Израиль Газа тилкесинен медициналык жардам алуу үчүн бейтаптарды эвакуациялоого эки жумадан бери тоскоолдук кылууда. Медициналык жардам алуу үчүн эвакуацияга муктаж болгон 21 миңден ашуун адамдын ичинен 2 миңден ашууну каза болду.
Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги Израилдин Рафах чек ара бекетин жабуусуна байланыштуу билдирүү таратты.
Билдирүүдө: «Израиль Рафах чек ара бекетин экинчи жумадан бери жаап, бейтаптар менен жарадарларды чет өлкөгө дарыланууга эвакуациялоого жол бербей жатат», — деп айтылат.
Министрлик Израилдин бул аракеттери эл аралык гуманитардык укукту бузуп, палестиналык бейтаптар менен жарадарларды дарыланууга болгон негизги укугунан атайылап ажыратып жатканын белгиледи.
Эвакуациянын тоскоолдукка учуратылышы менен «кооптуу жана тездик менен көбөйүп жаткан оор учурлар» тууралуу эскертилген билдирүүдө: "Күтүү тизмесиндеги бейтаптардын абалы күн сайын начарлап баратат. Бул талкаланган жана курчоого алынган ооруканалардын кубаттуулугун, ал тургай минималдуу дарылоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн да ашып кетти",-деп айтылды.
Билдирүүдө Рафах жана башка бардык чек ара өтмөктөрүн ачып, оор абалдагы бейтаптар менен жаракат алгандардын аймактан чыгышына мүмкүнчүлүк бериши үчүн Израилге кысым көрсөтүүгө чакыруу жасалды.
Газа тилкесиндеги медициналык жардам бөлүмүнүн башчысы, доктор Мухаммед Абу Афеш Израилдин чектөөлөрүнөн улам Газада 2027 бейтаптын дарыланууну күтүп жатып же аймактан тышкары дарылануу үчүн эвакуацияланып жаткан учурда каза болгонун билдирди.
Афеш ошондой эле Газада 21 миңден ашуун адам медициналык эвакуацияга муктаж экенин белгиледи.
Израилдин саламаттыкты сактоо тармагына каршы системалуу мыйзам бузуулары
Газа тилкесинде Израиль армиясынын геноциддик чабуулдарынан жана катуу блокадасынан эң көп жабыркаган тармактардын бири — саламаттыкты сактоо тармагы.
Жаракат алгандардын саны 175 миңден ашкан Газада өнөкөт оорулар жана узак мөөнөттүү дарылоону талап кылган учурлар менен катар, буту-колунан ажыраган миңдеген бейтаптар да катталган.
Израилдин ооруканаларды бутага алып, иштен чыгарышы, ошондой эле медициналык каражаттарды жана генераторлорду иштетүү үчүн зарыл болгон күйүүчү майды киргизүүгө чектөө коюшу саламаттыкты сактоо кызматтарынын үзгүлтүккө учурашына алып келүүдө.
Израиль ошондой эле 2025-жылдын 10-октябрында күчүнө кирген ок атышпоо келишимин чабуулдары менен бузууну улантууда.
Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматына ылайык, ок атышпоо келишими күчүнө киргенден бери Израилдин келишимди бузган чабуулдарынан 1501 палестиналык каза болуп, 5323 адам жаракат алган.
2023-жылдын октябрынан бери Израилдин Газа тилкесине жасаган чабуулдарынан 74 миңден ашуун палестиналык каза болуп, 175 миңден ашууну жаракат алган. Инфраструктуранын болжол менен 90 пайызы талкаланган.



















