САЯСАТ
1 мүнөт окуу
Сеул: Пхеньян Москвага артиллериялык снаряддардын зор запасын жөнөткөн
Түштүк Корея ошондой эле Түндүк Корея келерки эки айда Орусияга дагы көбүрөөк аскерлерди жөнөтүшү мүмкүн деп билдирди.
Сеул: Пхеньян Москвага артиллериялык снаряддардын зор запасын жөнөткөн
Түндүк Корея Украинадагы согушта Орусияга жардам берүү үчүн миңдеген аскерин жиберди. / Reuters

Түндүк Корея Орусиянын Украинадагы согушуна колдоо көрсөтүү үчүн 12 миллион 152 мм артиллериялык снаряд жөнөткөнүн жекшемби күнү Йонхап маалымат агенттиги Түштүк Кореянын аскердик чалгындоосуна таянуу менен билдирди.

Коргоо министрлигине караштуу Аскердик чалгындоо департаменти (DIA) негизги оппозициялык партиядан бир депутатка берилген отчетто Түндүк Кореянын 28 миң контейнер курал жана ок-дары жибергени белгиленди.

DIA мындай деп билдирди: "Бул сумма 152 мм жалгыз снаряддар менен эсептелгенде, жөнөтүлгөн ок-дарылардын жалпы саны 12 миллиондон ашат деп болжолдонууда."

Июнь айынын аягында Түштүк Кореянын чалгындоо кызматы Түндүк Корея алдыдагы эки айдын ичинде Орусияга кошумча аскерлерин жөнөтүшү мүмкүн деп божомолдогон.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин ортосунда 2024-жылы июнь айында Пхеньянда кол коюлган стратегиялык өнөктөштүк келишиминен кийин Түндүк Корея Орусиянын согуш жана кайра куруу аракеттерине колдоо көрсөтүп, Украина чек арасындагы Курск аймагына миңдеген аскерин жайгаштырган.

Апрелде жарыяланган дагы бир баалоодо, Түштүк Кореянын чалгындоо кызматы Орусия менен бирге согушуп жаткан Түндүк Кореянын аскерлери болжол менен 4700гө жакын жабыркоого учурап, алардын 600ү каза болгонун билдирген.

Иликте
Россия: "Украина кризисти тынчтык жолу менен чечүүнү каалабайт"
Россия Украинанын 376 дронун атып түшүргөнүн жарыялады
Сабиха Гөкчен аэропорту алгачкы 6 айда 23,6 миллион жүргүнчүнү кабыл алды
Президент Эрдоган НАТО саммитинин алкагында Албаниянын премьер-министри Раманы кабыл алды
Президент Эрдоган Словакиянын президенти Пеллергини менен жолугушту
Түркия дүйнөдөгү калкы эң көп 18 -  өлкө болду
Трамп Иранды "чабуулдар катуу болушу мүмкүн" деп коркутту
Трамп: Эрдоган мыкты эле, НАТО узун жолду басып өттү
Иран жаңы чабуулдардан кийин АКШны эскертти жана Тегерандын Ормуз кысыгынын тагдырын чечерин айтты
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"