Түркия Крымдагы "де-факто кырдаалды" тааныбаганын билдирди
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын 2014-жылы Крымды аннексиялашы эл аралык укуктун бузулушу экенин айтып, Украинанын эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө колдоосун кайталады.
Орусиянын Крымды "мыйзамсыз референдум" аркылуу аннексиялашынын 12-жылына карата Түркия дүйшөмбү күнү "Крымдагы де-факто кырдаалды" тааныбаганын жана бул "эл аралык укукту бузуу" экенин билдирди.
Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө: "Украинанын көз карандысыздыгын, эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бекем колдой берген өлкөбүз жарым аралдагы окуяларды, өзгөчө Крым татар түрктөрүнүн абалына кылдат байкоо салып күн тартибинде кармап тура берет", - деп айтылды.
Орусия 2014-жылы Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алган. Бул кадам Түркия жана БУУнун Башкы Ассамблеясы сыяктуу эл аралык коомчулук тарабынан мыйзамсыз деп табылган.