ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Зеленский Украинада фронт линиясынын акыркы 10 айдын эң жакшы абалында экенин айтты
Зеленский жер жоготуулар жана кайтарылып алынган аймактар менен бирге алып караганда Украинанын аймактарды кайтарууда "бир аз артыкчылыкка" ээ экенин айтты.
Зеленский Украинада фронт линиясынын акыркы  10 айдын эң жакшы абалында экенин айтты
Зеленский Украина үчүн туруктуу тынчтык келишимине жана бекем коопсуздук кепилдиктерине жетишүүгө умтулат. / Reuters

Украинанын президенти Владимир Зеленский фронттогу абал өткөн жылдын ортосунан берки эң туруктуу абалга келгенин жана украин куралдуу күчтөрү Россиянын март айына пландалган чабуулун ийгиликтүү токтотконун жарыялады.

Согуш бешинчи жылына кирип, кагылышуулар 1200 километрден ашык фронттук тилкеде уланууда. Орус аскерлери Украинанын коргонуусун алсыратууга аракет кылып, Киев дагы каршы чабуулдарды баштоодо.

Владимир Зеленский март айындагы чабуул планынын ишке ашпаганын,  ошондуктан чабуулдардын саны көбөйүшү мүмкүн экенин, бирок учурда ири масштабдуу кооптуу коркунуч жок экенин белгиледи.

Орус аскерлери Покровск шаарына жакын жерде чогулууда

Россия  Украинанын аймагынын дээрлик 20 пайызын көзөмөлгө алган,  көпчүлүк бөлүгү  2022-жылдагы ири масштабдуу согушка чейин басып алынган. Ачык булактуу DeepState картасына ылайык, Россия январь айынын башынан бери болжол менен 500 чарчы километр алдыга жылды, бул өткөн жылга салыштырмалуу прогресстин жайлаганын көрсөтүүдө.

Украина президенти украин жана британ чалгындоо маалыматтарына шилтеме жасап, фронттун жалпысынан коопсуз экенин жана кырдаал баш -  аламан болуу менен бирге акыркы 10 айдын эң мыкты абалда экенин билдирди.

Зеленский орус бөлүктөрүнүн Донецк облусундагы Покровск логистикалык борборунун айланасында жана Запорожье облусунун түштүк-чыгышындагы Гуляйполе жакындарында чогулганын айтты.

Украинанын Башкы штабы акыркы 24 саатта 230 кагылышуу болгонун, алардын көпчүлүгү Покровск жана Запорожьенин айланасында болгонун билдирди. Билдирүүдө кагылышуулар жалпысынан аба ырайынын жылуу болушу менен күчөп, дипломатиялык аракеттердин азырынча ийгиликсиз болгону айтылды.

Зеленский АКШлык сүйлөшүүчүлөрдү Киевге чакырды

Россия Украинанын чыгышындагы Донецк аймагында күчтөрү ийгиликке жетишкенинен бат  - бат сөз кылууда жана Москва бүтүндөй аймакты басып алууну согуштун максаттарынын бири катары көрүүдө.

Москва Киевден Донецк аймагындагы көзөмөлдөгөн аймактардан чыгып кетүүнү талап кылууда. Украинанын лидери  муну четке кагып,  туруктуу тынчтык келишими менен бекем коопсуздук кепилдикти максат кылууда.

Жакынкы Чыгыштагы согуш Украинага курал-жарак жеткирүүдө белгисиздикти күчөтүп, АКШнын ортомчулугу менен жүргүзүлгөн тынчтык сүйлөшүүлөрү иш жүзүндө токтотулган бир мезгилде Зеленский АКШлык сүйлөшүүчүлөрдү Киевге чакырганын жана  андан кийин Москвага барышы мүмкүн экенин айтты.

Украина президенти азыркы шарттарда, Иран менен уланып жаткан согуш учурунда, АКШ делегациясынын Киевге баруусун жеңилдетүү үчүн колунан келгендин баарын жасай турганын жана бул техникалык топтор деңгээлиндеги үч тараптуу жолугушууга альтернативдүү формат экенин билдирди.

Иликте
Украина Россия менен болгон алмашуунун алкагында 252 адамдын сөөгүн алды
Иранда болгон селде эки адам каза болуп, эки адам дайынсыз жоголду
Президент Илхам Алиев Индиянын тышкы иштер министри Жайшанкарды кабыл алды
Президент Эрдоган Канаданын премьер-министри Карни менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү
Президент Эрдоган: «Адилеттүү чечимдер үчүн ортомчулук кылууну улантабыз»
Түндүк Кореянын Түштүк Кореянын чек арасына 960 миң мина койгону айтылууда
Израиль армиясы Батыш Шерианын түштүгүндө эки палестиналыкты өлтүрдү
Кытайдын Тибет автономиялуу аймагында 7 баллга жеткен жер титирөөдөн 16 адам каза болду
Түркияда кош жарандыгы бар жарандарга Болгарияда боло турган шайлоого катышуу үчүн чакырык салынды
Улуу Британия ыктымалдуу кризистерге даярдык көрүүгө чакырды
Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты эртең Казакстанда башталат
Орусиянын президенти Путин Украина менен макулдашууга даяр экенин билдирди
Албанияда студенттердин нааразылык акциялары уланууда
Сирия режимдин кулатылган лидери Асад жана анын бир тууганы Махир Асад боюнча Интерполго кайрылды
Президент Эрдоган ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды