ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Хамастын расмий өкүлү Израилдин аракеттери Рафахтагы Жарандык коргонуу жана Палестинанын Кызыл Жарым Ай топторуна каршы “жапайы жана алдын ала пландалган кыргынга” барабар экендигин айтты.
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
The incident occurred in Rafah, where Israeli troops had launched a recent military offensive. [Photo: AFP] / AFP

Израиль армиясы ишемби күнү Газада тез жардам унааларын "шектүү унаалар" деп аныктагандан кийин ок аткандыгын кабыл алды; Хамас муну кеминде бир киши каза болгон "согуш кылмышы" катары айыптады.

Окуя өткөн жекшемби күнү Египеттин чек арасына жакын түштүктө Рафах шаарындагы Тел ал-Султан конушунда болгон.

Израилдик аскерлери 20-мартта бул жерде чабуул баштаган. Бул чабуул эки айга жакын созулган тынчтык келишиминен кийин, Газага кайрадан абадан бомбалоону башташынан эки күндөн кийин болду.

Армия АФПге: “Израиль аскерлери Хамаска таандык унааларды атты жана бир канча Хамас террористтин жок кылды”,- деди.

“Бир канча минутадан кийин башка унаалар аскерлерге карай шектенүү жарата тургандай жакындады. Аскерлер бул шектүү унааларга ок атуу менен каршылык көрсөттү жана көп сандаган Хамас менен Исламдык Жихад террористтин жок кылды”.

Армия унаалардан октун атылып же атылбагандыгы тууралуу маалымат берген жок.

Билдирүүдө :”Алгачкы териштирүүдөн кийин шектүү унаалардан айрымдарынын… тез жардам унаалары жана өрт өчүрүүчү унаалар экендиги белгиленди”,- деп кошумчаланды.

"Кастык менен жасалган кыргын"

Окуядан бир күн өткөндөн кийин Газанын жарандык коргонуу агенттиги каза болгондорго жана жаралууларга жардам берүү үчүн Тел ал-Султандан шашылыш түрдө жөнөтүлгөн алты куткаруучудан турган топ менен байланыша албай жаткандыгын билдирди.

Жума күнү ал топтун жетекчисинин сөөгүнүн жана куткаруу унааларынын - бир тез жардам жана бир өрт өчүргүч унаасынын табылгандыгын жана Палестинанын Кызылай коомуна таандык бир унаанын да талкалангандыгын белгиледи.

Хамастын саясий бюросунун мүчөсү Басем Наим Израилди "Рафах шаарындагы Жарандык коргонуу жана Палестинанын Кызылай топторуна карата атайылап жана ырайымсыз кыргын кылды" деп айыптады.

«Эл аралык гуманитардык укук менен коргоого алынган куткаруучуларды бутага алуу менен өлтүрүлүшү, Женева конвенцияларын ачык бузуу огуш кылмышы болуп саналат», - деди ал.

Палестиналыктар "оорукана керебеттеринде өлтүрүлдү"

БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо кеңсесинин башчысы Том Флетчер 18-марттан бери Израилдин аба соккуларынан эл жыш жайгашкан аймактарда жүздөгөн балдар жана башка жарандардын набыт болгонун айтты.

"Бейтаптар оорукананын керебеттеринде өлтүрүлдү. Тез жардам унаалары ок атышты. Биринчи куткаруу топтору өлтүрүлдү",- деп айтылды бир билдирүүдө.

"Эгерде гуманитардык укуктун фундаменталдык принциптери азыр да күчүндө болгон болсо, буларды коргоо үчүн азырынча убакыт барда аракетке өтүү керек".

‘

Иликте
Москвадагы төрт аэропортто дрон коркунучунан улам каттамдар убактылуу токтотулду
Эмине Эрдоган "Имам Бухари" күмбөзүн зыярат кылды
Кремль: "АКШга орус дизелин ташыган биринчи танкер жолго чыкты"
Фон дер Ляйен Румыния жээгинде жарандык кеменин атылышын айыптады
Кремль: "Украина менен сүйлөшүү ноябрь айынын биринчи жарымында Абу-Дабиде өтүшү пландалууда"
Франциядагы куралдуу кол салуудан 1 адам каза болуп, 4 киши жаракат алды
"Түрк тили жана маданияты" окуу китептери эми жеткиликтүү
Венесуэлада миңдеген адам шайлоо графигин жана оппозиция лидеринин кайтышын талап кылды
Украина Россия менен болгон алмашуунун алкагында 252 адамдын сөөгүн алды
Иранда болгон селде эки адам каза болуп, эки адам дайынсыз жоголду
Президент Илхам Алиев Индиянын тышкы иштер министри Жайшанкарды кабыл алды
Президент Эрдоган Канаданын премьер-министри Карни менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү
Президент Эрдоган: «Адилеттүү чечимдер үчүн ортомчулук кылууну улантабыз»
Түндүк Кореянын Түштүк Кореянын чек арасына 960 миң мина койгону айтылууда
Израиль армиясы Батыш Шерианын түштүгүндө эки палестиналыкты өлтүрдү