ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Израиль Газа согушун токтотуу үчүн Хамас менен "татаал" сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө
Израилдик бир булактын билдиргенине караганда Израиль Газа согушун токтотууга жана туткундардын бошотулушуна байланыштуу ок атышпоо тууралуу биринчи жолу Хамас менен түздөн түз сүйлөшүүдө.
Израиль Газа согушун токтотуу үчүн Хамас менен "татаал" сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө
/ Reuters

Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан израилдик саясий булак ишемби күнү билдирүү жасап, Тель-Авивдин биринчи жолу Хамас менен согушту токтотуу мүмкүнчүлүгү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айтты.

Haaretz басылмасынын маалыматына ылайык, булак: "Бул сүйлөшүү мурунку келишимдерди түзгөн сүйлөшүүлөрдөн айырмаланып турат. Мурунку келишимдер барымтадагыларды бошотууга байланыштуу болгон болсо, бул келишим согушту токтотууга багытталган. Ушул себептен баары бири-бири менен байланыштуу. Бул абдан татаал келишим”,- деп билдирген.

Булактын айтымында, сунушталган келишимдин 10 израилдик барымтанын бошотулушу, согушту токтотулушу үчүн сүйлөшүүлөр баштала турган 60 күндүк ок атышпоону камтыйт.

Булак өзгөчө : “Сүйлөшүүлөр согуш кандай аяктайт же улантылары, Газада эмнелердин болору, бардык барымталардын кантип кайтары сыяктуу темалар каралууда. Келишимдин алкагында согуштун токтотулушу тууралуу талкуулана турган темаларды камтыган бир берене бар. Эки тарап тең башка темаларды кошо алат жана булар 60 күндүк ок атышпоо процессинде талкууланат”,- деди.

Кайнак: "Израилдик делегация Дохага кеңири ишмердүүлүк чөйрөсү жана канааттандырарлык ыйгарым укуктар менен барды. Израилдин коопсуздук муктаждыктары сыяктуу маселелерден баш тартпастан, келишимге жетишүү үчүн жетиштүү ийкемдүүлүк бар", - деп билдирди.

Ок атышпоо

Израилдик маалымат каражаттары, анын ичинде мамлекеттик KAN телеканалы жума күнү Израиль Палестина тарабы келишимдин чоо-жайын талкуулоого макул болсо, Дохага экинчи делегация жөнөтүүнү караштырып жатканын билдирди. Катар, Египет жана АКШнын ортомчулугу менен сунушталган сунуштар 60 күндүк ок атышууну токтотууну камтыйт. Бул убакыт аралыгында 10 барыита бошотулуп, 18 сөөк кайтарылат жана ок атышууну токтотуу учурунда согушту токтотуу боюнча акыркы сүйлөшүүлөр улантылат.

Израилдин телерадиокомпаниянын билдиргенине караганда жардам жеткирүү механизми жана Израиль аскерлеринин жайгаштырылышы сыяктуу темалардагы айырмачылыктарга карабастан израилдик булактар келишимдин мүмкүн эмес экенин ойлоп жатышат.

АКШнын президенти Дональд Трамп жума күнү кечинде Газадагы 10 барымтанын жакында бошотуларын жарыялады. Башкаруусу Израилдин Газадагы геноцид согушуна шартсыз жардам берген Трамп бул тууралуу маалымат берген жок.

Акыркы 21 айда Израиль менен Хамастын арасында ок атышкоо келишимин түзүү жана туткундарды алмашуу үчүн бир нече кыйыр сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.

Согушту кайра баштоо

2023-жылдын ноябрь жана январь айларында эки жарым-жартылай келишим түзүлгөн. Эл аралык кылмыш соту тарабынан издөөдө жүргөн Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху акыркы келишимди аяктоодон качып, 18-мартта согушту кайра баштады.

Хамас геноцидди токтотуу жана Израилдин Газадан толугу менен аскердик күчтөрүн чыгарып кетүү шарты менен бардык израилдик туткундарды "бир эле жолкуда" бошотууга даяр экенин бир нече жолу билдирген.

Эл аралык коомчулуктун ок атышууну токтотуу чакырыктарын четке каккан Израиль армиясы 2023-жылдын аягынан бери Газадагы кандуу чабуулдарын улантып, 59 миңге жакын палестиналыкты өлтүрдү алардын көбү аялдар жана балдар.

Былтыр ноябрь айында Эл аралык кылмыш соту Нетаньяху менен мурдагы коргоо министри Йоав Галлантты Газадагы согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштары үчүн камакка алууга ордер чыгарган. Израилдин аймактагы согушу үчүн Эл аралык Сотто геноцид иши да каралууда.

Иликте
Ирандын Иорданияга чабуулдары АКШнын бир нече согуштук учактарына зыян келтиргени кабарланды
ПБУ: Израиль Батыш Шериада жөөт отурукташуучулар үчүн 1670 жаңы турак жай курууну пландап жатат
Кытайдын түштүк-чыгышындагы Цзянси провинциясында селден улам каза болгондордун саны 16га жетти
Филиппиндеги Палаван жээгинде паром өрттөндү: 5 адам каза болуп, 80ден ашууну дайынсыз болууда
ЕБ Израилдин конуштары эл аралык укукка ылайык мыйзамсыз экенин кайрадан ырастады
Трамп-Путин сүйлөшүүсүнөн кийин Орусия менен Украина бири-бирине чабуул коюшту
Непал-Кытай чек арасындагы суу ташкынынан каза болгондор 1410го жетти, миңдеген адам дайынсыз
ДССУ: Эбола вирусу Конго Демократиялык Республикасында башка саламаттыкты сактоо аймагына жайылды
"Израиль Чыгыш Кудстагы Британиянын консулдугун 30 күндүн ичинде жабууга буйрук берди"
Канаданын АКШга каршы жооп иретиндеги тарифтери күчүнө кирди
АКШ Ирандын көптөгөн танкерлерине кол салды
Жаңы Зеландия Израилди Батыш Шериадагы мыйзамсыз конуштарды кеңейтүүнү токтотууга чакырды
Иран Иордандагы АКШ базасын бутага алды: Американын эсминецтерин атканын билдирди
Катар жана Кытай Ормуз кысыгындагы кеме жүрүү эркиндигин талкуулашты
Непал-Кытай чек арасындагы селден каза болгондордун саны 1400гө жетти
Венгрия 10 орус дипломатын өлкөдөн чыгарды
UNIFILдин чыгышы жакындап, БУУнун Коопсуздук Кеңеши тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн келечегин чечет
Ирандан чабуулчулар "толугу менен өкүнгөнгө" чейин каршылык көрсөтүү убадасы
Зеленский Россиянын Украинадагы телеканалдын имаратына дрон менен чабуул койгонун жарыялады
Смотрич: Осло келишимдери жараксыз, Батыш Шерианын А жана В аймактары аннексияланышы керек