ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Путин Кимге : "Аскерлериңиз Украинага каршы эр жүрөктүүлүк жана баатырдык менен согушту",- деди.
Россиянын президенти Владимир Путин түндүк кореялык аскерлерге Россиянн Курск аймагындагы баатырдык аракеттери үчүн ыраазычылык билдирди.
Путин Кимге : "Аскерлериңиз Украинага каршы эр жүрөктүүлүк жана баатырдык менен согушту",- деди.
/ Reuters

Россиянын президенти Владимир Путин шаршемби күнү Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынга украин күчтөрүнө каршы күрөшкөн түндүк кореялык аскерлердин эр жүрөктүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Путин Кытайда болгон жолугушууда Кимге кайрылып :“Белгилүү болгондой сиздин демилгеңиз менен атайын күчтөрүңүз Курск аймагын бошотууга катышты”, – деди

“Аскерлерииз эр жүрөктүүлүк жана баатырдык менен согушту”,- деди.

Түндүк Кореянын аскерлери быйылкы жылдын башында Россиянын батышындагы Курск аймагынан украин күчтөрүн сүрүп чыгарууга жардам беришкен.

“Куралдуу күчтөрүңүздүн жана аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнүн көрсөткөн жардамдарын эч качан унутпай турганыбызды баса белгилегим келет”, – деди Путин.

“Орус элинин атынан биргелешкен күрөшкө катышканыңыз үчүн сизге ыраазычылык билдиргим келет. Түндүк Кореянын бардык элине болгон ыраазычылыгымды билдрүүңүздү суранам”,- дед Путин.

Миңдеген аскерлер

Август айынын ортосунда Путин Кимге кат жөнөтүп, Түндүк Кореянын аскерлеринин Украинага каршы күрөшүнөжогору баа берген.

Путин Кореянын Япониянын эгемендигинен куткарылган күнүнө карата жазган катында Советтик Кызыл Армиянын бөлүктөрү менен Түндүк Кореянын күчтөрү Япониянын колониялык оккупациясын токтотуу үчүн кантип биргелешип күрөшкөнүн эске салды.

Россия менен Түндүк Корея өткөн жылы Путиндин бул изоляцияланган мамлекетке жасаган сапарында өз ара коргонуу келишимине кол коюшуп, барган сайын дагы жакын карым - катнаштарды өнүктүрүшүүдө.

Түндүк Корея апрель айында биринчи жолу Украинага каршы фронтко орус аскерлеринин жанында аскердик топ жөнөткөнүн ырастаган.

Түштүк Кореянын жана Батыштын чалгындоо агенттиктери Пхеньяндын 2024-жылы Россиянын Курск аймагына 10 миңден ашуун аскер, артиллериялык снаряд ракета жана узак аралыкка атылуучу ракеталык системаларды жөнөткөнүн билдиришкен.

Сеул башкаруусу Россия үчүн согушуп жаткан 600гө жакын түндүк кореялык аскердин каза болгонун жана миңдегенинин жаракат алганын билдирди.

Иликте
Израиль Газадагы ок атышуу эрежесин бузуп, төрт палестиналыкты өлтүрдү
Түркиянын "AKYA" торпедосу чыныгы ок - дары менен атуу сыноосунда бутадагы кемени жок кылды
Кыргызстан менен Беларус соода көлөмүн 500 миллион долларга чейин көбөйтүүнү максат кылууда
Пакистан менен Иран терроризмге жана баңги затка каршы күрөшүүдө кызматташуусун күчөтөт
Иран: "АКШ менен маалымат алмашуу жана ортомчулук аракеттери уланууда"
Россиянын түштүгүндөгү Wildberries логистикалык борборлоруна дрон менен чабуул жасалды
Түрк аскерлеринин Сомалидеги миссиясынын мөөнөтү 2 жылга узартылды
АСЕАН Түркияга диалог өнөктөшү статусун берди
Түркия Жер Ортолук деңизиндеги байыркы шаарда 2000 жылдык негизги жолду ачыкка чыгарууда
БУУ:2026-жылдын биринчи жарымында Россия-Украина согушунда карапайым калктын өлүмү 37% өстү
Дүйнөлүк башаламандык шартында АСЕАН биримдикке чакырган маанилүү саммит баштады
Лавров Түндүк Кореянын Тышкы иштер министри  Цой Сон Хи менен жолугушту
АКШ Иранга каршы жаңы чабуулдарды баштады жана Иранда көптөгөн жарылуулардын болгону билдирилди
Түркия: "90 жылдан бери Монтрё кысыктары конвенциясын кылдаттык менен ишке ашырып келе жатабыз"
Президент Эрдоган: "Биз Кипр түрк элин эч качан адилеттүү күрөшүндө жалгыз калтырбайбыз"