Путин: «Өзөктүк курал колдонуунун кереги жок, мен ушундай үмүттөнөм»

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинада өзөктүк куралды колдонуунун зарылдыгы жок экенин айтса, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Москвага иш сапары менен бармакчы болуп жатканы кабарланууда.

Орусия Украинадагы жаңжалды өз шарттары менен токтотууга кудурети бар деп ырастоодо. / AP

Орусиянын президенти Владимир Путин жекшембиде Украинада өзөктүк курал колдонуунун зарылчылыгы жок экенин жана мындай муктаждык жаралбайт деген үмүтүн билдирди.

Орусиянын мамлекеттик телеканалында көрсөтүлө турган маектешүүнүн Telegram баракчасынан үзүндүсүндө Путин: «Бул (өзөктүк) куралдарды колдонуунун зарылчылыгы жок болчу... жана муктаждык болбойт деп үмүттөнөм", - деп билдирди. Ал ошондой эле Орусиянын Украинадагы жаңжалды «логикалык жыйынтыкка» алып келүүгө күчү жана каражаты бар экенин айтты.

Кремль 2022-жылдын февралында Украинага он миңдеген орус аскерлерин жөнөтүү буйругун берген операцияны коңшусуна каршы «атайын аскердик операция» катары сыпаттоодо.

Башка жагынан алганда, орус аскерлери Киевден сүрүлүп чыгарылганы менен, Москва күчтөрү учурда Украинанын болжол менен 20 пайызын, өзгөчө аймактын түштүк жана чыгышын көзөмөлдөп турат.

Путин акыркы апталарда тынчтык келишимин сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген, ошондой эле АКШ президенти Дональд Трамп да жаңжалды дипломатиялык жол менен токтотууну кааларын билдирген.

Орусия 2022-жылдын башында Украинага кол салгандан бери өзөктүк чыңалуудан коркуу АКШ бийлигинин баалоолорунда таасирдүү болгону менен, ЦРУнун мурдагы директору Уильям Бернс Орусиянын 2022-жылдын аягында Украинага каршы өзөктүк курал колдонуу коркунучунун реалдуу экенин айткан.

Си Москвага барат

Кремлдин билдирүүсүнө караганда, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Орусияга барып, 7-10-май күндөрүнүн аралыгында Владимир Путин менен союздаштардын фашисттик Германияга каршы жеңишинин 80 жылдыгын эскерүү иш-чараларына катышары маалымдалган.

Орус президентинин маалымат кеңсеси Си Цзиньпин менен Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн, ошондой эле «өнөктөштүк жана стратегиялык байланыштарды өнүктүрүү» жана «эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелер боюнча» өкмөт менен министрликтердин «бир катар эки тараптуу документтерге кол коюусу күтүлүп жатканын» билдирди.

Путиндин 9-майда Орусиянын Экинчи дүйнөлүк согушу тууралуу сөзүндө Украинадагы согушта үч күндүк ок атышууну токтотуу Экинчи дүйнөлүк согушту эскерүү иш-чараларына туш келишин Украинанын президенти Владимир Зеленский муну шоу катары баалады.

Кытай өзүн үч жылдык согушта бейтарап актер катары көрсөтсө да, Батыш өкмөттөрү Кытайдын Орусия менен тыгыз байланышы Москвага маанилүү экономикалык жана дипломатиялык колдоо көрсөтөт деп ырасташат.