САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Зеленский АКШнын Крым боюнча сын пикирлерине каршы чыкты; Трамп Орусия менен макулдашканын жарыялады
Владимир Зеленский 2018-жылы АКШ тарабынан кабыл алынган жана Орусиянын бул жарым аралды аннексиялоосун четке каккан Крым декларациясынын фотосүрөтүн бөлүштү.
Зеленский АКШнын Крым боюнча сын пикирлерине каршы чыкты; Трамп Орусия менен макулдашканын жарыялады
Zelenskyy said during a press conference in Kiev that there is "nothing to talk about" concerning the issue because it is against the country's constitution. / Reuters

АКШнын президенти Дональд Трамп Ак Үйдө журналисттерге Украинадагы согушту токтотуу үчүн Орусиянын президенти Владимир Путин жана Украинанын президенти Владимир Зеленский менен макулдашууга жетишкенин айтты.

Бирок, шаршемби күнү Трамп Зеленский менен макулдашууга жетишүү кыйын болуп жатканын кыйытты жана украин лидеринин Путинге караганда кыйыныраак маектеш экенин кошумчалады.

Ошол эле учурда Зеленский Украинанын Крым жарым аралын Орусиянын оккупациялоосун таануудан баш тартканы үчүн АКШнын сынына каршы чыкты.

АКШнын президенти Дональд Трамп шаршемби күнү “Truth Social” платформасындагы билдирүүсүндө Зеленскийдин Крымды Орусия менен сүйлөшүүлөрдөн четтетүү керек деген кызыл сызыгынын, уланып жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрүнө “чоң зыян” алып келгенин айтты.

"Эч ким Зеленскийден Крымды Орусиянын аймагы катары таануусун талап кылган жок".

Трамп «Зеленскийден Крымды Орусиянын аймагы деп таанууну эч ким сурабайт, бирок ал Крымды кааласа, он бир жыл мурун Орусияга бир да ок атылбай берилгенде эмне үчүн согушкан жок? деди.

Зеленский Киевде өткөргөн басма сөз жыйынында бул маселе боюнча "сүйлөшө турчу эч нерсе жок" экенин, анткени бул өлкөнүн Конституциясына каршы келгенин айтты.

"Украина ар дайым өзүнүн Конституциясына ылайык иш алып барат жана биз АКШ баш болгон өнөктөштөрүбүздүн да чечкиндүү кадамдарга ылайык иш алып барарына ишенебиз," - деп жазды Зеленский X платформасында Трамптын билдирүүсүнө жооп катары.

Зеленскийдин билдирүүсүндө 2018-жылы АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео тарабынан жарыяланган Крым декларациясынын фотосүрөтү да камтылды. Анда АКШ 2014-жылы Крымдын Орусия тарабынан аннексияланышын четке какканы жана "Украинанын аймактык бүтүндүгү калыбына келмейинче бул саясатты улантууга" убада бергени айтылган.

Лондондогу сүйлөшүүлөр

Зеленский шаршемби күнү Лондондо өткөн тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча Франция жана Улуу Британиянын аракеттерине да токтолуп, Киев мындай биргелешкен иштердин өлкөсүндө "туруктуу тынчтыкка" алып келет деп үмүттөнгөнүн айтты.

"Бүгүнкү эмоциялар абдан күчтүү болду. Бирок беш өлкө тынчтык орнотуу үчүн чогулганы жакшы болду: Украина, АКШ, Улуу Британия, Франция жана Германия", - деди Зеленский.

"Тараптар өз көз караштарын билдирип, бири-биринин позицияларын урматтоо менен кабыл алышты. Ар бир тарап жөн гана катышуучу болбостон, маанилүү салым кошту," - деп кошумчалады.

Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль да шаршемби күнү Киев АКШ менен экономикалык өнөктөштүк келишимин түзүүнү колдой турганын жана Украинаны калыбына келтирүү үчүн инвестициялык фонд түзүү боюнча "техникалык" сүйлөшүүлөрдү аяктоо аракеттери жүрүп жатканын билдирди.

Иликте
Тордун ханышалары Словения менен беттешет
Израилдин расмий өкүлдөрү: Нетаньяху Түркия менен чыңалуунун "керексиз" күчөшүнө алып келүүдө
Колумбиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны өсүүдө; Түркия гуманитардык жардамды  көрсөтүүдө
Түркия Президент Эрдоганга карата айтылган пикирлерге байланыштуу Израилди сынга алды
Түркия жана 11 башка өлкө Сириядагы Израилдин соккуларына каршы чыкты
Түркия Интерполдон Нетаньяхуга каршы кызыл бюллетень чыгарууну суранды
Кыргызстан мунай импорттоо тармагын кеңейтүүдө
Индонезия менен Кытайдын тышкы иштер министрлери жолугушту
Украина: "Орусиядагы мунай иштетүүчү завод менен Мариновка аскердик аэродромуна чабуулдарды жасадык"
Пакистан менен Сирия коргонуу жана коопсуздук байланыштарын кеңейтүү боюнча талкуу жүргүздү
Батыш Шериада израилдик аскерлер атып салган палестиналык тез жардам унаасы келе албай каза болду
Нигерияда кеме оодарылып, 52 адам каза болду
Гутерриш Орусиянын Киев жана Украинанын башка шаарларына чабуулдарын катуу айыптады
Орусия Москва Иранга сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого кысым көрсөтпөгөнүн айтты
Россия: "Киевдин позициясы кризисти тынчтык жолу менен чечүү мүмкүнчүлүгүн начарлатууда"