ТҮРК ДҮЙНӨСҮ
1 мүнөт окуу
Түрк Мамлекеттери Уюмунун мамлекет башчылары кеңешинин саммити башталды
Түрк Мамлекеттери Уюмунун (ТМУ) Мамлекет башчылары кеңешинин 13-саммити башталды.
Түрк Мамлекеттери Уюмунун мамлекет башчылары кеңешинин саммити башталды
Түрк мамлекеттери уюмунун Мамлекет башчылары кеңешинин 13-саммити башталды.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын төрагалыгы алдында «Түрк кылымы: тилде, ойдо жана иште биримдик» темасында өтүп жаткан саммиттин алдында лидерлер үй-бүлөлүк сүрөткө түшүү үчүн чогулушту.

Конок мамлекет башчыларын Бештепедеги Улуттук көргөзмө залга келгенде президент Эрдоган тосуп алды.

Бул жерде тартылган үй-бүлөлүк сүрөткө президент Эрдоган, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов, байкоочу өлкөлөрдүн өкүлдөрү — Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Туфан Эрхүрман, ошондой эле Түрк мамлекеттери уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышты.

Сүрөткө түшүү учурунда президент Эрдогандын оң жагында Казакстандын президенти Токаев, ал эми сол жагында Өзбекстандын президенти Мирзиёев турду.

Конок мамлекет башчыларын Бештепедеги Улуттук көргөзмө залдын кире беришинде тарыхтагы 16 түрк мамлекетин символдоштурган желектерди кармаган аскерлер жана янычарлардын кийимин кийген аскерлер тосуп алышты.

Иликте
Эл аралык катышуучулар COP31де Ататүрктү бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти
Президент Эрдоган Apple компаниясынын башкы директору Тим Кукту кабыл алды
Вице-президент Йылмаз Кытайдын вице-президенти Хан Чжэн менен жолугушту
Криттин жээгинде 12 мыйзамсыз мигрант каза болду
Франция Абу-Дабидеги Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүнө Европанын да катышарын билдирди
Түркия-Ирак биргелешкен басма сөз билдирүүсү жарыяланды
Президент Эрдогандын Азербайжандын Жеңиш күнүнө карата кайрылуусу
Түркия Польшадагы террордук чабуулга байланыштуу көңүл айтуу билдирүүсүн жөнөттү
Дуран: «Карабахтагы жеңиш Азербайжандын чечкиндүүлүгүнүн тарыхый символу»
Жапонияда болгон 5,7 баллдык жер титирөөдөн 20дан ашык адам жаракат алды
TRT World форумунда дүйнөлүк соода жолдору талкууланды
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дуран Нигериянын маалымат министри Малаги менен жолугушту
УЧУнун башчысы Ибрахим Калын: "Маселе Палестина эмес, маселе оккупация"
Түркия Франциянын өз шельфиндеги уруксатсыз изилдөөсүнө каршы чыкты
TRT World Forum 2026да «Түркия: Регионалдык күчтөн аймактар аралык актерго» аттуу панель өттү