ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
БУУ: Ачарчылык Кадугли жана Фаширдеги кырдаалды ого бетер начарлатты
Кагылышуу ​​жана кирүүнүн чектелүүлүгүнөн улам эки шаар катастрофалык ачарчылык деңгээлине жетти, ал эми глобалдык ачарчылыкты көзөмөлдөө системасы дагы 20 аймак коркунучта экенин билдирди.
БУУ: Ачарчылык Кадугли жана Фаширдеги кырдаалды ого бетер начарлатты
БУУ: Ачарчылык Кадугли жана Фаширдеги кырдаалды ого бетер начарлатты / Reuters

БУУнун колдоосу менен жүргүзүлгөн Интеграцияланган Азык-түлүк коопсуздугунун фазалык классификациясы (IPC) тарабынан дүйшөмбү күнү жарыяланган жаңы анализге ылайык, Судандын Түндүк Дарфур аймагындагы Эль-Фашир шаары менен Түштүк Кордофан аймагындагы Кадугли шаарында ачарчылык тастыкталды.

Эки шаар тең сентябрь айына карата "ачарчылыктын деңгээлинде (IPC 5-фазасы)" деп классификацияланды жана бул шарттар кийинки январга чейин уланары күтүлүүдө.

Мындан тышкары, билдирүүдө Түштүк Кордофан аймагындагы Диллинг шаарынын абалы Кадугли шаарына окшош деп болжолдонгону, бирок маалыматтын жетишсиздигинен улам бул аймакка IPC классификациясы берилбегени айтылды.

Билдирүүдө "конфликттин жүрүшүнө байланыштуу белгисиздик ачарчылык коркунучун күчөтүп, өзгөчө Чоң Дарфур жана Чоң Кордофан аймактарындагы 20 жерге коркунуч туудурат" деп эскертилди.

2025-жылдын сентябрь айында Судандын калкынын 45 пайызы башкача айтканда 21,2 миллион адам, курч азык-түлүк коопсуздугуна (IPC 3-фаза же андан жогору) дуушар болгон. Алардын ичинен 375 миң адам (1 пайыз) катастрофалык ачарчылык (IPC 5-фаза) абалында, ал эми 6,3 миллион адам (13 пайыз) өзгөчө кырдаал (IPC 4-фаза) абалында болгон.

IPC 3-фазасында же андан жогору болгон адамдардын саны ушул октябрь менен келерки январдын ортосунда бир аз кыскарып 19,2 миллионго же калктын 40 пайызына төмөндөйт деп болжолдонууда.

Бирок Түндүк Дарфур жана Батыш Нуба тоолорунда "конфликт жана коопсуздуктун жоктугунан улам түшүм жыйноодон алынган пайда чектелүү бойдон калат.

26-октябрда Ыкчам колдоо күчтөрүнүн (RSF) согушкерлери Эль-Фашир шаарын басып алып, жергиликтүү жана эл аралык уюмдардын маалыматы боюнча, жай тургундарга каршы массалык кыргындарды жасаган. Бул чабуул Судандын географиялык бөлүнүүсүн күчөтүшү мүмкүн деген эскертүүлөр айтылууда.

2023-жылдын апрель айынан бери Судан армиясы менен RSF парамилитардык күчтөрү ортосунда согуш жүрүп жатат. Регионалдык жана эл аралык ортомчулук аракеттерине карабастан бул конфликт токтотула элек. Согуш миңдеген адамдардын өмүрүн алып, миллиондогон адамдарды жер которууга мажбур кылды.

Иликте
Украина: Россияга багытталган операцияны кийинки аптада  кайра кайталайбыз
Иран:"Эч кимдин балдарыңыздарды Израиль үчүн жалданма аскер кылуусуна уруксат бербеңиздер"
Израиль гезити карызы бар америкалыктар үчүн Иранга кол салуу планын сунуштады
Россиядан АКШга билдирүү: Украина боюнча чечим согуш талаасындагы чындыкты чагылдырышы керек
Ливан кайрадан Израилдин чабуулдарына кабылып, адамдар каза болду
Непал-Кытай суу ташкынынан каза болгондордун саны 1300дөн ашты, миңдеген адамдар дайынсыз жоголду
ЕБ: "Газанын демографиялык же аймактык курамын өзгөртүү боюнча бардык аракеттерди четке кагабыз"
Иорданиянын тышкы иштер министри Ирандын өлкөсүнө кол салуулары "жооп кайтаруу эмес" деди
Орусия: "Украинадагы логистикалык борборго, кемелерге жана портторго сокку урдук"
Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы селдерден улам 17 миң 500 адам эвакуацияланды
Nvidia компаниясы Hugging Face платформасын болжол менен 13 миллиард долларга сатып алат
Непалдагы туннелден бир жумадан ашык убакыттан кийин эки адам куткарылды
АКШ Өкүлдөр Палатасы Израилди бойкот кылган университеттерге санкция киргизүүчү мыйзам долбоорун кабыл алды
Израилдин премьер-министри Нетаньяху: "Биздин негизги милдетибиз - Иран режимин кулатуу"
Нигерияда мунай уурдоо аракет кылган 43 адам каза болду
Улуттук коргоо министрлиги: "Сирияга колдообуз улана берет"
Нидерландия АКШ менен Канададагы 86 тонна алтынын Британияга которду
Иран армиясы: "Кувейттеги жана БАЭдеги АКШнын базаларын ракеталар жана дрондор менен бутага алдык"
Израилдин ок атуусунан эки палестиналык, анын ичинде бир бала каза болду
Грецияда Батыш Нил вирусун жуктуруп алгандардын саны 290го жетти