ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Европа Биримдиги оккупацияланган Батыш Шериада пландаштырылган "жер басып алууну" айыптады
Израилдин акыркы пландары басып алынган аймактардагы мыйзамсыз көзөмөлдү күчөтүүнү, конуштарды кеңейтүүнү тездетүүнү жана Осло келишимдеринин алкагында каралган түзүмдү алсыратууну көздөйт.
Европа Биримдиги оккупацияланган Батыш Шериада пландаштырылган "жер басып алууну" айыптады
Евробиримдик Израилди Батыш жээгинде жерди каттоону бекитүүнү жокко чыгарууга үндөдү. / AA

Европа Биримдиги Израилди оккупацияланган Батыш Шериадагы жерди каттоо боюнча мыйзамсыз кадамын токтотууга чакырып, мунун "чыңалууларды күчөтө турган жаңы кадам" экенин эскертти.

Европа Биримдиги Комиссиясынын Тышкы байланыштар боюнча басма сөз катчысы Ануар Эль Ануни дүйшөмбү күнкү билдирүүсүндө: «Бул — басып алынган Батыш Шериада Израилдин көзөмөлүн кеңейтүүнү көздөгөн акыркы чаралардан кийинки чыңалууну арттырган жаңы кадам», — деди.

"Аннексиянын эл аралык укук боюнча мыйзамсыз экенин кайталайбыз. Израилди бул чечимди жокко чыгарууга чакырабыз", - деп кошумчалады.

Бул билдирүү Израиль өкмөтү бир күн мурун 1967-жылдагы оккупациядан бери биринчи жолу Батыш Шериадагы Палестина жерлерин "мамлекеттик менчик" катары каттоо сунушун жактыргандан кийин жырыяланды; чечимди сынга алгандар Палестина аймактарын аннексиялоону тездете турган "массалык жер басып алуу" деп мүнөздөштү.

Израилдин мамлекеттик телеканалы сунушту каржы министри Бецазел Смотрич, юстиция министри Ярив Левин жана коргоо министри Исраэль Кац сунуштаганын билдирди.

Израилдин коопсуздук кабинети тарабынан бекитилген акыркы чаралар Иордания мезгилинен бери колдонулуп келе жаткан жер чектөөлөрүн, ачык жер каттоолорун жана оккупацияланган Батыш Шерианын айрым жерлеринде көчүрүүнү пландаштыруу ыйгарым укуктарын алып салууну көздөйт.

Бул кадамдар Израилдин мыйзамсыз көзөмөлүн бекемдеп, конуштардын кеңейүүсүн тездетет жана Осло келишимдеринин алкагында каралган түзүмдү алсыратат; бул болсо эки мамлекеттүү чечимдин келечегине карата эл аралык кооптонууну күчөтүүдө.

Палестиналыктар бул чараларды Батыш Шерианы расмий түрдө аннексиялоонун башталышы жана аймактын чоң бөлүгүн аннексиялоого карай кадам катары карп жатат, булардын БУУ колдогон эки мамлекеттүү чечимдин алкагын алсыратаарын айтышууда.

Эл аралык сот 2024-жылдын июль айындагы маанилүү корутундусунда Израилдин Палестина аймактарын оккупациялоосун мыйзамсыз деп жарыялап, басып алынган Батыш Шериа жана Чыгыш Кудстагы бардык конуштарды эвакуациялоого чакырган.

Иликте
Зеленский Орусиянын ири чабуулга даярданып жатканын айтты
Израиль Ливанда ок атышпоо келишимин бузуп, 7 кишини набыт кылды
НАТОнун Парламенттик cаммити Стамбулда өтөт
Ирандын сүйлөшүүчүлөрү жана АКШнын вице-президенти Вэнс сүйлөшүү үчүн Швейцарияга келди
Түркия волейбол боюнча мелдеште Германияны 3:2 эсебинде жеңди
Италиянын сегиз шаарына катуу ысыктан улам «кызыл» кооптуу абал жарыяланды
Министр Фидан Каирде жолугушууларды өткөрдү
Бурханеттин Дуран: "Газадагы окуялар эсте калууда"
Министр Шимшек: Энергетикадагы трансформацияны тездетүү менен  туруктуулукту күчөтүп жатабыз
Түркия Парагвайга жеңилип  Дүйнөлүк кубоктон чыкты
Виткофф менен Аракчи сүйлөшүү үчүн Швейцарияга барат
Түркия менен Сириянын ортосунда саламаттыкты сактоо жана медициналык илимдер тармагында кызматташуу
Пакистандын түндүк  - батышында болгон бомбалуу эки кол салууда  7 киши каза болду
Президент Эрдоган Сингапурдун премьер-министри Вонгду расмий салтанат менен тосуп алды
Россиянын Украинадагы кол салууларында  6 киши каза болду