Исландия "Евровидение" ыр сынагынан чыккан бешинчи Европа өлкөсү болуп калды
Исландия өткөн аптада Израилдин сынакка катышуусу темасында добуш берилишин талап кылган өлкөлөрдүн катарында эле.
Исландиянын коомдук телерадиокомпаниясы RUV шаршемби күнү Европа телерадиоберүү биримдиги (EBU) өткөн аптада Израилдин катышуусун бекиткенден кийин 2026-жылдагы Евровидение ыр сынагына катышпай турганын жарыялаган.
Израилге май айында Венада өтө турган кийинки Евровидениеге катышууга уруксат берүү чечими мурда Испания, Нидерландия, Ирландия жана Словениянын Израилдин согуштук аракеттерине нааразычылык билдирүү максатында сынакка катышуудан баш тартуусуна алып келген.
RUV компаниясынын башкы директору Стефан Эйрикссон өз билдирүүсүндө: "Өлкөбүздөгү коомдук талкуудан жана өткөн аптада EBUнун чечимине болгон реакциядан көрүнүп тургандай, RUVнун катышуусуна байланыштуу кубаныч да, тынчтык да болбойт", - деди.
Исландия өткөн аптада Израилдин сынакка катышуусу темасында добуш берилишин талап кылган өлкөлөрдүн катарында эле.
Бирок Европа телерадиоберүү биримдиги (EBU) өкмөттөрдүн сынакка таасир этүүсүнө жол бербөөгө багытталган жаңы эрежелерди жактырганын айтып, Израилдин катышуусу боюнча добуш берүүнү өткөрүүдөн баш тартты.
Исландия Евровидение ыр сынагында эч качан жеңишке жеткен эмес, бирок 1999 жана 2009-жылдары экинчи орунду ээлеген. EBU маалыматына караганда, “Евровидение” ыр сынагы 1956-жылдан бери өткөрүлүп келет жана болжол менен 160 миллион көрүүчүнү камтыйт.