САЯСАТ
3 мүнөт окуу
АКШ агенттери Колумбия университетинде жарандык cүйлөшүүлөрүнөн мурун палестиналык студентти камады
Мохсен К. Махдави Вермонттун Колчестер шаарындагы АКШнын Жарандык жана Иммиграциялык Кызматтар (USCIS) бөлүмүндө жарандык сынакка даярданып жатканда кармалды.
АКШ агенттери Колумбия университетинде жарандык cүйлөшүүлөрүнөн мурун палестиналык студентти камады

Кабарга караганда Колумбия университетинде билим алып жаткан Палестина тектүү бир сутдент Вермонтто жарандык алуу тууралуу маегин бүтүрүүгө аракет кылып жаткан учурда кармалды.

The Intercept дүйшөмбү күнү билдиргендей, мыйзамдуу туруктуу жашоочу жана университеттеги нааразылык кыймылынын мурдагы лидери, Мохсен К. Махдави Вермонттогу Колчестер шаарында АКШнын Жарандык жана иммиграция кызматтарынын (USCIS) кеңсесинде кармалды.

Адвокаты Луна Друби The Interceptке: «Ал бул өлкөгө күбө болгон зомбулуктар тууралуу эркин айта аламын деген үмүт менен келген бирок ал сөздөрү үчүн жазаланып жатат», – деп билдирип, Махдавинин кармалышын мыйзамсыз жана мунун күбөлүгүнүн палестиналык болушуна таянгандыгын айтты.

Адвокаттары саясий көз караштарынан улам бутага алынгандыгын айтып, АКШ өкмөтүнүн мыйзамдуу укуктарын бузуп жаткандыгын белгилеген хабеас корпус арызын берди.

Кайрылуу арызында Махдавинин Кансыз согуш мезгилинен калган жана сейрек колдонулган Иммиграция жана жарандык мыйзамынын алкагындагы бир берене боюнча депортацияланышы мүмкүн экендиги белгиленди. Бул берене иммигранттардын АКШнын тышкы саясатына коркунуч туудурууда деген негиз менен депортациялоосуна мүмкүнчүлүк берүүдө. Ушул эле мыйзамды мамлекеттик катчы Марко Рубионун жакынкы убакта палестиналык активист Махмуд Халил окуясы сыяктуу башка окуяларда да колдонгондугу айтылды.

Депортация өлүм жазасына барабар

Махдави депортациянын өмүрүнө коркунуч туудурарын, оккупациядагы Батыш Шериада үй-бүлө мүчөлөрүнүн өлүмүнө жана үйлөрүнүн кыйрашына күбө болгондугун белгиледи. «Бул өлүм жазасынын бир түрү», – деп билдирди Intercept басылмасына.

Еврей жана палестиналык студенттердин ортосунда тынчтык диалогуна чакырган Махдави 2024-жылы активдүүлүгүн азайткан. Буга карабастан, Канари Миссиясы жана Бетар сыяктуу Израилди колдогонжана сионист топтор тарабынан антисемитизм менен айыпталган коомго ачык досьелердин бутасы болду.

Вермонт сенатору Берни Сандерс Махдавинин кармалышын сынга алып: “Мыйзамдын негизинде адилетүү соттолуу укугу берилип, дароо бошотулушу керек”,- деди. Өзгөчө аны камакка алган кишилердин “кайда алып барылары, башына эмне келери, келечеги тууралуу маалымат берүүнү четке каккандыгын” белгиледи. Сандерс бул абалды “моралдык жактан туура эмес, адамгерчиликсиз жана мыйзамсыз” деп мүнөздөдү.

Махдави Палестина тилектештик кыймылдарына катышкан эл аралык студенттерди бутага алган кампаниянын алкагында депортациялануу коркунучуна туш болгон Колумбия университетинин тогузунчу студенти болду.

Кысым көрсөтүү күчөп баратат

Махдави окуясы Израилдин блокададагы аймакта ишке ашырган геноцидин сынга алган Палестина колдоочусу студенттерди бутага алган окуялардын бири. 8 - мартта жетекчилер өткөн жылы жазда Колумбия университетинде Палестинаны колдогон митингдерге жол башчылык кылган Махмуд Халил кармалды. Трамп камоону “бир канча кишинин бири” деп мүнөздөп ыраазычылыгын билдирген.

Трамп эч бир далил көрсөтпөстөн Халилди ХАМАСты колдоо менен айыптаган. Халил бул каршылык тобу менен байланышын четке какты. 12-апрелде АКШ соту Халилдин депортацияланышына чечим чыгарды.

Халилдин камалышынан бир нече күн өткөндөн кийин, Трамптын айткандары ырасталгандай көрүндү. Жоржтаун университетиндеги индиялык изилдөөчү Бадар Хан Суринин адвокаты Суринин жубайынын Палестина тектүү болушунан улам бутага алынып жана камалгандыгын айтты.

Суринин камалышынан кийин жетекчилер дагы бир Палестинаны колдогон студент, Момоду Таалдын багынуусун талап кылды.

25-мартта Колумбия университетинин студенти Юнсео Чунг өткөн жылы жазда Палестинаны колдогон митингге катышкандыктан депортацияланышын токтотуу үчүн Трамп башкаруусуна доо ачкандыгын айтты.

Ошол эле күнү Тафтс университетинин докторанты Румейса Өзтүк Израилдин канкордугун сынга алганы үчүн жетекчилер тарабынан күндүз уурдалды.

Лекаа Кордиа, Ранджани Сриивасан жана Алиреза Доруди сыяктуу студенттер да камакка алынды жана өз каалоолору менен өлкөдөн чыгып кетишти.

Иликте
Сириянын борбору Дамаскта унаа жарылды
Министр Фидан  19 -  Май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамына карата билдирүү жарыялады
Иран Пакистан аркылуу АКШ менен сүйлөшүүлөрдү улантып жатканын тастыктады
Президент Эрдоган 19-Майга карата куттуктоо жарыялады
Эмине Эрдоган: "19-Май - чоң күрөштүн аты"
Стамбул конгресс туризминде акыркы 10 жылдагы эң мыкты глобалдык көрсөткүчкө жетти
Путин: "Россия  - Кытай достугу эч кимге каршы эмес"
Мустафа Чифтчи 19 -  Май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамына карата куттуктоо жарыялады
Иран Ормуз кысыгын башкаруу үчүн жаңы түзүм түзгөнүн расмий түрдө жарыялады
Түркия Израилдин Газага жардам флотилиясына карата эл аралык суулардагы кийлигишүүсүн айыптады
Түркия Крым татар жана Черкес сүргүндөрүнө байланыштуу билдирүү жасады
Пакистандын түндүк-батышындагы жарылуудан үч адам каза болуп, төрт адам жаракат алды
Израиль Иранга каршы операцияларды колдоо үчүн Иракта эки жашыруун аскердик база курду
Израиль Газадагы азык-түлүк бөлүштүрүүчү пунктту бомбалап, дагы төрт палестиналык каза болду
Киев:Россия Украинага 528 сөөктү тапшырды