Асиф Махмуд Саджиб Бхуиян X каналындагы билдирүүсүндө Дакка өкмөттөр аралык келишимге ылайык Кытайдан J-10CE көп максаттуу согуштук учактарды сатып алууну карап жатканын билдирди.
Англис тилинде чыгуучу The Business Standard гезити расмий документтерге таянып билдиргендей:"Ар бир учактын баштапкы баасы 60 миллион доллар, ал эми флот үчүн жалпысынан 1,2 миллиард доллар. Окутуу, жабдуу жана ташуу үчүн дагы 820 миллион доллар кошулуп, башка тейлөө чыгымдары менен жалпы баасы 2,2 миллиард долларга жетет. Төлөмдөр 10 каржы жылына бөлүштүрүлөт."
Кытайдын Chengdu Aircraft Industry Group тарабынан иштелип чыккан төртүнчү муундагы көп максаттуу согуштук учак J-10CE май айындагы Индия-Пакистан кагылышуусунда Индиянын аскердик аба күчтөрүнө таандык бир нече француз Рафале учагын атып түшүргөнү айтылгандан кийин көңүлдөрдү бурган.
Пакистандын аба күчтөрү J-10C учактарын Индиянын 7-майдагы чабуулунан кийин жооп кайтаруу операцияларында жайгаштырганы кабарланууда.
Бангладештин убактылуу лидери Мухаммед Юнус бул жылдын башында Кытайга жасаган иш сапары учурунда мүмкүн болгон сатып алууларды талкуулады жана өкмөттүк булактардын айтымында, Пекин "оң жооп берди".
Бангладештин Аскердик аба күчтөрү учурда 44ү согуштук учак болгон 212 учакты колдонууда, алардын 36сы Кытайда жасалган F-7 учактары.
Пакистан армиясы май айындагы кагылышуу учурунда Кытайдын коргонуу платформаларынын ишмердүүлүгүн жогору баалады. Армиянын басма сөз катчысы генерал-лейтенант Ахмед Шариф Чаудри дүйшөмбү күнү Bloomberg News агенттигине берген маегинде: "Албетте, акыркы убакта, айрыкча, акыркы мезгилдеги кытай платформалары өзгөчө жакшы иштеди",- деди.
"The Guardian" гезитинин маалыматына ылайык, Пакистандын J-10C учактарын жайгаштырышы "кытай учактарынын жана алар алып жүргөн PL-15 ракеталарынын дүйнө жүзүндө биринчи жолу согуштук шартта колдонулушун" белгиледи.
Пакистан буга чейин жооп иретинде Францияда жасалган Рафале менен бирге Индиянын жети учагын атып түшүргөнүн жарыялаган.
Андан тышкары, 30-сентябрда АКШнын Коргоо министрлиги тараткан билдирүүгө ылайык, америкалык коргонуу боюнча подрядчы Raytheon Пакистанды заманбап орто аралыкка учуучу абадан абага атуучу ракеталары (AMRAAM) менен камсыздайт.