ТҮРКИЯ
3 мүнөт окуу
Эрдоган: «Палестинаны коргоо-адамзатты, адилеттикти жана тынчтыкты коргоо»
Түркия президенти Израилдин Газага кол салуусун катуу сынга алып, Батыштын унчукпай турганын айыптап, Палестинага колдоо көрсөтүүнүн улана турганын кайталап: «Жалгыз болсок да бул доону коргойбуз»,-деди.
Эрдоган: «Палестинаны коргоо-адамзатты, адилеттикти жана тынчтыкты коргоо»
Erdogan on Palestine / AA

Президент Режеп Таййип Эрдоган Израилдин Газада уланып жаткан согушун катуу айыптап, мыкаачылыкка  дүйнөнүн унчукпай турганын «моралдык кыйроо» деп сыпаттады жана Түркиянын Палестина элине чексиз колдоосун дагы бир жолу кайталады.

Эрдоган жума күнү Стамбулда Палестинаны колдоо боюнча парламенттик топтун жыйынында: «Палестинанын доосун коргоо – эзилген элдин жанында гана болуу эмес», - деди.

«Бул адамзатты, тынчтыкты жана адилеттикти коргоо болуп саналат»,-деди ал.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда 2023-жылдын 7-октябрынан бери Израилдин Газага  кол салууларынан 51 миңден ашуун палестиналык каза тапты.

Эрдоган кол салууларды «зордук-зомбулуктун кутуруусу» деп сыпаттады жана Израиль өкмөтүн карапайым калкты, анын ичинде балдарды, аялдарды, карыларды жана ал тургай ымыркайларды аесуз өлтүрүп жатат деп айыптады.

 Эрдоган:  «Журналисттер өлтүрүлүп жатат, бирок эл аралык маалымат каражаттары унчукпайт. Балдар өлтүрүлүп жатат, бирок укук коргоочулар унчукпай карап турушат», - деди.

«Батыш үч маймылды ойноп жатат»

Эрдоган Батыш державаларын эки жүздүү аракетсиздиги үчүн сындады.

«Көп жылдардан бери эркиндик, укуктар, мыйзам жана басма сөз эркиндиги жөнүндө сөз кылгандар 18 айдан бери Израилдин кыргын саясатына каршы үч маймылды ойноп жатышат», - деди ал.

Башка жерлерде тез эле санкцияларды киргизген өлкөлөрдүн бул кризисте кош стандарттары ачык көрүнгөнүн сынга алган Президент: «Эң кичинекей окуяда да санкция куралын көтөргөн батыш мамлекеттери, мен сизден сурайм, Израилге келгенде кайдасыз?»-деди.

«Эзилгендерди тоготпогон глобалдык тартип эзүүчүлөргө кызмат кылат».

Газада жоопкерчиликти камсыз кыла албаган эл аралык мекемелердин жетишсиздигине көңүлдөрдү бурган Эрдоган: «Эзилгендердин жанында турбаган глобалдык тартип, залимдердин оюнчугуна айланууда»,-деди.

Ал ошондой эле Ислам дүйнөсүнө болгон терең нааразычылыгын билдирип: «Муну айтуу менин жүрөгүмдү сыздатат, бирок Ислам дүйнөсү өз милдеттерин аткара алган жок»,-деп кошумчалады.

«Журналисттер өлүм жазасына тартылып, үй-бүлөлөр талкаланды»

 Түрк президентинин айтымында, 2024-жылдын апрелине карата Газада жаңжал башталгандан бери кеминде 212 журналист жана медиа кызматкери каза болгон. Бул жагдай журналисттер үчүн эң кандуу мезгил катары тарыхка кирди.

Эрдоган: «Бир нече күн мурун бир журналист аял 10 үй-бүлө мүчөсү менен бирге чындыкты айтканы үчүн өлүм жазасына тартылды»,-деди.

Ал ошондой эле эл аралык укуктун абалына токтолуп: «Бул мындан ары адилеттикке кызмат кылбайт, ал күчтүүлөрдүн бийлигин бекемдөөчү курал болуп калды», - деди.

«Ачкачылык курал катары колдонулууда, каршылык көрсөтүү террор деп аталууда»

Израиль Газага гуманитардык жардамды катуу чектеп, БУУ жана гуманитардык агенттиктер ачарчылык боюнча эскертүүлөрдү берүүгө аргасыз болушту. Эрдоган Израилди ачкачылыкты курал катары колдонуп жатат деп айыптап:  «Бомба менен өлтүрө албагандарга тамак-аш, суу жана дары-дармек бербей жатышат. Бул системалуу түрдө жок кылуу кампаниясы»,-деди.

Ал ошондой эле палестиналыктардын каршылыгын терроризм деп атаганын айыптап: «Палестиналыктар кырылып жатканда унчукпай койгондор азыр Газадагы каршылык көрсөтүүнү терроризм деп атап, геноцидди нормалдаштырууга аракет кылып жатышат»,-деп айтты.

 «Жакынкы Чыгыш күйүп жатат, дүйнө коркунучта»

 Эрдоган ошондой эле Израилдин Сирия менен Ливанды бутага алган аскерий операцияларын айыптап, мындай күчөшү аймакты кеңири жаңжалга сүйрөө коркунучу катары эскертти.

«Сирия менен Ливанга жасалган чабуулдар Нетаньяху өкмөтү Жакынкы Чыгышта тынчтыкты жана стабилдүүлүктү каалабай турганын ачык көрсөтүп турат»,-деди.

«Бүткүл аймакка коркунуч келтирген жана тынчын алган бул кутургандык токтоосуз түрдө токтотулушу керек» деди ал. «Антпесе, бул от отко май куйгандарды да күйгүзөт».

 «Жалгыз болсок да Палестинанын жанындабыз»

 Эрдоган палестиналыктарды тарыхый жерлеринен чыгаруу боюнча бардык сунуштарды четке кагып: «Кандай сунушталбасын, палестиналыктарды миңдеген жылдар бою жашап келген жерлеринен чыгарууну камтыган бардык сунуштар биз үчүн эч кандай мааниси жок»,-деди.

Түркиянын артка кадам таштабай турганын баса белгилеген Эрдоган: «Палестиналыктардын өз мекенинде эркин жашашы үчүн колубуздан келгендин баарын кылабыз, жалгыз болсок да Палестина доосун коргоону улантабыз»,-деди.

Иликте
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды
Кремль: "Анкарадагы НАТО саммитин жакындан көзөмөлдөп жатабыз"
НАТОнун Анкара саммитинде Коргонуу өнөр жай форуму башталды
Түркия курамасы («12 алп адам») Дүйнөлүк кубок жолунда 6 беттештин баарында жеңишке жетти
Министр Фидан: "Түркия Европа коопсуздугунун борбордук актерлорунун бири"
Анкара НАТО саммитине  негизги эл аралык медиа борборун даярдады
Сабиха Гөкчен аэропорту жүргүнчүлөр боюнча рекордго жетти
Азербайжан Украинадагы SOCAR объектисине жасалган кол салууга байланыштуу Россияга нота берди