САЯСАТ
1 мүнөт окуу
Австралия менен Вьетнам ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү боюнча макулдашты
Австралиянын премьер-министри Энтони Албаниз Вьетнамдын президенти То Лам менен жолугушту.
Австралия менен Вьетнам ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү боюнча макулдашты
Австралиянын премьер-министри Энтони Албаниз Вьетнамдын президенти То Лам менен жолугушту.

Австралия менен Вьетнам ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү аркылуу коргонуу жана коопсуздук тармагындагы кызматташтыкты арттырууга макулдашышты.

Австралиянын Премьер-министрлик кеңсесинин билдирүүсүндө, Австралиянын премьер-министри Энтони Албаниз өлкөсүнө барган Вьетнамдын президенти То Лам менен жолугушканы белгиленди.

Билдирүүдө лидерлер эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү боюнча келишим түзүп, коргонуу, коопсуздук жана соода тармактарында кызматташууну бекемдөөгө макулдашканы кабарланды.

Эки өлкөнүн персоналды окутуу, маалымат алмашуу, ден соолук, деңиз коопсуздугу жана издөө-куткаруу иштери, ошондой эле кибердик кылмыштар, интернет алдамчылыгы, адам сатуу жана терроризм менен күрөшүү сыяктуу темаларда кызматташтыкты арттыруу боюнча макулдашкандары билдирилип, Албаниз менен То Ламдын Түштүк Кытай деңизиндеги абалдан «тынчсызданганы» айтылды.

Билдирүүдө лидерлердин Түштүк Кытай деңизинде тынчтыкты, коопсуздукту, ырааттуулукту жана кеме жүрүү эркиндигин сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп, чыңалууну сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырышканы маалымдалды.

Албаниз менен То Ламдын Мьянмадагы кризистин чечилиши үчүн Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы (АСЕАН) макулдашкан 5 берененин ишке ашырылышын жана «зордук-зомбулукту тез арада токтотуу, гуманитардык жардамга тоскоолдуксуз жетүү жана инклюзивдик диалог түзүүнү» талап кылганы билдирилди.

Иликте
Иран Ормуз кысыгын ачуу үчүн алты шарт койду
Япониянын дрондорго жана жасалма интеллектке багытталган 56 миллиард долларлык коргонуу бюджети
Трамп өлкөгө мыйзамсыз көчүп келүүчү мигранттардын кирүүсүн токтотууну талап кылды
Орусия: НАТО жана ЕБ эл аралык терроризмдин бир бөлүгү болуп калды
Киевдин айланасында Орусиянын ракета жана УУА чабуулдарынан 14 адам каза болду
Дрондор түнү бою Орусиянын аймактарына сокку уруп, Москвада беш адам каза болду
Израиль армиясы жана мыйзамсыз отурукташкандар июль айында Батыш Шериага 2256 жолу кол салды
Израилдин коргоо министри Кацтын Иранды коркутуусу
Росатом: Кара деңизде УУАлардын чабуулунан кийин контейнер кемеси чөгүп кетти
Трамп Иранга пландалган чабуулун жоюп салды
Зеленский Орусиядагы үч мунай иштетүүчү заводго жана бир контейнер кемесине сокку урганын билдирди
Орусиянын Киевге абадан жүргүзгөн чабуулунан 9 адам каза болуп, 28 адам жаракат алды
Орусия: "Биз Украинанын порт инфраструктурасына жана аскердик жүк ташуучу кемесине сокку урдук"
Ирандын аскерлери: "Биз Кувейттеги Ахмед аль-Жабир аба базасын бутага алдык".
Ирандын революциялык гвардиясы: "АКШнын кийлигишүүсү улана берсе, Ормуз кысыгы кайра ачылбайт"
Украинада орусиялык ракета чабуулунан алты адам каза болду, анын ичинде балдар да бар
Кипрде БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин жетекчилиги астында үч тараптуу жолугушуу башталды
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрхүрман БУУнун баш катчысы Гутеррешти кабыл алды
Франциянын президенти Макрон Түркияга өрт өчүрүү учактарын жөнөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди
АКШнын президенти Трамп Нетаньяхунун Түркияга F-35 учактарын сатууга каршылыгына жооп берди.