ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Израилдик жетекчилер: Хамас куралдарды таштабаса согуш улантылат
Израилдик бир жетекчи Тель Авив башкаруусунун Газада пландалган 60 күндүк ок атышпоону Хамастын курал таштоосун талап кылган туруктуу ок атышпоо сунушун күн тартибине алып келүү үчүн карап чыгарын билдирди.
Израилдик жетекчилер: Хамас куралдарды таштабаса согуш улантылат
/ Reuters

Жогорку мартабалуу Израилдик бир жетекчи Израиль менен Хамастын Газада ок атышпоо жана туткундарды алмаштыруу боюнча бир же эки жуманын ичинде макулдашууга жетише аларын, бирок мындай келишимдин бир күндө жыйынтыкталбай турганын айтты.

Израилдин премьер - министри Биньямин Нетаньяхунун Вашингтон сапарында сөз сүйлөгөн жетекчи шаршемби күнү берген маалыматында тараптардын сунуш кылынган 60 күндүк ок атышпоону кабыл алышы менен Израилдин бул убакытты Палестина каршылык көрсөтүү тобунун куралсыздануусун керек кылган туруктуу ок атышпоону сунуш кылуу үчүн колдонорун айтты.

Атынын аталышын каалабаган жетекчи Хамас сунушту четке кага турган болсо геноцидди “уланта беребиз” деди.

Бул билдирүүлөр АКШнын блокада астындагы Газада ок атышпоо келишимин кабыл алышы үчүн Израилдин премьер-министр Биньямин Нетаньяхуга кысым жасап жаткан бир мезгилге туш келди.

Буга чейин Израилдин башкы оппозиция лидери Яир Лапид премьер - министр Нетаньяхунун Газанын түштүгүндөгү "Мораг коридорун" күн тартибине алып келип ок атышпоо келишиминин түзүлүшүндөгү токоолдук катары сунуштоосун катуу сөздөр менен сынга алды.

Оппозициянын лидери Яир Лапид Израилдин КАН мамлекеттик телерадиокомпаниясына берген маегинде : “Нетаньяху келишимге тоскоолдук жаратууда”,- деди.

«Эми капысынан Морaг Коридору биздин жашообуздун негизги таянычына айландыбы?» — деп кошумчалады.

Израилдин кыргыны

Израиль 2023-жылдын 7-октябрынан бери блокада астындагы Газада көпчүлүгү аялдар жана балдар болгон 57000дөн ашуун палестиналыкты өлтүрдү.

Палестинанын расмий WAFA маалымат агенттигинин маалыматы боюнча, болжол менен 11000 палестиналыктын кыйраган үйлөрдүн урандыларынын астында калуу коркунучу бар.

Бирок эксперттер Газада каза болгондордун чыныгы саны Палестина бийликтери жарыялагандан дагы көп экенин айтышып, болжол менен 200 миңге жакын экендигин болжолдошууда.

Геноциддин жүрүшүндө Израиль аймактын көпчүлүк бөлүгүн кыйратып, дээрлик калктын бардыгын көчүүгө мажбур кылды.

Израил ошондой эле гуманитардык жардамдын киришине тоскоолдук кылып, БУУнун жардам иштерин жокко чыгаруу максатында гана түзүлгөн АКШ колдогон жана "өлүм тузагы" деп сынга алынган талаштуу жардам тобунун киришине гана уруксат берди.

Иликте
Польшанын премьер-министри Туск Анкарадагы НАТО саммитинин алдында "биримдикке" чакырды
Трамптан Рюттеге нааразычылык: Иран согушу боюнча НАТОнун колдоосу "көңүл калтырды"
Трамп Венесуэлага кылымдын эң күчтүү жер титирөөсүнөн кийин жардам сунуштады
Президент Эрдоган: Израилдин провокацияларына карабастан аймакта тынчтык орнойт
Францияда КДРдагы эпидемия менен байланыштуу алгачкы эбола учуру аныкталды
Бириккен Улуттар Уюмунун эвакуация планы боюнча Ормуз кысыгынан кемелер өтө баштады
АКШ Түркияга реактивдүү кыймылдаткычтарды сатуу процессин тездетип жатат
Бишкектеги ШКУнун бизнес - форумунда 150 миллион долларлык келишимге кол коюлду
Нуман Куртулмуш Бакуда Азербайжандын Улуттук Парламентинин спикери Гафарова менен жолугушту
Трамп: "Түркиядагы НАТО саммитине Эрдоган үчүн катышып жатам"
Түркия менен Египеттин ортосундагы жакындашуу Афина үчүн тынчсызданууну жаратууда
Тышкы иштер министри Фидан эртең Канадага барат
Рубио Жакынкы Чыгышка сапарын баштады; Союздаш өлкөлөр Иран тууралуу суроолорго жооп күтүшүүдө
Байрактар: "Түркия атомдук электр станцияларын курушу керек"
Түркия ФИБАнын Дүйнөлүк Кубогунун Европа тандоо оюндарынын "күч рейтингинде" биринчи орунда