Түрк фирмасы тарабынан башкарылган мунай танкерине Стамбулдун жанында кол салуу болду
Түркиянын транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу Кара деңизде капитансыз кеме аппараты чабуулунан кийин танкердеги 27 түрк экипаж мүчөсүнүн абалы жакшы экенин билдирди.
Абдулкадир Уралоглу бейшемби күнү Кара деңизде Стамбулдун жанында сүзүп бара жаткан чет элдик желектүү Түрк фирмасы тарабынан башкарылган чийки мунай танкерине капитансыз кеме аппаратынын кол салганын жана экипаждын арасында эч ким жабыркабаганын билдирди.
24TV каналындагы түз эфирде маалымат берген Уралоглу чийки мунай танкерине атайылап кол салуу болгонун, өзгөчө кемени иштен чыгаруу максатында кыймылдаткыч бөлмөсү бутага алынганын айтты.
Министр ошондой эле окуя учурунда кемеде 27 түрк экипаж мүчөсү болгонун жана алардын баары жакшы абалда экенин баса белгиледи.
Уралоглу окуя болгон жерге техникалык топтор жөнөтүлүп, кырдаал тыкыр көзөмөлдөнүп жатканын кошумчалады.