ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Британиянын коргоо министринин учагы Орусиянын чек арасына жакын жерде сигналдын бузулушуна кабылды
GPS үзгүлтүккө учурагандыктан экипаж кайтуу учуусунда альтернативдүү навигация системаларына кайрылууга аргасыз болду.
Британиянын коргоо министринин учагы Орусиянын чек арасына жакын жерде сигналдын бузулушуна кабылды
Өкмөттүк учактагы спутниктик сигналдар үзгүлтүккө учурады.  / Reuters

The Times гезитинин маалыматына караганда, Улуу Британиянын коргоо министри Жон Хилини ташыган Королдук аба күчтөрүнүн учагы Орусиянын чек арасына жакын жерде сигналдын бузулушуна кабылды. 

Жекшемби күнү жарыяланган кабарда, Хили Эстониянын түштүк-чыгышына сапарынан кийин бейшемби күнү Улуу Британияга кайтып келе жатканда өкмөттүк учактагы спутниктик сигналдар үзгүлтүккө учураганы айтылды. 

Сигналдын тоскоолдуктары үч сааттык учуу бою учактын GPS системасын иштен чыгарганы кабарланды. 

Бул үзгүлтүк ошондой эле борттогу ноутбуктарга жана смартфондорго да таасирин тийгизип, учкучтарды учактын жайгашкан жерин аныктоо үчүн альтернативдүү инерциялык навигациялык системаларга таянууга аргасыз кылды. 

Кабарда окуянын артында Орусия турат деп болжолдонгону айтылды. 

Учкучтардын бири бул окуяны "көптөн бери" башынан өткөрбөгөн адаттан тыш окуя катары сыпаттады.

Иликте
Улуттук аялдар волейбол командасынын Европа чемпиондугу Италиянын басма сөз беттеринде
Орусия: Германия Бонндогу Башкы консулдугубузду негизсиз шылтоо менен жапты
Президент Эрдоган Европа чемпиону болгон А Улуттук аялдар волейбол командасын куттуктады
Кыргызстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңишке жетти
Жер Ортолук деңизиндеги эң ири айлана-чөйрөнү коргоо өнөктүгү Фетхиеде башталды
Индонезиядагы жанар тоо атылып чыккандан кийин 1500дөн ашык каттам токтотулду
Стамбул аэропорту Европадагы алдыңкы ордун сактап калды
Орусия АКШ жана Кытай менен үч тараптуу саммит өткөрүүгө даяр
Революциялык гвардия: АКШ блокадасы Иранга караганда Вашингтонго көбүрөөк чыгым алып келиши мүмкүм
Израиль Сириянын түштүгүндөгү Кунейтра аймагын бомбалады
Анкаранын 8 айдагы экспорту өткөн жылга салыштырмалуу 20,7% өстү
Украина: Россияга багытталган операцияны кийинки аптада  кайра кайталайбыз
Иран:"Эч кимдин балдарыңыздарды Израиль үчүн жалданма аскер кылуусуна уруксат бербеңиздер"
Израиль гезити карызы бар америкалыктар үчүн Иранга кол салуу планын сунуштады
Россиядан АКШга билдирүү: Украина боюнча чечим согуш талаасындагы чындыкты чагылдырышы керек