ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
БУУ Газадагы оор гуманитардык абалга көңүл бурду
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду ЮНИСЕФ Израилдин Газа жана оккупацияланган Батыш Шериада балдардын өлүмүнө алып келген Израилдин кол салууларынан киийн Тель - Авивди балдарды коргоо үчүн чечкиндүү кадам таштоого чакырды.
БУУ Газадагы оор гуманитардык абалга көңүл бурду
БУУнун расмий өкүлдөрү уланып жаткан өлүмгө алып келген укук бузууларды айыптап жаткан чакта, Газа «терең белгисиздикке» туш болууда. (Сүрөт: АРХИВ) / Reuters

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш сегиз ай мурун жарыяланган ок атышууну токтотуу келишимине карабастан, Газада "терең белгисиздик жана чоң гуманитардык кыйынчылыктын" уланып жатканын эскертти.

Гутеррештин билдирүүсү октябрь айында ишке кирген АКШнын ортомчулугундагы ок атышпоого карабастан Израилдин Газага карата кандуу чабуулдарын улантып жаткан учурда айтылды.

Газадагы Палестина саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ок атышпоо башталгандан бери Израилдин соккуларынан кеминде 981 палестиналык каза болуп, 3 104 адам жаракат алды.

Израилдин 2023-жылы Газада геноциди башталгандан бери кеминде 72 991 палестиналык каза болду.

Балдарды коргоого болгон талаптар

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Газа жана оккупациядагы Батыш Шериада көптөгөн балдардын өлүмүнө жана жаракат алышына себеп болгон акыркы кол салуулардан кийин Израилди "палестиналык балдарды коргоо үчүн чечкиндүү кадамдарды таштоого" чакырды.

ЮНИСЕФтин Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча директору Эдуард Бейгбедер оккупация астындагы Батыш Шериада Эл Халил жакындарында 7 айлык ымыркайды өлтүргөн куралдуу кол салууга жана жуманын акырында Газада жаслаган Израиль кол салууларында 8 баланын өлтүрүлүшүнө көңүлдөрдү бурду.

Бейгбедер билдирүүсүндө: "Мунун жаңы нормага айланышына жол бере албайбыз. Зордук-зомбулуктун айынан балдардын өмүрү кыйылышы дүйнөлүк деңгээлде нааразычылыкты жаратып, айыпталышы керек", — деди.

Бейгбедер балдар өлтүрүлгөн же майып кылынган ар бир учурда Израиль бийлигине карата “ачык, ишенимдүү жана кылдат иликтөөлөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле күнөөлүүлөрдүн жоопкерчилигин камсыз кылууга" чакырды.

Укук коргоо уюмдары Израиль аскерлери да отурукташуучулардын палестиналыктарга, жарандар менен балдарга карата кол салуулардагы ролун териштирүү тууралуу Израилдин системалуу түрдө ийгиликсиз болгонун документтештирди.

Иликте
Wildberries 2027-жылы Казакстанда 260 000 чарчы метр аянтты ээлеген жаңы кампа ачууну пландап жатат
Түркия Кара деңизде кол салууга кабылган кемелердеги жарандарынын абалын кылдат көзөмөлдөп жатат
Apple компаниясы Telegram тиркемесин App Store дүкөнүнөн убактылуу алып салды
Армениянын президенти Хачатурян Пашиняндын жаңы кабинетин бекитти
Иран президенти: Аймактык бүтүндүгүбүздү коргойбуз, бирок согушту кеңейтүүнү каалабайбыз
Президент Эрдоган Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Салман менен сүйлөштү
Жогорку аскердик кеңеш жыйналууда
Ибрахим Калын Газадагы тынчтык планын талкуулоо үчүн Хамастын лидери менен жолугушту
Түркия, Египет жана Катар  геноцидчи Израилди айыптады
Дрондор түнү бою Орусиянын аймактарына сокку уруп, Москвада беш адам каза болду
Министр Фидандын дипломатиялык иш-аракеттери
Казакстан Арал менен Каспийди бириктире турган стратегиялык автожолдун курулушун баштады
Коргоо жана авиация тармагы 1,12 миллиард долларлык экспортту ишке ашырды
Израиль армиясы жана мыйзамсыз отурукташкандар июль айында Батыш Шериага 2256 жолу кол салды
Түрк аба жолдору (THY) жүргүнчүлөрдүн жана учуулардын тарыхындагы рекорддорду жаңылады