ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Евробиримдик көбү орусиялык жарандар үчүн көп жолку визаларды токтотот
Европалык үч өкүл 27 мүчөдөн турган блок ушул аптада бир гана гуманитардык учурларда колдонула турган бир жолку кирүү уруксаттарын кошпогондо, визага катуу чектөөлөрдү киргизерин билдиришти.
Евробиримдик көбү орусиялык жарандар үчүн көп жолку визаларды токтотот
ЕБ көбү орусиялык жарандар үчүн көп жолку визаларды токтотот / Reuters

Европа Биримдиги (ЕБ) орусиялык жарандар үчүн виза эрежелерин бир кыйла катаалдаштырууга даярданып жатат. Бул өзгөртүүлөрдүн алкагында көп жолу кирүүгө уруксат берген Шенген визаларынын көбү токтотулат. Бул тууралуу POLITICO шаршемби күнү үч европалык аткаминерге шилтеме кылып билдирди.

Жаңы эрежелерге ылайык, орустарга негизинен бир жолу кирүүгө уруксат берген визалар гана берилет. Гуманитардык өзгөчө учурларда же кош жарандыгы бар ЕБ жараны болуп эсептелген адамдар үчүн гана айрым жеңилдиктер каралышы мүмкүн. Расмий өкүл бул кадам Европа Биримдигинин орусиялык жарандардын кыймылын жана Москванын Европадагы таасирин чектөө аракеттеринин бир бөлүгү экенин айтты.

Бул чечим блоктун 2022-жылы Москва менен виза берүү жеңилдиктери боюнча келишимди токтоткондон кийин кабыл алынууда. Келишимдин токтотулушу орустар үчүн ЕБ визаларын алуу процессин кыйла татаалдаштырып, кымбаттаткан.

Кансыз согушка кайтуу

Кремльдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Европа Орусия менен тирешүүнү уланып жатканын жана Кансыз согуш мезгилиндеги ыкмаларды кайра жандандырып жатканын айтты. “Тилекке каршы европалыктар Кансыз согуш учурундагы тирешүү менен байланышкан нерселердин баарын эстеп, аларга жаңы татаал элементтерди кошуп жатышат”, – деди.

Жаңы чектөөлөр

Эстония, Латвия жана Литва сыяктуу кээ бир мүчө мамлекеттер буга чейин орус туристтерин дээрлик толугу менен киргизүүгө тыюу салган. Виза берүү улуттук маселе болгондуктан Брюссель толук тыюу сала албайт. Бирок ушул аптада кабыл алынышы күтүлүп жаткан жаңы эрежелер орусиялыктардын саякаттарын чектөөгө багытталган кеңири пакеттин бир бөлүгү болуп эсептелет.

Европа Комиссиясынын маалыматына ылайык, 2024-жылы 500 миңден ашуун орус жаранына Шенген визасы берилген. Бул 2023-жылга салыштырмалуу көбүрөөк, бирок согушка чейин берилген 4 миллион визадан кыйла аз. Венгрия, Франция, Испания жана Италия болсо визаларды берүүдө жумшак мамиле кылган өлкөлөрдүн катарында.

Мындан тышкары, Евробиримдиктин 19-санкциялык пакети орус дипломаттарына жаңы чектөөлөрдү киргизүүнү камтыйт. Алар Шенген аймагына саякаттоодон мурун мүчө мамлекеттерге кабар берүүгө милдеттүү болушат. Брюссель бул чараны “душмандык чалгындоо иш-аракеттеринин көбөйүшүнө” каршы кадам катары мүнөздөдү.

Песков болсо орусиялык дипломаттардын Шенген аймагында жүрүүсү буга чейин эле чектелгенин жана Брюссель катардагы орусиялык жарандар үчүн виза эрежелерин катаалдаштырууну улантышы мүмкүн экенин айтты. Комиссия келерки айда жаңы виза стратегиясын сунуштап, мүчө мамлекеттерди “душман мамлекеттерге каршы виза саясатын колдонууга” жана Орусия менен коопсуздукка коркунуч келтирген башка өлкөлөрдүн жарандарына катуураак критерийлерди колдонууга чакырат.

Иликте
Венесуэлада миңдеген адам шайлоо графигин жана оппозиция лидеринин кайтышын талап кылды
Украина Россия менен болгон алмашуунун алкагында 252 адамдын сөөгүн алды
Иранда болгон селде эки адам каза болуп, эки адам дайынсыз жоголду
Президент Илхам Алиев Индиянын тышкы иштер министри Жайшанкарды кабыл алды
Президент Эрдоган Канаданын премьер-министри Карни менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү
Президент Эрдоган: «Адилеттүү чечимдер үчүн ортомчулук кылууну улантабыз»
Түндүк Кореянын Түштүк Кореянын чек арасына 960 миң мина койгону айтылууда
Израиль армиясы Батыш Шерианын түштүгүндө эки палестиналыкты өлтүрдү
Кытайдын Тибет автономиялуу аймагында 7 баллга жеткен жер титирөөдөн 16 адам каза болду
Түркияда кош жарандыгы бар жарандарга Болгарияда боло турган шайлоого катышуу үчүн чакырык салынды
Улуу Британия ыктымалдуу кризистерге даярдык көрүүгө чакырды
Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты эртең Казакстанда башталат
Орусиянын президенти Путин Украина менен макулдашууга даяр экенин билдирди
Албанияда студенттердин нааразылык акциялары уланууда
Сирия режимдин кулатылган лидери Асад жана анын бир тууганы Махир Асад боюнча Интерполго кайрылды