ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Россия Армениядагы элчисин сүйлөшүү үчүн Москвага чакырды
Элчи Сергей Копыркиндин сүйлөшүү үчүн Москвага чакырылганы билдирилди.
Россия Армениядагы элчисин сүйлөшүү үчүн Москвага чакырды
Орус желеги

Россиянын Тышкы иштер министрлиги Армениядагы элчисин сүйлөшүү үчүн Москвага  чакыртканын жарыялады.

Министрликтин билдирүүсүндө Россиянын Еревандагы элчиси Сергей Копыркин Москвага сүйлөшүү үчүн чакырылганы маалымдалды.

Мунун Армения өкмөтүнүн Европа Биримдиги (ЕБ) менен жакындашуу боюнча кадамдарына байланыштуу экени белгиленип: "Бул кадамдар Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) алкагындагы кызматташтыкка зыян келтирип жатат",- деп айтылды.

Россиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова өткөн аптада Армениянын ЕБ менен жакындашуусу эки тараптуу мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү алсыратып жатканын белгилеп: "Армения башкаруусунун ЕБ менен жакындашуу процесси уланып жаткандыктан Евразия Экономикалык Биримдигинде болуу  аракети Россия үчүн кабыл алынгыс",- деп баа берген. 

Россиянын президенти Владимир Путин да Армения ЕБге кошула турган болсо, орус базарына жиберген айыл -  чарба продукциялары үчүн Евразия Экономикалык Биримдиги стандарттарынын эми күчүндө болбой турганын билдирди.

Армениядагы кырдаалды Украинага окшоштурган Путин: «Украинадагы кризис бир кезде Украинанын Европа Биримдигине кирүү аракеттери менен башталган», — деди.

 

 

Иликте
Иранга каршы согуш мунай ташуу жолдорун бузуп, Ирак динарынын курсун түшүрдү
АКШ аскерлери Окинавада чектөөлөргө туш болушту
Израилдин геноцидинде Газада жана оккупацияланган Батыш Шериада 20 000ден ашуун окуучу каза болду
Эрдоган менен Путин Кара деңиз коопсуздугун жана Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүн талкуулашты
Киев менен Москва түнү бою чабуулдарын улантышты
Мамлекеттик катчы Рубио Иран Ормуз кысыгынын көзөмөлүн "толугу менен колдон чыгарганын" айтты
Дүйнө үч жылдан бери тарыхтагы эң чоң кыргынга күбө болууда
Түркия Газага ар дайым колдоо көрсөтүп келди
Испанияда нааразычылык акцияларынан кийин чукул чаралар бекитилди
Президент Эрдоган көптөгөн жылдардан бери Газанын эң күчтүү үнү болуп келе жатат
Вэнс Ирандын байытуу ишмердүүлүгүн кыскартуу согушту токтотуу үчүн зарыл экендигин белгиледи
ДССУ Россияны чумадан каза болгондордун саны боюнча ачык-айкын болууга чакырды
Зеленский: Москва Украинага каршы "кеңири масштабдуу чабуулга" даярданууда
Канаданын премьер-министри Марк Карни Түркияга биринчи сапарын жасайт
Түштүк Кореянын санкцияларга карабастан Россияга 176 миң тонна күйүүчү май ташыганы айтылууда