ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түркия Газа келишимин кубаттап, тез арада гуманитардык жардам көрсөтүүгө чакырды
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги өз билдирүүсүндө, Газада ок атышпоону кубаттап ортомчулардын аракеттерин жогору баалады; эки мамлекеттүү чечим аркылуу кайра куруу жана туруктуу тынчтыктын зарылдыгын баса белгиледи.
Түркия Газа келишимин кубаттап, тез арада гуманитардык жардам көрсөтүүгө чакырды
Түркия Газа келишимин кубаттап, тез арада гуманитардык жардам көрсөтүүгө чакырды / AA

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги бейшемби күнкү билдирүүсүндө, Газада ок атышпоонун камсыздалышын кубаттап, мунун "акыркы эки жылдан бери уланып келе жаткан геноцидди токтотушун" үмүт кылганын кабарлады.

Министрлик билдирүүсүндө, ок атышпоо келишиминин толук аткарылышын күткөндөрүн белгилеп, “ок атышуунун токтотулушу менен бирге Газага гуманитардык жардамдын жеткирилиши жана аны кайра куруу иштеринин тез арада башталышы абдан маанилүү. Түркия алдыдагы мезгилде Газага олуттуу гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантат” деп айтылды.

Жакынкы Чыгышта туруктуу тынчтыкты Израиль-Палестина маселесин адилеттүү чечүү аркылуу гана орнотуу мүмкүн экенине басым жасаган министрлик, “ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдө жетишилген ийгилик алдыдагы мезгилде эки мамлекеттүү чечимди ишке ашырууга да салым кошот” деп үмүттөнөрүн билдирди.

Ошондой эле “Катар, Египет жана АКШнын ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдөгү аракеттерин жогору баалайбыз. Түркия ок атышпоо келишимин ишке ашыруу баскычтарына активдүү салым кошуп, колдоо көрсөтүүнү улантарын дагы бир жолу ырастайт” деп айтылды.

Трамптын тынчтык планы

АКШнын президенти Дональд Трамп Израиль менен ХАМАСтын АКШ сунуштаган Газа келишиминин биринчи этабын кабыл алганын жарыялады.

29-сентябрда жарыяланган 20 пункттан турган планга бардык израилдик туткундарды палестиналык туткундарга алмаштыруу, ок атышууну токтотуу, ХАМАСты куралсыздандыруу жана Газаны калыбына келтирүү кирет.

2023-жылдын октябрынан бери Израилдин чабуулдары Газада 67,200гө жакын палестиналыктын өмүрүн алды, алардын көбү аялдар жана балдар.

Тынымсыз бомбалоолор Газаны жашоого жараксыз абалга алып келип, кеңири ачарчылык жана ооруларга себеп болду.

Иликте
Түркия "дос жана бир тууган" Пакистанды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Улуттук коргоо министрлиги Тынчтык операциясынын 52  жылдыгында шейиттерди жана ардагерлерди эскерди
Түркияда акыркы 24 жылда 2 миң 251 километр жогорку ылдамдыктагы темир жол линиясы курулду
Түрк аба жолдору Кытайдагы учуу желесине Чэндуну да кошту
Түркия-Пакистан-Сауд Арабиясынын коргонуу келишими аймактык коопсуздукту бекемдейт
Немрут тоосунда күндүн батышына кызыгуу
Алихан Куриш кылмыш уюмуна каршы операция
Түркия 2027-жылдын алгачкы айларында Ай аппаратын космоско учурат
Барзани "Террорсуз Түркия" процесси боюнча алкактык мыйзамды колдоду
Президент Эрдоган: Аймактын маселелерин аймактын өз актерлору чечиши керек
Тышкы иштер министри Фидан Ливиядагы ТКК командирлигине барды
Түрк күйүк хирургдары тажрыйбаларын казак кесиптештери менен бөлүштү
Түрк аба жолдору тарыхындагы эң узун тоскоолсуз учуштарын ишке ашырды
Түркия Колумбиянын Голан дөңсөөлөрүн басып алуусун мыйзамдаштыруу аракетин кескин айыптады
Түркиянын 17 жашка чейинки кыздардан турган улуттук волейбол командасы жеңилбес оюнун улантууда
Түркиянын Арктика экспедициясы уюлдук аймактарды салыштыруу үчүн окумуштууларды чогултту
Аббас Түркияга келет
"Мекке биргелешкен коргонуу келишими менен Түрк дүйнөсүнүн түштүк коридору кепилдик астында"
Министр Фидан Ливияга расмий сапар менен барат
Президент Эрдоган Австриянын премьер-министри Штокер менен биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү