ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Хаменеинин кеңешчиси: Иран АКШ менен келишимдин алкагында байытылган урандан баш тарта алат
Ирандын жогорку лидери Али Хаменеинин кеңешчиси Али Шамхани, Тегерандын өз шарттары аткарылса келишимге бүгүн кол кое ала турганын айтты.
Хаменеинин кеңешчиси: Иран АКШ менен келишимдин алкагында байытылган урандан баш тарта алат
Western countries say Iran's nuclear programme is geared toward producing weapons, whereas Iran insists it is purely for civilian purposes. / AP

Ирандын расмий өкүлү NBC News телеканалына билдиргендей, Иран экономикалык санкциялардын алып салынышына карата АКШ менен келишим түзүүгө даяр.

Америкалык телерадиокомпаниянын шаршемби күнкү билдирүүсүнө караганда, Ирандын жогорку лидери Али Хаменеинин кеңешчиси Али Шамхани Иран эч качан өзөктүк курал жасабоого жана өтө байытылган урандын запастарын жок кылууга убада бере аларын, аны жарандык колдонуу үчүн зарыл болгон төмөнкү деңгээлде гана байытууга жана эл аралык инспекторлорго процессти көзөмөлдөөгө мүмкүндүк бере ала турганын айтты.

Шамхани белгилүү шарттар аткарылса Ирандын дароо келишимге кол коюуга даяр экенин баса белгиледи.

“Бул дагы деле мүмкүн. Эгерде америкалыктар өздөрү айткандай иш кылса, биз сөзсүз түрдө жакшыраак мамилелерди түзө алабыз", - деди жана "Бул жакынкы келечекте жакшы кырдаалга алып келиши мүмкүн" деп кошумчалады.

‘Зайтун бутагыбы же тикенек зымбы’

Шамханинин бул билдирүүлөрү АКШнын президенти Дональд Трамп шейшемби күнү Иранды Жакынкы Чыгыштагы “эң кыйратуучу күч” деп атап, аймактагы туруксуздуктун себеби катары Тегеранды күнөөлөп, АКШ Иранга ядролук куралга ээ болууга эч качан жол бербейт деп эскерткенден кийин айтылды.

Акыркы эскертүү жана дипломатия үчүн потенциалдуу жолду сунуш кылган Трамп, Иран "хаос жана террор" жолун улантууну же тынчтык жолун кабыл алууну тандоосу керек деди.

Тегеран Жакынкы Чыгыштагы туруксуздукту күчөтүүдө деген айыптоолорду бир нече жолу четке каккан.

Трамп Иран менен жаңы келишим түзүүгө даяр экенин, бирок бул үчүн анын лидерлери өз позицияларын өзгөртүшү керектигин айтты.

“Мен Иран менен келишим түзгүм келет. Бирок эгерде Ирандын жетекчилиги бул зайтун бутакты четке какса, бизде башка арга калбай калат жана максималдуу кысым көрсөтүүгө аргасыз болобуз” деп кошумчалады.

Сауд Арабиянын борбору Эр-Риядда өткөн инвестициялык саммитте сөз сүйлөгөн Трамп “Иран эч качан ядролук куралга ээ болбойт” деп эскертип, келишим сунушу түбөлүккө созулбай турганын айтты.

Шамхани болсо NNBC телеканалына берген интервьюсунда Трамптын сөздөрүнө жана улантылган коркутууларына нааразычылыгын билдирди.

“Зайтун бутагы жөнүндө айтып жатат, бирок биз аны көргөн жокпуз. Баары тикенектүү зым,” - деди.

Иликте
Эрдоган: Түркия Иран-АКШ тирешүүсүн токтотуу үчүн аракет кылууда
Непал-Кытай суу ташкынынан каза болгондордун саны 1300дөн ашты, миңдеген адамдар дайынсыз жоголду
ЕБ: "Газанын демографиялык же аймактык курамын өзгөртүү боюнча бардык аракеттерди четке кагабыз"
Иорданиянын тышкы иштер министри Ирандын өлкөсүнө кол салуулары "жооп кайтаруу эмес" деди
Түркия ЕПге каршылык көрсөттү: "Тарыхый чындыктар бурмаланууда"
Орусия: "Украинадагы логистикалык борборго, кемелерге жана портторго сокку урдук"
Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы селдерден улам 17 миң 500 адам эвакуацияланды
Nvidia компаниясы Hugging Face платформасын болжол менен 13 миллиард долларга сатып алат
Непалдагы туннелден бир жумадан ашык убакыттан кийин эки адам куткарылды
АКШ Өкүлдөр Палатасы Израилди бойкот кылган университеттерге санкция киргизүүчү мыйзам долбоорун кабыл алды
Улуттук Чалгындоо Уюмунун башчысы Ибрахим Калын Афинада грек кесиптеши менен жолугушту
Израилдин премьер-министри Нетаньяху: "Биздин негизги милдетибиз - Иран режимин кулатуу"
Стамбулда ДЕАШ менен байланышы бар деп шектелген киши операция учурунда жок кылынды
Нигерияда мунай уурдоо аракет кылган 43 адам каза болду
Түркиянын Улуттук волейбол командасы жарым финалга чыкты