ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Сара Маллалли Британия чиркөөсүнүн биринчи аял лидери болду
Британиянын 108 епискобунун 40тан ашыгы азыр аялдардан турат, дин кызматкерлеринин арасында да ушундай эле катыш бар. Аялдардын чиркөөдө кызмат кылышына биринчи жолу 1990 - жылдардын башында уруксат берилди.
Сара Маллалли Британия чиркөөсүнүн биринчи аял лидери болду
63 жаштагы Муллалли Кентербери чиркөөсүнүн 106-архиепискобу болду. / Сүрөт: Reuters / Reuters

Сара Маллалли Англия чиркөөсүнүн Кентербери епискобу болуп дайындалып, бул кызматка келген биринчи аял болду. Британия чиркөөсүнүн теги Рим империясына чейин барса да, бул дайындоо дүйнө жүзүндөгү англикан коомчулугу үчүн да бир бурулуш жери болду.

Британия өкмөтү ушул жылдын башында кыянаттык кылгандыгы үчүн кызматтан кеткен Жастин Уэлбинин ордуна Маллаллинин талапкерлиги комитет тарабынан сунушталып, король Чарльз III тарабынан жактырылганын билдирди.

Британия чиркөөсү дүйнөлүк англиканизмдин башкы чиркөөсү катары белгилүү. 63 жаштагы Маллалли чиркөөнүн 106-Кентербери епископу болду. Биринчи епископ 6-кылымдын аягында дайындалган.

Мурунку медайым Маллалли билдирүүсүндө, жаңы ролунун "чоң жоопкерчилик" экенин моюнга алды, бирок ал бул милдетти "Кудайга болгон ишеним жана тынчтык" сезими менен аткарарын билдирди.

Премьер-министр Кир Стармер бул кызматка келген биринчи аял болгон Маллаллинин дайындалышын ыраазычылык менен кабыл алды. Стармер: "Британия чиркөөсү бул өлкө үчүн чоң мааниге ээ. Чиркөөлөр, соборлор, мектептер жана кайрымдуулук уюмдары биздин коомдун ажырагыс бөлүгү", - деп кошумчалады жана жаңы архиепископтун "улуттук жашообузда маанилүү роль ойнойт» деп кошумчалады.

Уэлби чиркөөнүн 1970-жылдардагы бир катар кыянаттык иштерди жаап-жашырганын жана 2013 – жылы бул окуялар тууралуу билсе да  бийликке билдирбегени ачыкка чыккандан кийин кызматынан кетти.

Көз карандысыз иликтөөгө ылайык, 1970-1980-жылдары евангелисттик жайкы лагерлерди башкарган юрист Жон Смит 130га жакын эреке балага ыдык көрсөткөн.

Смит 2018-жылы Түштүк Африкада 75 жашында каза болгон. Британ полициясы тарабынан тергөө жүргүзүлгөнүнө карабастан,  эч качан кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес.

Бул чыр  - чатак Британияны дүрбөлөңгө салып, Британия чиркөөсүндө реформа жүргүзүү чакырыктарын да алып келди.

Британия монархиясынын башчысы, тагыраак айтканда, король III Чарльз Британия чиркөөсүнүн эң жогорку башкаруучусу болуп саналат.

Англия чиркөөсүнүн 20 миллионго жакын вафтиз мүчөсү бар, бирок 2022-жылдагы маалыматтарга ылайык, чиркөө менен үзгүлтүксүз катышкандардын саны бир миллиондон аз.

Маллалли узакка созулган тандоо процессинен кийин король Король III Чарльз тарабынан дайындалган. Бул процесс Британиянын ички коопсуздук кызматы MI5тин мурдагы башчысы тарабынан башкарылган.

Англикан чиркөөсү 1530-жылдары король Генрих VIII Рим-католик чиркөөсүнөн бөлүнгөндөн кийин мамлекеттин расмий чиркөөсү болду.

Маллалли 2002-жылы дин кызматчысы болуп дайындалып, 2018-жылы Лондондун биринчи аял епискобу болгон. Чиркөө көп жылдык талаш-тартыштардан кийин 2014-жылы аялдардын епископтук кызматты аткаруусуна уруксат бере баштаган.

Англикан дүйнөсүндөгү кээ бир чиркөөлөр көптөн бери аялдарга бул кызматты аткарууга уруксат берүүдө.

Биринчи аял епископ 1989-жылы Америка Кошмо Штаттарында дайындалган. Британиядагы 108 епископтун 40тан ашууну азыр аялдардан турат жана дин кызматкерлеринин арасында да ушундай эле катыш бар.

Аялдарга биринчи жолу 1990-жылдардын башында чиркөөлөрдө кызмат кылууга уруксат берилген.

Иликте
Президент Эрдоган Болгариянын премьер-министри Радев менен телефон аркылуу сүйлөштү
Түркия менен Азербайжандын лидерлери эки тараптуу мамилелер менен аймактык окуяларды талкуулашты
Пакистан менен Мальдивдер соода, коргонуу жана деңиз коопсуздугу жаатындагы кызматташтыкты бекемдейт
Путин менен Витков, Санкт-Петербургда Украинадагы согуш тууралуу сүйлөштү
Украина: "Орус армиясынын чабуулдарынан 5 адам каза болуп, 56 адам жаракат алды"
Эрдоган: "Сириянын чалгындоо кызматынын жана Түрк чалгындоо уюмунун баатырларын куттуктайм"
Түркия менен бирге төрт өлкө Бедир өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту
Пакистанда жүргүнчү ташыган автобус оодарылып, 10 адам каза болду
Иран: Инфраструктурабызды бутага алышса Ормуз кысыгынын астындагы интернет кабелдерин жок кылабыз
Россиядан АКШга дизелдик күйүүчү май ташыган биринчи танкердин эртең жолго чыгышы пландалууда
Хуситтер: "Аденде Сауд Арабиясынын операциялык штабы жайгашкан аскердик лагерге сокку урдук"
Министр Гүлер катарлык кесиптеши менен жолугушту
Түндүк Корея менен Орусия билим берүү тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүнү көздөп жатышат
Судан менен Түштүк Судандын ортосундагы талаштуу аймакка дрондук чабуулдан 153 адам каза тапты
Францияда Mirage 2000D согуштук учагы кырсыкка учурады