ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Ирандын тышкы иштер министри: "Катар аркылуу сунушубузду АКШга жеткирдик, жообун күтүп жатабыз"
"(Ирандын өзөктүк маселе боюнча жеңилдик берет деген дооматтары) Ирандын позициясы эч өзгөргөн жок, бул боюнча (өзөктүк маселе) эч кандай сүйлөшүү болбоду. Учурдагы талкуулар Ормуз кысыгына байланыштуу."
Ирандын тышкы иштер министри: "Катар аркылуу сунушубузду АКШга жеткирдик, жообун күтүп жатабыз"
(АРХИВ) Ирандын тышкы иштер министри: "АКШнын жообун күтүп жатабыз"

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи ортомчулар аркылуу АКШга билдирилген сунуштардын жообун күтүп жатканын белгилеп, өзөктүк маселе боюнча эч бир жеңилдикке барбаганын жана сүйлөшүүлөрдүн бир гана Ормуз кысыгына багыталганын айтты.

IRNA расмий кабар агенттигинин билдиргение караганда Нью‑Йоркто басма сөзгө маалымат берген Аракчи АКШ менен ортомчулар аркылуу уланып жаткан кат алышууга байланыштуу маалымат берди.

Кечээ катардык ортмчулар менен жолугушканын айткан Аракчи Ирандын шарттарынын аткарылышына карата пикир алышкандарын жана АКШнын акыркы жообун күтүп жатканын билдирди.

Аракчи: “Катар бул пикирлерди АКШга билдирет жана эртеңкиге чейин жооптун кеоерин ойлоп жатабыз. Бир жооп келгенден кийин Тегеранда чечим чыгарылат”,- деди.

«Өзөктүк маселе боюнча эч кандай сүйлөшүү болгон жок»

Эл аралык басма сөздө: "Иран өзөктүк маселе боюнча жеңилдиктерге барат" деген маалыматтарды четке каккан Аракчи: "Ирандын позициясы өзгөргөн жок; бул маселе боюнча (өзөктүк маселе) эч кандай талкуу болгон жок. Учурдагы талкуулар Ормуз кысыгына тиешелүү", - деп билдирди.

Аракчи ошондой эле Ормуз кысыгынын АКШ Ирандын шарттарын аткарган учурда гана ачылаарын билдирди.

Ирандын диний лидери Мужтаба Хаменеинин белгилүү бир шарттары бар экенин жана Ормуз кысыгынын ачылышы ушул шарттардын аткарылышынан көз каранды экенин айткан Аракчи: "Ирандын шарттары толугу менен адилеттүү жана логикалуу. Эгерде америкалыктар келишимди колдойбуз деп айтышса же тынчтык жолу менен чечим издеп жатабыз деп билдирсе, биз ал чечимди сунуштайбыз", - деди.

Иликте
Президент Эрдогандын түрк мамлекеттерин кызматташтык күнү менен куттуктады
Халук Гөргүн: "Коргонуу өнөр жайыбыздын күчү жаштарыбыздын акылы жана жүрөгү"
Трамп Түркияга карата CAATSA санкцияларын жоюуга оң көз карашын билдирди
Тышкы иштер министрлигинин "Түрк мамлекеттеринин кызматташтыгы күнүнө" карата билдирүүсү
Россия Киевде бир көпүрөгө сокку урду, жол кыймылы токтоду
Трамп: "Эгерде Иран маселеси чечилсе, мунайдын баасы төмөндөйт"
Европа Биримдиги Украинага 2,9 миллиард евро өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтөт
Гүлер: "Кавказдын коопсуздугу Түркия, Азербайжан жана Грузиянын коопсуздугунан бөлөк каралбайт"
Россияда ички рынок турукташкандан кийин бензин экспорту кайра жандана турганы белгиленди
Путин Россияга түз кол салуу болсо бардык куралдардын колдонулушу күн тартибине келерин белгиледи
Конго Демократиялык Республикасындагы Эбола вирусунан 3982 адам каза болду
Түркия хуситтердин Мединадагы жарандык инфраструктурага кол салуусун катуу айыптады
Улуттук коргоо министри Гүлер азербайжандык жана грузиялык кесиптештери менен жолугушту
ТЕКНОФЕСТтин Түштүк  - Чыгыштагы үчүнчү күнү
Кыргызстан алгачкы улуттук спутнигин космоско учурду