TRT World каналынын штаттан тышкаркы журналисти Яхя Барзак Газанын борборундагы Дейр ал-Балах аймагында Израилдин аба соккусунан каза болду.
Барзак согуштун жарандарга тийгизген таасирин документтештирүү милдетин аткарып жаткан учурда, кафеде сүрөт жүктөп жатканда Израилдин чабуулуна кабылды.
Палестиналык маалымат каражаттарынын маалыматына ылайык, бул чабуулда Барзак менен төрт адам дагы каза болду.
Саламаттыкты сактоо кызматкерлери шейшемби күнү Израилдин жаңы чабуулдарында кош бойлуу аял менен араларында бир бала да болгон кеминде 58 палестиналык каза болгон.
Палестиналык булактар Дейр ал-Балахтагы чабуул жыгач устаканасын да бутага алганын билдиришти.
Барзак жана башкалар шаардын проспектисине жакын жерде каза болду.
Барзак социалдык медиа платформасы Instagramдагы акыркы билдирүүсүндө Израилдин бомбалоосунан жана аргасыздан жер которуу коркунучунан улам Газа шаарынан түштүккө качууга аргасыз болгонун билдирип:"Денем түштүккө сүрүлдү, бирок жүрөгүм дагы деле Газа шаарында", - деген.
Түркия чабуулду айыптады
Түркия Республикасынын коммуникация башкармалыгынын төрагасы Бурханеттин Дуран Барзакты "баскынчылык жана зулумдуктун көлөкөсүндө чындыкты изилдеген тайманбас үн" деп мүнөздөдү.
Дуран:"Анын окуясы, TRT World каналынын "Газа сүрөттөрүмдө" аттуу документалдык тасмасында орун алып, дүйнөгө чындыкты жеткирүү чечкиндүүлүгүн көрсөттү. Журналисттерге жасалган кол салуулар чындыкты эч качан жок кыла албайт. Яхя үчүн Аллахтан ырайым тилеп, үй-бүлөсүнө, кесиптештерине жана жакындарына көңүл айтабыз," - деди.
ТРТнын башкы директору Собажы : «Өтө оор шарттарда маалыматтарды берген кесиптешибиз Яхя Барзактын каза болушуна терең кайгыруудабыз, Израиль журналисттерди бутага алуу менен адамзатка каршы кылмыштарын жашыра албайт жана эретли - кеч жооп бере турган күн келет»,-деди.
Барзак Газада жаңы төрөлгөн балдардын сүрөтчүсү катары кеңири таанымал болгон.
Согушка чейин Instagram баракчасы Газа шаарындагы жеке студиясында тартылган наристелердин кылдаттык менен түзүлгөн портреттери менен толгон.
Израилдин кол салуулары башталгандан бери анын баракчасы кара сызыктар, өлүмдүн жана кыйроонун символдору менен белгиленген таң калыштуу сүрөттөрдү камтыган.
Өзгөчө геноциддик согушта курман болгон балдарды эскерүү видеолорун бөлүшкөн.
Барзак Газада 2023-жылдын 7-октябрынан бери набыт болгон кеминде 250 журналист жана медиа кызматкерлеринин бири, бул согушту басма сөз үчүн заманбап тарыхтагы эң кандуу кагылышуулардын бирине айланды.
Палестинанын маалымат каражаттары Барзактын өлүмү Израилдин жарандык аймактарды жана инфраструктураны катуу бомбалоосу учурунда Газадагы журналисттерди бутага алууну дагы бир жолу баса белгиледи.













