САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Япония, Кытай жана Түштүк Корея Токиодогу сүйлөшүүлөрдө кызматташууну күчөтүү тууралуу макулдашты
Япониянын тышкы иштер министри Такеши Ивая кытайлык жана түштүк кореялык кесиптештери менен үч тараптуу пикир алмашуу болгонун жана келечектеги кызматташтыкты өнүктүрүүгө макулдашкандарын билдирди.
Япония, Кытай жана Түштүк Корея Токиодогу сүйлөшүүлөрдө кызматташууну күчөтүү тууралуу макулдашты
/ AP

Япония, Түштүк Корея жана Кытайдын тышкы иштер министрлери Токиодо өткөн сүйлөшүүлөрдө кызматташтыкты арттыруу боюнча макулдашты. Япониянын тышкы иштер министри Такеши Ивая жолугушуудан кийин: "Биз үч тараптуу кызматташтык жана аймактык эл аралык маселелер боюнча пикирлерибизди ачык түрдө билдирдик. Келечекте кызматташууну өнүктүрүү тууралуу макулдаштык",- деди.

Жолугушуунун ачылышында сөз сүйлөгөн Ивая : “Эл аралык чөйрө барган сайын оорлошуп бара жаткан мезгилде, тарыхый бир бурулуш жеринде экенибизге ишенем”,- деди.

“Мындай бир чөйрөдө бөлүнүү жана кагылышууну диалог жана кызматташуу жолу менен ашып өтүү ар дайымкыдан дагы маанилүү абалга келүүдө”,- деп кошумчалады.

2023 - жылдан бери үч өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин арасында өткөрүлгөн биринчи жыйындын АКШнын президенти Дональд Трамптын салттуу союздаштыктарды солкулдаткан саясаттарынын көлөкөсүндө өткөндүгү белгиленди. Сүйлөшүүлөрдө Түндүк Кореянын атомдук курал программасы жана соода сыяктуу темалардын колго алынышы, өзгөчө өткөн жылы Сеулда болгон саммиттен кийин үч тараптуу лидерлер саммитин түптөөсү күтүлүүдө.

Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Чо Тэ Юл : “Корея жарым аралынын тынчтык жана коопсуздугу Чыгыш Азиянын жана дүйнөнүн тынчтык жана бейкуттугу үчүн баш тартылгыс шарттар. Бүгүн Түндүк Кореянын атомдук куралдары тууралуу ачык талкуулайбыз деп ойлойм”,- деди.

Эркин соода тууралуу сүйлөшүүлөр

Бул жылдын Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 80 жылдыгынан улам Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Япониянын согуш мезгилинде Корея Жарым аралында колониялык башкаруусун улантып жаткандыгына көңүлдөрдү буруп, эркин соода сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүнү каалай тургандарын айтты.

«Үч өлкө катары тарыхты чынчылдык менен колго алуу жана келечекке карай багыт алуу боюнча жалпы түшүнүктү кайрадан тастыктап, Чыгыш Азиядагы кызматташтыкты бекемдешибиз керек», – деди Ван.

Токио жана Сеул аймактарында миңдеген АКШ аскерлерин жайгаштырып Вашингтон менен жакын союздаштык карым - катнаштарын улантууда. Бирок үч өлкө да Кытайдын дүйнөнүн экинчи чоң экономикасы катары аймактык коопсуздук маселеси катары ойлоп жатат.

Ивая кытайлык жана түштүк кореялык кесиптештери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү да өткөрөт. Булардын арасында Япония менен Кытайдын арасындагы алты жылдык убакыттан кийин өткөрүлө турган биринчи жогорку деңгээлдеги экономикалык диалог жыйыны да бар.

Сүйлөшүүлөрдө Кытайдын 2023 - жылы Фукусимадагы кыйраган атомдук станциядан тазаланган саркынды суулардын деңизге агызылышынан кийин Япония деңиз азыктарына киргизилген тыюу салуу маселесинин да талкууланары күтүлүүдө.

Иликте
Европа инвестициялык банкынан Түркиянын жашыл трансформациясына 200 миллион евро каражат бөлүнөт
Ооганстан: "Пакистандын аба соккуларынан кеминде 13 адам каза болду"
2025-жылы мамлекеттер аралык жаңжалдар ​​Экинчи Дүйнөлүк согуштан берки эң жогорку деңгээлге жетти
Украинанын президенти Зеленский Европанын сүйлөшүүлөргө катышуусу керектигин билдирди
Тышкы иштер министри SEEP саммитине президент Эрдогандын атынан катышат
Ок атышууну токтотууга карабастан Израиль Газага дээрлик күн сайын кол салып жатат
Анталияда жаа атуу боюнча дүйнө кубогунун үчүнчү этабы башталды
Түркия менен Канада эркин соода келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү башташат
Иран: Ормуздан Баб эль-Мандебге чейинки линия каршылык көрсөтүүнүн жаңы коопсуздук багыты болот
Россия: "Палестиналыктар Чыгыш Кудс борбору болгон көз карандысыз мамлекетке ээ болушу керек"
SpaceX АКШнын Коргоо министрлигинде кантип орун алды?
Кытай менен Түндүк Корея мамилелерди чыңдоону чечишти
Украинанын Харьков шаарында Орусиянын чабуулдарынан төрт адам каза болду
Стамбул декларациясында кызматташтык жөнүндө билдирүү алдыңкы орунда турат
АКШнын Apache тик учагы Ормуз кысыгынын жанында кулап түштү