ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
БУУ Индонезиядагы рохинжа качкындарына каржылык жардамды кайра баштады
Эл аралык миграция уюму АКШ каржылоону токтоткондон кийин Индонезиядагы рохинжа качкындарына толук колдоосун калыбына келтирди.
00:00
БУУ Индонезиядагы рохинжа качкындарына каржылык жардамды кайра баштады
/ Reuters
11 Март 2025

Бириккен Улуттар Уюмунун миграция агенттиги АКШнын Индонезиядагы рохинжа качкындарына карата каржылоону токтотуу чечимин кайра карап аны жокко чыгарды. Мындай маалыматты өлкөдөгү агенттиктин башчысы шейшемби күнү AFP агенттигине билдирди. Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамптын тышкы жардамдарды каржылоону токтотуу чечиминен улам жардамдар токтотулган болчу.

Көпчүлүгү мусулман болгон рохинжа этникалык тобу Мьянмада катуу куугунтукка алынууда. Жыл сайын миңдеген рохинжалар өмүрүн тобокелге салып, узак жана кооптуу деңиз сапарлары аркылуу Малайзия же Индонезияга жетүүгө аракет кылышууда.

Эл аралык миграция уюмуна (IOM) таандык 28-февралда жазылган катта, Суматра аралындагы Пеканбару шаарында жашаган 1000ге жакын рохинжа качкындарына жардамдын кыскартылары билдирилген. Бирок Индонезиядагы IOM миссиясынын башчысы AFP агенттигине бул чечим кайра каралып жокко чыгарылганын, бирок себептери айтылбаганын кабарлады.

“Эң ири гуманитардык жардам көрсөтүү программаларыбыз кайрадан ишке киргизилди,” - деди Жеффри Лабовиц.

Агенттик электрондук билдирүүсүндө Индонезиядагы рохинжа качкындарына жардам көрсөтүүнү уланта берерин жана мурдагыдай эле колдоо көрсөтүүгө умтуларын айтты.

АКШнын каржылоону токтотуусу ишмердүүлүккө таасир этүүдө

Индонезияда 2000ден ашуун рохинжа качкындары укуктук белгисиздик шартында жашап, туруктуу баш калкалоо үчүн башка өлкөлөрдүн кабыл алуусун күтүп жатышат. Алар Бириккен Улуттар Уюмунун баш калкалоо жана жардам көрсөтүү программаларына көз каранды.

Өткөн жумада IOM АКШнын каржылоону токтотуусу алардын кызматкерлерине, ишмердүүлүгүнө жана жардам алып жаткан адамдарга таасир эткенин билдирди.

АКШнын Жакартадагы элчилиги, комментарий берүүгө дароо жооп берген жок.

Индонезия БУУнун качкындар боюнча конвенциясына кирбейт жана Мьянмадан келген качкындарды кабыл алууга мажбурлоо мүмкүн эмес дейт. Анын ордуна коңшу өлкөлөрдү, жээктерине жеткен рохинжа качкындарын жайгаштырууга жана жүктү тең бөлүшүүгө чакырууда.

Дүйшөмбү күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио USAID агенттигинин 5,200 программасын токтотуп, 1,000 программаны Мамлекеттик департамент аркылуу улантарын жарыялады.

Жардам көрсөтүүчү уюмдар бул жардамдардын көбү АКШнын кызыкчылыктарына кызмат кыларын, чет өлкөлөрдө туруктуулукту жана саламаттыкты жакшыртууга багытталганын белгилешет.

Иликте
IFRC Түркиядан Иранга көбүрөөк жардам жөнөтүүнү пландаштырууда
Макрон Трамп менен Пезешкианды тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра баштоого чакырды
Франция менен Британия "коргонуу максатында" Ормуз кысыгындагы коопсуздук миссиясын талкуулашат
Премьер-министр Мелони: Италия Израиль менен коргонуу келишимин токтотууда
Кытай менен Испания "кыйрап бараткан" дүйнөлүк тартипте биримдик жөнүндө билдирүү жөнөтүштү
Трамптын сынынан кийин Рим Папасы согушка каршы сөздөрүн улантаарына убада берди
АКШнын санкцияларына кабылган кытайлык танкер Ормуз кысыгы блокадасын бузуп өттү
Иран беш Араб өлкөсүн айыптады: "АКШ жана Израиль менен кызматташтыңар, кун төлөгүлө!
Израиль Түштүк Ливанда узак мөөнөттүү аскердик оккупациялоону сунуштады
Кытай Иранга курал-жарак өткөрүүнү пландап жатканы тууралуу маалыматтарды четке какты
Иран Ормуз кысыгындагы чыңалуудан улам Перс булуңундагы порттор коопсуз болбой турганын айтты
Судандагы ачкачылык кризиси тереңдеп жатат
Канцлер Мерц Нетаньяхуну Батыш Шериа темасында эскертти
Исламабадда өзөктүк соодалашуу: Ирандан 5 жылга тоңдуруу сунушу, АКШ 20 жылга чейин талап кылууда
Түрк тышкы иштер министри Жакынкы Чыгыштагы согушту кесиптештери менен талкуулады