ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Франция Ислам Кеңсеси француз мусулмандардын өздөрүн коопсуз сезбегендерин билдирди
Франция Ислам Кеңеши ачыкка чыгарылган өкмөт отчетунун тынчсызданууларды күчөтүп жатканын айтып, экстремизмге каршы так жана маалыматка негизделген көз карашты талап кылды.
Франция Ислам Кеңсеси  француз мусулмандардын өздөрүн коопсуз сезбегендерин билдирди
/ Anadolu Agency

Франция Ислам Кеңеши (CFCM) өкмөт тарабынан даярдалган мусулман саясий коомчулуктарга тиешелүү баяндамадан үзүндүлөрдү жарыялангандан кийин, Франциядагы мусулман жарандардын өздөрүн "дайыма шектенүү" астында сезип жатканын билдирди.

CFCM шаршемби күнү жасаган жазуу жүзүндөгү билдирүүсүндө, отчеттун мүмкүн болуучу кесепеттеринен тынчсыздануусун билдирип: "Бүгүнкү күндө көптөгөн мусулман жарандар өздөрүн дайыма шек саналып, коопсуз сезип жатышкандарын" айтты.

Француз гезити “Le Figaro” шаршемби күнү эки жогорку мартабалуу мамлекеттик кызматкер тарабынан Коргонуу Кеңешине сунуштоо үчүн даярдалган “Саясий Исламизм жана Мусулман Биримдиги” деп аталган отчеттун үзүндүлөрүн жарыялады.

CFCM бул отчетту “кеңири шек саноону күчөтүүдө” деп сынга алып, экстремизмге байланыштуу коркунучтарды карап чыгууда так жана маалыматка негизделген ыкманы колдонууну талап кылды.

“Исламга негизделген экстремизмге каршы күрөш, бул Франциядагы мусулмандардын жана бардык жарандарыбыздын жашоосуна терең зыян келтирүүдө, биздин негизги артыкчылыктарыбыздын бири,” - деп билдирди топ.

“Бирок бул күрөш коркунучту так карап чыгууга, так маалыматка жана бул коркунучту жайгандардын ачык түрдө аныкталышына негизделиши керек”,- деди.

Адилетсиз шектенүү жаратуу

Топ "Мусулман агайындар", "Саясий ислам" жана "Исламчыл демилгечилик" сыяктуу белгисиз терминдердин колдонулушунан улам тынчсыздануусун билдирип, бул терминдердин аныкталбаган колдонулушу "бир жактуу башаламандыкка" жол ачкандыгын белгиледи.

Толук отчет коомчулукка жарыялана элек болсо да CFCM өзгөчө “Мусулман агайындар” менен байланыштуу экендиги айтылган ибадатканалар, мекемелер, коомдор жана жеке адамдардын аныкталышында жыйынтыктардын туура эмес колдонулушу тууралуу “терең тынчсыздануусун” билдирди.

"Бул актерлордун ким экендиги тууралуу белгисиздик, коюлган айыптоолордун олуттуулугу менен бириккенде өлкөбүздөгү бардык мусулман структураларына адилетсиз шек келтирүү ыктымалдыгын жогорулатат", - деп айтылды билдирүүдө.

"Бул абал чыныгы кесепеттерге алып келүүчү кыялдарды жана кутум теорияларды жаратуу коркунучун туудурат: стигматизация, кол салуулар, француз мусулмандарынын физикалык коопсуздугуна карата коркунучтар жана ибадатканаларга карата кол салуулар."

CFCM бүгүн Францияда жөн гана мусулман болуу же мусулман катары кабыл алынуу "шектенүүнү жаратат" деп белгилеп, бул түшүнүктү "жалган" жана "өтө кооптуу" деп мүнөздөдү.

Топ :“Француз калкы бул маселелердин идеологиялык, медиа же саясий максаттар менен туура эмес колдонулбашы үчүн бийликтен дагы көп тактыкты күтөт”,- деди.

“Түшүнбөстүктөрдү, фантазияларды, жек көрүүнү жана коркууну болтурбоо үчүн көбүрөөк тактык жана ачыктык керек.”

Иликте
Пезешкиан: Иран "согуш да, тынчтык да эмес" деген кырдаалдын токтошун каалайт,компромисске барбайт
Пакистан жана Малайзия коопсуздук чөйрөсүндө кызматташууну тереңдетүү боюнча макулдашты
Израилдин аскер кызматкерлери Нетаньяху шайлоону кийинкиге калтыруу үчүн чыңалууну күчөткөнүн айтат
Тордун ханышалары Словения менен беттешет
Украиналык дрондор Самара облусундагы өнөр жай объектисин жана Ozon платформасынын кампасын атты
Иран армиясынын өкүлү: Иран армиясы коргонуудан чабуулга өттү
Израилдин расмий өкүлдөрү: Нетаньяху Түркия менен чыңалуунун "керексиз" күчөшүнө алып келүүдө
Колумбиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны өсүүдө; Түркия гуманитардык жардамды  көрсөтүүдө
Түркия Президент Эрдоганга карата айтылган пикирлерге байланыштуу Израилди сынга алды
Түркия жана 11 башка өлкө Сириядагы Израилдин соккуларына каршы чыкты
Түркия Интерполдон Нетаньяхуга каршы кызыл бюллетень чыгарууну суранды
Кыргызстан мунай импорттоо тармагын кеңейтүүдө
Индонезия менен Кытайдын тышкы иштер министрлери жолугушту
Украина: "Орусиядагы мунай иштетүүчү завод менен Мариновка аскердик аэродромуна чабуулдарды жасадык"
Пакистан менен Сирия коргонуу жана коопсуздук байланыштарын кеңейтүү боюнча талкуу жүргүздү